Газа: Хан Юнис менен Бейт-Ханунда элүүдөй өмүр кыйылды

Израил армиясынын аба соккусунан набыт болгондорду акыркы сапарга узатуу зыйнатында ыйлап бараткан аялдар. Газа тилкеси. 12-декабрь, 2024-жыл.

Газа тилкесинин бир нече шаарына, анын ичинен качкындар баш калкалаган жайларга жасалган Израил армиясынын аба соккуларынан 50дөн көп адамдын өмүрү кыйылды. Бул тууралуу жергиликтүү медиктер билдирди. ЦАХАЛ 15-декабрдагы соккуларды ХАМАС радикал уюмуна каршы операция катары түшүндүрдү.

ХАМАСты АКШ менен Евробиримдик террордук деп тааныган. Ушул эле күнү Израил коңшу Сириядагы оккупацияланган Голан дөңсөөлөрүндөгү жөөт конуштарынын санын эки эсе көбөйтүүнү чечти.

Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан-Юнис шаарындагы качкындар баш калкалаган жайга урулган Израил армиясынын аба соккусу кеминде 20дай адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу жергиликтүү медицина кызматкерлери билдирди. Каза болгондор арасында аялдар жана балдар бар.

Ушул эле күнү анклавдын түндүгүндөгү Бейт-Ханун шаарындагы мектепке жасалган ЦАХАЛдын аба соккусу бери дегенде 15 адамдын өмүрүн кыйды. Бул тууралуу Камал Адван ооруканасынын өкүлдөрү кабарлашты. Жараат алгандар жана набыт болгондор дал ушул ооруканага жеткирилген.

"Уктап жатканбыз. Түнкү саат он экиде катуу соккудан ойгондум. Үстүмдөн уранды басып калыптыр. Жанымда аялым, кызым жок. Алардын дене мүчөлөрү эле калыптыр. Келинчегим үч айлык кош бойлуу эле", - дейт Газанын тургуну Яхья аль Язжи.

Хан-Юнистеги мектеп имаратына жасалган соккунун натыйжасында талкаланган урандылардын астынан палестиндер жакындарын издеп жүрүшөт. 16-декабрь, 2024-жыл. Газа тилкеси.

Жалпысынан бул күнү Газанын ар кайсы жерине жасалган Израил күчтөрүнүн аба чабуулдары кеминде 53 кишинин өмүрүн кыйганын жергиликтүү медиктер маалымдады. Набыт болгондор арасында "Аль-Жазира" телеканалынын видеокабарчысы да бар. Израил бул соккулар ХАМАС жана "Ислам Жихады" радикал уюмдарынын жоочуларына каршы багытталганын билдирип, набыт болгон журналистти да алардын бири катары мүнөздөдү. Бирок эч кандай далил келтирген жок.

ЦАХАЛ ошондой эле абадан жана жерден коюлган чабуулдардан ондогон согушкерлер жок кылынганын жана туткунга алынганын, "Абу Шабака" клиникасынын комплексинде жайгашкан "хамасчылардын" курал кампасы бутага алынганын билдирди. Рейтер агенттиги бул маалыматты камтыган видеону көз карандысыз булактардан текшерүү мүмкүн эместигин кошумчалады.

Дагы караңыз Газадагы каардуу согушка бир жыл: Үрөй учурган сандар

Газадагы согуш 2022-жылы дал ушул "хамасчылардын" Израилге кол салуусунан башталган. Анда 1200дөй адамды өлтүрүп, 250дөй адамды барымтага алганы кабарланган. Андан бери анклавда тутанган согушта 43 миңдей адамдын өмүрү кыйылганын Газанын Саламаттык сактоо башкармалыгы билдирип келет.

Израил Голан дөңсөөлөрүндөгү жөөттөрдүн санын эки эсе көбөйтөт

Ал тапта Израил өкмөтү Сириядагы оккупацияланган Голан дөңсөөлөрүндө отурукташкан израилдиктердин санын эки эсе көбөйтүүнү чечти. Израил өкмөтү бул чечим “Сириядагы жаңы фронттон жаралган коркунучтан улам” кабыл алынганын билдирди.

"Эсиңерге сала кетсем, ондогон жылдар бою Сирия Израилдин активдүү душманы болуп келди. Ал утур-утур бизге кол салып, өз аймагынан башкалардын да бизге чабуул коюшуна шарт түзүп келди. Мунун баары кайра кайталанбайт деген кепилдик үчүн биз соңку күндөрдө бир катар чечкиндүү чараларга бардык. Коргоо министри Кац менен Израилдин коргонуу армиясына Сирия тараптан жаралган коркунучтарды алдын алып, биздин чек арага жакын аймактарды террордук топтордун басып алуусуна жол бербөөнү тапшырдым", - деген Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху ошол эле учурда Израил Сирия менен жаңжалдашууга кызыкдар эмес экенин баса белгиледи.

Башар Асаддын бийлиги кулатылгандан кийин Израил 50 жылдан бери алгачкы жолу аталган дөңсөөнүн айланасындагы буфердик зонага аскерлерин киргизген.

Голан дөңсөөлөрүндө 30дан ашуун израил конуштары бар. Ал жактарда 20 миңдей адам отурукташкан. Эл аралык мыйзамдарга ылайык, бул конуштар мыйзамсыз деп саналат, анткен менен Израил буга кошулбайт. Израилдиктерден тышкары бул аймакта 20 миңдей сириялык бар.

Болжолдуу аянты 1800 чарчы чакырымды түзгөн Голан дөңсөөлөрү 1967-жылга чейин Сирияга таандык болчу. Элүү үч жыл мурдагы "Алты күндүк согуштан" кийин Израил бул аймакка көзөмөлүн орноткон.

1981-жылы Тель-Авивде Голан дөңсөөлөрүн Израилдин аймагы деп тааныган мыйзам колдоо тапкан. Бирок Бириккен Улуттар Уюму бул чечимди четке кагып, бир нече жолу Израилди Голан аймагын Сирияга кайтарып берүүгө чакырган.

1974-жылы ал жакта 400 чакырымдык буфердик аймак түзүлүп, Бириккен Улуттар Уюмунун күчтөрү көзөмөлдөп келген.