Израил менен ХАМАСтын согушу. Газанын түндүгүнөн жай тургундар качууда

Газа тилкеси, 12-октябрь, 2023-жыл. ХАМАСты бутага алган израил армиясынын авиасоккусу тийген жер.

13-октябрда Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) Газадагы ХАМАСтын инфраструктурасын жок кылуу үчүн жердеги операциясын баштады. ЦАХАЛдын жетекчилиги азырынча массалык операция баштоо тууралуу айтуу эрте экенин, бутага алынган жерлерге гана сокку уруларын билдирди. Анын жүрүшүндө жөөт аскерлери аймакты согушкерлерден тазалап, ХАМАСтын колунда тутукунда жаткандарды издешет.

  • Израил Газа тилкесинин жашоочуларын ишемби күнү саат 10:00дон 16:00го чейин Далдул жана Аль-Сана шоссеси аркылуу чыгып кетүүгө чакырды. ЦАХАЛдын өкүлү Авихай Адраи бул убакытта өтүү коопсуз болорун эскертти. Чакырык Бейт-Ханун жана Хан-Юнис шаарларынын тургундарына тиешелүү. Израилдин операциясы башталса, алар биринчи бутага алынышы мүмкүн.
  • Жума күнү Израил армиясы Газа тилкесинин түндүгүндөгү тургундарга 24 саат ичинде түштүктү көздөй жер которууну эскерткен. Алар операция алдында Газа тилкесинде бир катар рейддерди жүргүзгөн. Рейд маалында ХАМАС туткунга алган израилдиктердин бир нече сөөгү табылган.
  • Израилдин 24 сааттын ичинде чыгып кетүү тууралуу эскертүүсүнөн кийин палестиндиктер Газа тилкесинин түштүгүн карай качууда.
  • БУУнун гуманитардык маселелерди координациялоо башкармалыгынын маалыматында эскертүүдөн кийин "он миңдеген адамдар" Газа тилкесинин түндүк тарабынан качып чыккан.
  • БУУнун жетекчиси Антониу Гутерриш массалык эвакуацияга чакыруу кооптуу экенин, Газанын түндүгүндө кеминде 1,1 млн адам бар экенин билдирген.
  • Учурда Бээжинде иш сапар менен жүргөн Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррел Израилдин Газанын түндүгүндөгү 1,1 млн адамды эвакуация кылуу талабын "аткаруу такыр мүмкүн эместигин" белгиледи.
  • Өткөн ишембиде ХАМАС кол салганда Израилде 1300 адам каза болгон. Газа тилкесине жооп катары урулган соккуда акыркы маалыматтар боюнча 1900 адам өлгөнү кабарланды.
  • 7-октябрда ХАМАС Газа секторуна канатташ жөөт шаар-кыштактарына кирип келип, басып алган. Биринчи эле күнү согушкерлер ЦАХАЛдын ондогон техникасын тартып алып же жок кылууга жетишкен.
  • Палестинанын Жер ортолук деңиздин жээгиндеги анклавын - Газа тилкесин ХАМАС радикал кыймылы 2007-жылы өз көзөмөлүнө алган. Ал жакта 2,3 миллион киши жашайт.

"Азаттык" радиосу Израил-ХАМАС согушунун биринчи аптасындагы эмоционалдуу кадрларды сунуш кылат.

ХАМАСтын согушкерлери израил армиясынан тартып алган танктын жанында, 7-октябрь, 2023-жыл.

Израилдин жообу да көпкө күттүргөн жок. Тель-Авив өлкөнү согуш абалында деп жарыялады. Аскерге он миңдеген камдуулар (запастагылар) чакырылды. Чопкутталган техника түштүккө, Газага тартылып, тилкеге карай абадан сокку урулууда.

ХАМАСтын бул жолку чабуулу 1973-жылдагы 50 жылдыгында (бир күндүк айырма менен) башталгандыктан, Йом-Кипурдагы (жөөттөрдүн ыйык деп санаган сыйынуу күнүндөгү) Кыямат согушка салыштырылды.

Газа тилкесине жасалган жөөт армиясынын соккусу, 7-октябрь, 2023-жыл.

ЦАХАЛ аймакты ХАМАСтын согушкерлеринен тазалаганы менен жөөт кыштактарынан кыргындын нес кылган сүрөттөрү тарай баштады. Согуштун биринчи күндөрү эле миңден ашуун, басымдуусу бейкүнөө тургундар набыт болгон. Газа тилкесине канаатташ жайгашкан жөөт конуштарында адатта жай тургундар жашайт. Алардын айрымдары турак жайдан арзандыгынан жашап калса, башкалары палестиндерге каршы туруу үчүн идеологиялык көз караштан улам байырлашат.

