Жамгырдагы кырсыктан эки өмүр кыйылды

Чаткалдагы Жамгыр кенинде кар көчкү жүрүп эки адам каза тапты.

Көчкү басып калган эки кишинин сөөгү кар астынан табылып, укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилгенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы кабарлады.

Расмий маалыматка караганда, 21-январда Чаткал районунун Жамгыр жана Мырзаш участкасында эки жаранды ири көлөмдөгү кар көчкү басып калган. Алар Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка автоунаа жолунда кар көчкү түшүү коркунучу жаралган жерлерге байкоо жүргүзүп жаткан. ӨКМ тараткан маалыматка караганда, алар "Вертекс Голд" ишканасынын 30 жана 31 жаштагы кызматкерлери экени такталды.


Кырсык болгон жерде дароо куткаруу иши жүрүп, министрликтин беш куткаруучусу, "Вертекс Голд" компаниясынын үч бирдик унаа жүктөгүчү, эки экскаватор жана аталган ишкананын 120 кызматкери издөө жүргүзгөн.

Натыйжада, саат 17:30да Токтогул районунун тургуну А.Жнын, 1,5 саат убакыттан кийин Бишкек шаарынын тургуну Ж.А. аттуу жарандын сөөгү кар астынан табылган.

Учурда, каза болгон жарандардын сөөгү укук коргоо органына өткөрүлүп берилип, иликтөө иши уланууда.

Дагы караңыз Чаткал: алтын казган компаниядан улам дагы нааразылык чыкты

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Жамгыр кенин 2011-жылдан бери «Вертекс Голд Компани» ишканасы иштетип келет. Кенде 1,5 тонна алтын жана 685 килограмм күмүштүн кору бар экени аныкталган.

2019-жылы «Вертекс Голд Компани» ишканасы кенге жакын 300 миң тонна кен иштетүүгө кубаты жете турган алтын чыгаруучу фабриканы, вахталык айыл, административдик-тиричилик комплексин жана башка объектилерди курууну пландап жатканы кабарланган.

Былтыр жергиликтүү тургундар ишкананын уу калдыктар сакталган жайы агын суунун жанына курулганына каршы болуп, аны жабууну талап кылышкан.

Чаткал районунун тургуну, эркин журналист Абдыжапар Нурдинов Жамгыр алтын кени боюнча маселени бир топ убакыттан бери көтөрүп келет.

“Бул кен боюнча Жогорку Кеңешке чейин арызданып, убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн. Комиссия токтому менен өкмөткө тапшырма берилген. Бирок өкмөт эч нерсе аткарбай жатат. Бул компания фабрикасын жана уу калдык сактоочу жайын Суу кодексин бузуу менен тоонун башына, бир сайдын суусунун нугун буруп салып, сайдын ичине куруп жатат. Ал жерде жер көчкү жүрбөсө дагы кар көчкү жүрүү коркунучу бар. Кар көчкү жүрүп кетсе, сайдын ичине салган дамбаны бузуп, ал Чаткалдын суусуна куюлуп, экологиялык кырсык катталат деп эскертип келебиз. Коопсуз жерге көчүргүлө десек, тырышып болбой жатат. Анткени башка жерге ташыган чыгым да”.

Абдыжапар Нурдиновдун маалыматына ылайык адам өлүмүнө алып келген алтын кендеги кар көчкүдөн кийин 24-январда Чаткал районунун акимчилигинин жанында нааразылык акциясы өтөрү айтылууда.

Нурдинов Жамгыр алтын кени казууга уруксат берилгенден кийин коопсуздук эрежелери сакталбагандыктан каза болгон жумушчулар көп болуп жатканын айтты.

“Ал жерде жыл сайын өлүм катталат. Жумушчулар кырсыкка учурап майып болушат, өлгөнү андан көп. Кумтөрдүн масштабы өтө чоң, бирок бул жерде каза болгондордун саны Кумтөрдөн да ашып кетти”.

Дагы караңыз Мамлекет кендердеги үлүштү тескейт

“Вертекс Голд Компани” ишканасынын өкүлү Муратбек Ниязалиев кырсык жолго көчкү түшүү коркунучуна байкоо жасап жаткан учурда болгонун, алтын кендин уу калдык сактоочу жайы көчкү түшкөн жерден бөлөк аймакта экенин билдирди.

“Көчкү Кара-Буура ашуусунан бери 500 метрден кийин көпүрө турган жерде болду. Ал жерде көчкүгө байкоо салгандар мониторинг жүргүзүп жаткан. Дамба башка жакта, көчкү башка жакта жүрдү. Кар көчкү түшкөн жер курулуп жаткан фабриканын аймагына карабайт”.

