"Ак шумкарлардын" чоң жеңиши

Кыргызстан менен Мьянма курама командалары 2019-жылдын 10-октябрында Бишкектеги беттешинде кыргыз футболчулары 7:0 эсебинде жеңишке жеткен. Бул Кыргызстан курама командасынын өз тарыхындагы атаандашын эң ири эсеп менен уткан жеңиши болгон. 

Эки кураманын беттеши Жапониянын Осака шаарында өттү. Оюндагы алгачкы голду футболчу Турсунали Рустамов киргизди. 

Оюндун 24-мүнөтүндө Мьянма оюнчусу Йан Наинг (Yan Naing) орой ойногону үчүн кызыл айып кагазын алып беттештен чыгарылып, Мьянма курамасы 10 оюнчу менен беттешти улантты. 

Беттеште чабуулчу  Мирлан Мурзаев хеттрик жасады. Ал бул оюнда дагы капитандык милдетти аткарды.

Ак шумкарлар оюн алдында. 

Чабуулчу, капитан Мирлан Мурзаев хеттрик жасады. Ал оюндун 45, 60 жана 77-мүнөттөрүндө гол киргизди. Ал эми калган беш голдун авторлору Турсунали Рустамов, Гулжигит Алыкулов, Фархат Мусабеков, Алимардон Шүкүров жана Абай Боколеев. Мьянма курама командасынын жалгыз голунун автору Бобо Хлаинг.

F тайпасында 2-раунддагы турнирдик таблицада жети оюндан кийин 21 упай топтогон Жапония көч башында. Жети оюнда 10 упай топтогон Кыргызстан 2-катарга көтөрүлдү. Эсебинде он упай менен Тажикстан 3-тепкичке жайгашты. Бул мамлекет да жети оюн өткөргөн. Сегиз оюндан кийин алты упай жыйнаган Монголия 4-катардан орун алса, жети оюнда эки жолу жеңишке жеткен Мьянма 5-орунда калды.

Эми ак шумкарлар 15-июнда Жапония курама командасы менен беттешет. 

Жапониянын Осака шаарында болгон Мьянма менен Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттешинде кыргызстандык футболчулар 1:8 эсебинде жеңишке жетти. Бул ак шумкарлардын тарыхындагы атаандашын эң ири эсеп менен уткан жеңиши болуп калды. Сүрөттөр Кыргызстандын футбол бирлиги уюмуна таандык.