Токио-2020: Айсулуу менен Каваи финалда күрөшөт

Айсулуу Тыныбекова финалга чейин үч беттеш өткөрдү.

Кезектеги жеңиш.

Айсулуу Тыныбекова Олимпиада оюндарынын жарым финалында украиналык балбан Ирина Коляденкону 10:0 эсебинде утуп алды.

Тыныбекова учурда 28 жашта. 

Кыргызстандык балбан алгач латвиялык Анастасия Григорьеваны 8:0 эсебинде, чейрек финалда румыниялык Криста Тунде Инжени далысын жерге басып, таза утту.

Айсулуу Тыныбекова спорттук карьерасындагы үчүнчү Олимп оюндарына дүйнөнүн чемпиону, өз салмагындагы фаворит катары барды. Балбан кыз Биргелешкен Күрөш Дүйнөсү уюмунун (UWW) рейтингинде кыз-келиндер күрөшү боюнча 62 килограмм салмакта биринчи орунда турат.

Юкако Каваи учурда 24 жашта.

Юкако Каваи болсо жарым финалдык беттеште болгариялык Тайбе Мустафа Юсеинди 3:2 эсеби менен жеңди.

Каваи алгач орусиялык Любовь Овчарованы туше менен жеңсе, чейрек финалда Юхассон Ханна Катаринаны 10:2 эсеби менен утту. 

Айсулуу менен Юкако ушуну менен төртүнчү жолу беттешкени турат.

Балбан кыздар буга чейин үч жолу беттешкен. Эки ирет Айсулуу жеңсе, бир жолкусунда Юкако уткан. 

Каваи менен Тыныбекова 2019-жылы 19-сентябрда Казакстандын Нур-Султан шаарында Күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын 1/8 финалында кез келген.

Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова бүгүн, 4-августа Токио Олимп оюндарынын алтын байгеси үчүн күрөшкөнү турат.