2020-жылдын башында Жамгыр алтын кенин иштеткен “Вертекс Голд Компани” ишканасына байланыштуу дооматтарды иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн. Ал ишин жыйынтыктап, тоо-кен өнөр жайы тармагындагы мыйзамдардын сакталышы жетишсиз деп табылып, корутунду өкмөткө жөнөтүлгөн.

Жамгыр алтын кенинин айланасындагы нааразычылык боюнча 2020-жылдын 21-сентябрында президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү, Чаткал районунун акими баштаган жергиликтүү бийлик башчылары жана компания кызматкерлери менен жашоочулардын жолугушуусу өткөн. Ал жыйында талаш-тартыштардан кийин уу калдыктарын сактоочу жайдын курулушун токтотуу боюнча чечим кабыл алынган эмес.

Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин мурдагы төрагасы, экс-депутат Кожобек Рыспаев “Вертекс Голд Компани” ишканасы иштеткен Жамгыр алтын кенинин айланасындагы жагдай тууралуу мындай деди.

Кожобек Рыспаев.

"Бул алтын фабрикасына караштуу эмес жолдогу кырсык болуп жатпайбы. Кар түшүрүп жатканбы, эмне кылып жатышкан, коопсуздук эрежелери сакталганбы мунун баарын Экологиялык техникалык инспекция изилдеши керек. Кен байлык иштеткен жерде маселе болот. Аны мамлекеттик органдар көзөмөлгө алып туруш керек. Биз комитетти жетектеп турганда протоколдук тапшырма менен депутаттык комиссия түзүлгөн. Ал жердеги тиешелүү органдар "эч кандай кынтык жок" деп корутундуларын берген. Анда дагы Жамгырда адам өлүмү катталган”.

"Азаттык" буга чейин Чаткал районунда алтын казган "Эти Бакыр Терексай" жана "Вертекс Голд Компаниге" байланыштуу чыр-чатак, сын-доомат жана нааразылыктын чоо-жайын иликтеп атайын берүү тарткан.

Ал иликтөөдө "Вертекс Голд Компанинин” өкүлү Алмазбек Андашев уу калдык сактоочу дамба кар көчкүдөн максималдуу түрдө корголгонун айткан.

“Коргоочу түзүлүш алты метр кар жаап, кокус көчкү жүрүп кетсе туруштук бергенге ылайык салынып жатат. Бул жерде алты метр кар жаабайт. Шамал үйлөп күрткү болгон жерде 1,5 – 2 метр кар болот. 1966-жылы эң көп кар жааган экен. Ошондон бери баарын карап чыкканбыз. Үч жылдан бери байкоо жүргүзүп жатабыз”.

Кумтөр: кылмыш ишин козготкон кырсык

Кыргызстанда буга чейин да кен чыккан жерде көчкү жүрүп, адам өмүрү кыйылган учурлар катталган.

2019-жылы 1-декабрда Кумтөр кениндеги Лысый өрөөнүндөгү жер катмары көчүп түшкөн. Көчкөн жер катмарынын узуну 450 метр, туурасы - 570 метр жана бийиктиги - 50 метр, ал эми жалпы көлөмү - 12 млн. 825 миң метр кубду түзгөн.

Кырсыкта эки жумушчу тоо-кен бөлүмүнүн мастери Өмүрбек Ишенбеков жана бульдозердин айдоочусу Жолдош Жунушев көчкү алдында калган. 9-январда жоголгон жумушчулардын туугандары ишкана өкүлдөрү менен кеңешип, издөөнү токтотуу боюнча чечим кабыл алынган.

2021-жылдын 15-февралында «Кумтөр Голд» ишканасында экскаватор айдап иштеген 25 жаштагы Жеңиш Ибраимакунов иш учурунда экскаватору менен кошо Петров көлүнө кулап чөгүп кеткен.

Дагы караңыз "Центерра” Кумтөрдөн чыгып кетүү шарттарын жарыялады

Бул фактылар Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 258-беренеси («Тоо-кен, курулуш, жарылуу кооптуулугу бар же башка жумуштардын коопсуздук эрежелерин бузуу») менен катталган.

2021-жылдын 3-майында Ысык-Көл облусунун прокуратурасы сотко чейинки өндүрүштү Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматына мындан аркы кошумча тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн жиберген.

Ысык-Көл облустук милициясынын Тергөө кызматы «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын каржы боюнча директору Саймон Танды, компаниянын президенти Деон Баденхорстты, «Кумтөр Голд Компанинин» ташып келүүлөр тутумун башкаруу боюнча директору Арипин Буманды 12-майга суракка чакырган. Алар Кыргызстандан чыгып кеткендиктен суракка барган эмес.