Орган алмаштыргандан кийин үзүлгөн жашоо

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бир үйдүн жалгыз уулу Жакып Касымакунов быйыл 7-февралда жыйырмага толгон. Ал туулган күнүнөн үч күн өтпөй, боор алмаштыруу операциясын күтүп жатып Индияда каза болду. Жакыптын ата-энеси Тоң районунун Коңур-Өлөң айылында турат. Алар мамлекет боор ооруларын азайтууга чара көрбөсө, далай адамдын өмүрү коркунучта экенин эскертишти.