Кфар-Аза конушундагы сөөктөр, 20-октябрь, 2023-жыл.

Ал эми ХАМАС кол салган азыркы калабанын биринчи күнү карапайым тургундар көп каза тапты. Эң кандуу жер Газага жакын жерде, Реим конушундагы музыкалык фестивалга кол салуу учурунда болду. Анда куралчан адамдар 250дөн ашуун улан-кызды атып салган.

"Террорчулар бизди артыбыздан эле ата баштады. Кишилер жерге кулап жатты: ок кежигеге, колу-бутка, далыга кадалды. Айлана-тегеректе сөөктөр жайнап калды. Эч нерсеге карабай бет келген тарапка качып жөнөдүк", – деп аман калгандардын бири "Азаттыктын" орус кызматына сүйлөп берген.

Реим конушуна фестивалга барып, набыт болгон кишилердин машинелери.

Калк жыш жашаган Газа тилкесине тынымсыз жана ылгабай сокку урганы үчүн Израилдин жетекчилигин сындашкан. Андан соң ЦАХАЛ согушкерлердин колунда 100дөн ашуун туткун турганына карабай Газага сокку урууну улантарын билдирген.

Газанын түштүгүндөгү Хан-Юнистин тургандары маркумдардын сөөктөрүн көтөрүп баратышат. 10-октябрь, 2023-жыл.

"Ал үч айдан бери эле "Силер ал жерде эмне болуп атканын билбейсиңер. Сыягы согуш болот. Силер бул жерде биз эмнени көрүп атканыбызды билбейсиңер, бирок даяр болгула". Ал бул сөздү көп кайталачу. Биз армиябыз күчтүү деп ойлогонбуз, өкмөтүбүз күчтүү, баарын билет, баарын угуп атат жана иштеп жатат деп ойлочубуз. Биздин көңүлүбүз кайт болду", - деген ЦАХАЛда кызмат өтөгөн аскердин эжеси "Свобода" радиосуна. Анын сиңдиси ХАМАС кол салганда Нахаль Оз аскердик базасында болгон. Аны туткунга түшүрүп, Газа тилкесине алып кетишкен.

Реимдеги кол салууда өмүрү кыйылган кызды акыркы сапарга узатуу, 10 -октябрь, 2023-жыл.

Санаалуу саатта эле израил өкмөтү 100 миңден ашуун камдууларды (запастагылар) армияга чакырды. Алардын саны 300 миңге жетери кабарланган. Жаңы келгендердин көбү армияга даярдыксыз эле алынып жатканы үчүн израил бийлигин сындагандар да арбын.

ЦАХАЛга жаңы кошулгандар Тел-Авивдеги аскердик базага баратат, 7- октябрь, 2023-жыл.

Европада жана дүйнөнүн көп бөлүгүндө Израилге тилектештик билдирген иш-чаралар өттү.

Париждеги Эйфел мунарасы, 9-октябрь, 2023-жыл.

Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө, Британияда, АКШда Палестинаны колдогон миңдеген киши катышкан акциялар өттү. Айрым өлкөлөрдүн бийлиги, маселен, Францияда жана Венгрияда мындай иш-чараларга тыюу салынды. Алар эл көп чогулган жерлерде башаламандык болуп кетет деп чочулашат.

Германия "ХАМАСТы колдоо ишмердигине" тыюу салууга камынууда. 7-8-октябрда мусулман жана араб өлкөлөрүнөн чыккандар согушкерлерди кубаттап, майрам уюштурган.

Акция в поддержку Палестины в Париже, 12 октября 2023 года

11-октябрда ХАМАСтын согушкерлеринен колунан набыт болгондор 1200 киши болсо, Газа секторуна урулган соккудан өлгөндөр 900дөн ашкан. 12-октябрда Газанын Саламаттык сактоо министрлиги 1600 киши (акыркы маалыматта 1900 кишиге жетти-ред.), Израил курмандыктардын саны 1300 экенин билдирген.

Израильские солдаты в атакованном ХАМАС кибуце Кфар-Аза, 10 октября 2023 года

Ливандын түштүгүндө орун алган Иран каржылаган "Хезболла" радикал тобу Газада ХАМАСка каршы операция башталса, Израилге согуштук аракеттер болорун айтып коркуткан. Азырынча радикал топ маал-маалы менен Израилдин аймагын аткылоо менен алек.

