Айсулуу аттанды, Симона Байлз мелдешке чыкпайт

Кум үстүндөгү волейбол боюнча мелдешке катышып жаткан Жапония курама командасынын оюнчусу Мегуми Мураками. Токио олимп оюндарында кум үстүндөгү волейбол боюнча мелдеште 24 команда 6 тайпага бөлүнүп ойноп жатат. Тайпада биринчи жана экинчи орунду ээлеген командалар кийинки баскычка өтөт. 

Польшалык спортчулар Лукаш Пжибайтек менен Павел Колодзински парус спорту боюнча мелдеш учурунда. 

Венгриялык суучул Катинка Хоссу.

Өзбекстандык дзюдочу Давлат Бабанов Токио Олимп оюндарынын коло байгесин утту. Өзбекстандын курама командасы бир алтын, бир коло байге утуп, медалдардын жалпы саны боюнча 28-орунда. 25-июлда өзбекстандык дагы бир спортчу Улугбек Рашитов Олимпиаданын алтын байгесин уткан эле. 

Жапониянын софтбол боюнча курама командасынын оюнчулары Йукико Уено (17) жана Ю Ямамото АКШ курама командасын жеңип алганына кубанууда. Бул беттеште Жапония 2:0 эсебинде жеңишке жетти. 

 

Спорттук гимнастика боюнча Олимпиаданын төрт жолку чемпиону америкалык Симона Байлз мелдеш учурунда.

Симона 29-июлда өтө турган мелдештен баш тартып, өзүнүн психикалык саламаттыгын чыңдоого басым жасарын жана мындан кийин мелдештерге катышпай турганын айткан. Байлз Рио-де-Жанейродогу жайкы оюндарда төрт алтын, бир коло медал утуп, спорт дүйнөсүн таң калтырган эле.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова Олимп оюндарына катышуу үчүн Токиого жөнөп кетти.
Тыныбекова спорттук карьерасындагы үчүнчү Олимп оюндарына өз салмагындагы фаворит катары бара жатат. Балбан кыз Биргелешкен Күрөш Дүйнөсү уюмунун (UWW) рейтингинде биринчи орунда турат. Күйөрмандар Айсулуу Олимпиаданын алтын байгесин утат деп ишеним артууда.

Пандемиядан улам бир жылга кечиктирилген Олимп оюндары катаал чектөөлөр менен өтүп жатат. Эки жума мурун Токиодо коронавирустун жаңы толкуну чыккандыктан уюштуруучулар көрүүчүлөрдүн катышуусуна толук тыюу салган. Учурда мелдештер көрүүчүлөрсүз өтүп жатат. 
29-июлга карата Олимп оюндарына аккредитациядан өткөн 193 адамдын коронавирус аныкталган. 

Португалиялык Родриго Торрес Фогосо аттуу күлүгү менен Олимп оюндарындагы ат спорту боюнча мелдештерге катышууда. 

Суу полосу боюнча Венгриянын кыз-келиндер курама командасы АКШнын курама командасын утуп алганын майрамдоодо. 

Орусиянын Олимпиада комитетинин атынан катышып жаткан мушкер Имам Хатаев  казакстандык мушкер Бекзад Нурдаулетов менен беттеште. 

Кыргызстандан бул Олимпиада оюндарына бир да мушкер жолдомо ута алган жок. 

Түркмөнстандык оор атлет Полина Гурьева Токиодогу Олимп оюндарынын күмүш медалына ээ болду. Бул көз карандысыз Түркмөнстандын тарыхындагы алгачкы олимпиадалык медал болуп калды.

Полина Гурьева оор атлеттер арасындагы 59 килограммдык салмактагылардын мелдешинде 217 кг салмактагы штанганы көтөрдү.

Швейцариялык Жоланда Нефф тоо велосипеди боюнча аялдар арасындагы жарышта  экинчи орунду ээлеген Сина Фрей, үчүнчү орунду алган Линда Индергандды кучактап кубанууда.  

Румыниялык спортчулар Анкута Боднар менен Симона-Геанина Радистин Олимпиаданын алтын медалын тагынып жаткан учуру. Алар кайык менен сууда сүзүү боюнча жарышта чемпион болушту.