Жалал-Абадда өзгөчө кырдаал жарыяланды
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Жалал-Абад шаарында өзгөчө кырдаал жарыяланды. Көк-Арт дарыясынын жээгинде жайгашкан Живпром участкасындагы 500дөн ашуун үйдү суу каптоо коркунучу пайда болгон. Жергиликтүү тургундарды коопсуз жакка көчүрүү аракети болгон, бирок айрым жашоочулар бул аймактан кетпей жашап жатышат.