Ишембинин таңында Израилдин коргоо армиясы "Хезболла" тобунун Ливандын түштүгүндөгү уюгуна сокку урганын билдирди.

Ливан менен чек арадагы Израилдин танктары, 11-октябрь, 2023-жыл.

Human Rights Watch укук коргоо уюму жөөт аскерлери 10-11-октябрда Газа тилкесин жана Ливанды бомбалоодо ак фосфор колдонгонунун далилдери табылганын билдирди. Израил армиясы аны четке какты. Укук коргоочулар Тель-Авивдин Газаны суу жана электр жарыгынан ажыратканы гуманитардык апаатка жеткириши мүмкүн деп эскертүүдө.

Хан-Юнисте жашаган өспүрүм урандыларды аралап, нан алып келатат. 10-октябрь, 2023-жыл.

2014-жылкы алты апталык жаңжалда ЦАХАЛ жерде операция өткөрүп, Газанын түндүгү менен гана чектелген. Радикал топтун жоочулары Батыш жээктеги жөөт конушунда израилдик үч өспүрүмдү уурдап кетип өлтүргөндө жөөт армиясы курал колдонгон. ХАМАС ракета атканда Газада 2200 палестиналык ажал таап, израилдик 67 аскер жана алты карапайым киши набыт болгон. 500дөй киши жараат алган.

2023-жылкы кандуу окуя ХАМАС Израилге кол салуу үчүн жашыруун тоннелдерди колдонгонун көрсөттү. Газанын ичинде казылган жер алдындагы тоннелдерде ондогон аскердик жайлар, курал-жарак чыгарчу заводдорго чейин бар. Алардын баарын абадан жок кылуу мүмкүн эмес. Дал ошол жер алдындагы жайларда ХАМАС Израилдин аймагында туткундалгандарды кармап отурушу ыктымал.

Газанын Жабалия шаарындагы качкындар лагери аба соккусунан кийин, 11-октябрь, 2023-жыл.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен бейшембиде Тель-Авивге барды. Америкалык башкы дипломат Израил менен ХАМАС тобунун ортосундагы куралдуу жаңжалдын андан ары курчушунун алдын алуу, радикал согушкерлер кармап турган туткундардын бошотулушун камсыздоо аракеттерин көрмөкчү. Маалыматтарга караганда, кол салууда кеминде 25 америкалык жаран жабыркаган. Набыт болгондордун арасында 36 өлкөнүн, анын ичинде Орусиянын жарандары бар.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жана башка бир катар мусулман өлкөлөрүнүн лидерлери Израилдин Газадагы аракеттерин айыптаган.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Тел-Авивге барды, 12- октябрь, 2023-жыл.

Эксперттер ХАМАСтын соңку чабуулу Иран жанан Орусия менен координацияланган болушу мүмкүн деп боолголошот. Анткени ушул тапта Москвага эл аралык коомчулуктун көңүлүн Украинадан башка жакка буруп, америкалык аскердик ресурстун арбыны Израилге жөнөтүлүшүнө кызыкдар.

Тегеран, Москва да мындай айыптоону чечтке какты. Жөөт конуштарында табылган ХАМАСтын согушкерлеринин документтери радикал топ кандуу кол салууга бир нече жыл даярданганын көрсөтөт.

Дүйнө ушул тапта ХАМАСтын согушкерлери кармап кеткен туткундардын тагдырына кабатыр. Алардын арасында башка өлкөлөрдүн жарандары бар. Аларды аман-эсен бошотуу үчүн сүйлөшүүлөргө Египет ортомчу болууда.

Ишембинин таңында Израилдин армиясы ХАМАС кол салган бир жумадан бери Газа тилкесинде 120 жай тургун барымтада кармалып турганын билдирди.

Тастыкталбаган маалыматка караганда, сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы менен азырынча майнап чыга элек. ХАМАСтын саясий кеңешинин мүчөсү Муса Абу Марзук туткунда жаткан аскер кызматкерлерин бошотууга али эрте деп эсептерин Би-би-си жазды.

Израилдин өзүндө радикал согушкерлердин кандуу чабуулун алдын ала токтотпогону үчүн жоопкерчиликти ким алат деген маселе курчуду. Өлкө согуш абалында деп жарыяланганына карабай Биньямин Нетаньяхунун өкмөтү кетсин деген чакырык көп айтыла баштады.