Жалал-Абад: көчө кезип курсак тойгузган Ильяз

Бул Ильяз Кадыров. Ал күнүгө Жалал-Абад шаарындагы көчөлөрдүн биринде ары-бери өткөн автоунаалардын айдоочуларынан акча сурап, кардын тойгузат. Кайырчылык ага бала күндөн келаткан жан бакчу кесипке айланган.

Ал айрым күндөрү көз байланганга чейин тилемчилик кылат.

"Менин жашоом ушул темир жолго байланды. 10 жашымдан бери көчөдө жүрөм. Ушул жерден тапкан акчама курсагымды тойгузуп, көп акча түшүп калса апама жөнөтүп турам. Айылга барсам да көп тура албай, кайра кайтып келе берем".

Ильяз Кадыров алты бир туугандын ортончусу. Ата-энеси ажырашкандан кийин балдар үйлөрүндө тарбияланган. Кийин ал жерден качып кетип, көчөдө кайырчылык менен жан бакканга өткөн.

Ильяздын айтымында, ымыркайында менингит оорусуна чалдыгып, бир кол, бир буту жакшы иштебей калган.

Ар күнү таң атпай жолго чыгып, акча топтогон оңой эмес. Айдоочулардан жеме уккан күндөрү көп болот.

Ильяз тапкан 100 сом акчасына нан, суу алды да, бизди өзү жашаган эшик-терезеси жок үйгө ээрчитип барды. Бөлмөсүндө жука төшөк менен терезеде жуулбаган эки идиштен башка эч нерсе жок.

Илияз кароосуз калган үйдө бир нече айдан бери жалгыз жашап келет. 

Жалал-Абад шаарындагы бош турган имараттардын бири.

Ильяз өзү теңдүүлөр сыяктуу эле кара жумушка иштеп, акча таап, үйлөнүп, балалуу болууну кыялданат. Буга чейин курулушта, жалданма жумуштарда жана койчу да болуп көргөн. Бирок акысын алалбай, токмок жеген күндөрү көп болгон.

Ильяз жаткан бөлмө. Бир жуурканга жамынып таң аттырат. Кышкысын суук болгондуктан башка жылуу жай издеп жүрөт.

Ильяз экөөбүз маек куруп отуруп кеч да кирди. Суук бөлмөдө жалгыз төшөктө кыштан чыгуу кыйын экени айтпаса да белгилүү. Тамтыгы чыккан тамдын жалгыз сырдашына айланган каарманыбыз, бизди узатып, кайрадан акча издеп көчөгө чыкты.