Мигранттарга каршы чыккан министрге иш козголду

Италия бийлиги 15-августтан бери Катания портунда токтоп турган «Диочотти» кемесиндеги африкалык качкындарды жерге жекшемби күнү түшүрдү.

Качкындар Жер ортолук деңизинен куткарылган. Ал эми алардын өлкөгө кирүүсүнө каршы болуп келген ички иштер министри Маттео Сальвиниге иш козголду. Италиянын быйыл жазда шайланган жаңы өкмөтү мигранттарга карата катаал саясат жүргүзүп жатат. Бирок бул үчүн алар Еврошаркеттеги бир катар өлкөлөрдүн сынына кабылууда.

Катания портунда токтоп турган "Дициотти" кемесиндеги качкындарды Католик чиркөөсү, ошондой эле Албания жана Ирландия кабыл алууга макул болгондон кийин гана Италия бийлиги аларды өлкөгө киргизди.

Африкадагы Ливия, Сомали, Эритрея мамлекеттеринин жарандарынан турган 150дөй качкынды киргизүүгө ички иштер министри Маттео Сальвини каршы болуп келди. Ал качкындар жүгү Италиянын гана мойнуна түшүп, өлкө жыл сайын 5 миллиард доллар коротууда деп билдирген.

Катания порту жайгашкан Сицилиянын прокуратурасы ага иш козгоп, “үчүнчү өлкөнүн жарандарынын ары-бери жүрүүсүн чектеген” жана “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деп айыптап жатат. Прокуратура “кеме портко келип токтогондон кийин кадимки эрежелер боюнча иш жүрүшү керек болчу, башкача айтканда мигранттардын жерге түшүүсүнө уруксат берилип, алардын баш калка сураган арыздары каралышы керек эле” деп билдирүүдө.

Маттео Сальвини ага иш козголгонун уккандан кийин өз аракетин мурдагыдай эле италиялыктардын кызыкчылыгын жана чек араны коргоо деп кайталады:

- Менимче, бизди токтоткусу келгендерге оор болот. Он мүнөт мурда менин үстүмөн тергөө башташканын айтышты. Алар мени камашканы менен, өзгөрүүнү каалаган 60 миллион элди токтото албайт. Келгиле, кармагыла мени. Мен даярмын…

Маттео Сальвини - коалициялык өкмөткө кирген оңчул популисттик “Лига” партиясынын лидери. Ал Москва менен жакын кызматташтыкты колдогон жана Владимир Путин урматтаган саясатчы катары белгилүү.

Коалициялык өкмөткө кирген “Беш жылдыз” партиясынын лидери, вице-премьер-министр Луижи Ди Майо да өткөн жумада Брюссел качкындарды тең бөлүштүрүү боюнча чечим кабыл албаса, Италия Евросоюзга жыл сайын төгүп келе жаткан төлөмдү берүүдөн баш тартышы мүмкүн экенин эскерткен.

Европа Биримдиги "опузалоого жол берилбейт” деп жооп кайтарган. Италиянын өкмөт башчысы Жузеппе Конте Еврошаркетте тилектештик жок жана уюм миграциялык кризис, анын ичинде «Дичотти» кемесиндеги качкындар боюнча эки жүздүүлүк кылып жатат деп айыптады.

Быйыл марттагы шайлоодо “Лига” кыймылынын жана “Беш жылдыз” партиясынын утушуна алардын антимиграциялык ураандары жардам берген. Алар түзгөн коалициялык өкмөт Жер Ортолук деңизиндеги мигранттарды куткарган уюмдар менен кызматташууну токтотуп, качкындарды салган кемелер үчүн портторду жапкан.

Рим папасы Франциск 26-августта качкындарга болушту:

- Кайра артка жөнөтүлгөн мигранттар тууралуу жашыруун видеотасманы көрдүм. Алар эркектерди эмне кылып жатканын көрүп бетим кызарды. Аялдар жана балдар сатылып жатат, ал эми эркектерди оор кыйноого туш болууда.

Италия - Түндүк Африкадан деңиз аркылуу келген мигранттар бут койгон биринчи өлкө. 2014-жылдан бери Италиянын деңиз жээктери аркылуу 650 миңден ашык мигрант кирген. Ал эми быйыл 1-июлга чейин эле быйыл Евробиримдик өлкөлөрүнүн арасынан эң көп - 16 585 мигрант Италияга кирген, ал эми Греция, Мальта, Кипр, Испанияны кошкондо Европа Биримдигинин деңиз жээктерине жалпысынан 45 808 мигрант келип түшкөн. ​

Европа Биримдиги согуш жүрүп жаткан жана жакыр саналган Жакынкы Чыгыш менен Африкадан келген мыйзамсыз мигранттарды кабыл алуу жана бөлүштүрүүгө байланыштуу орток пикир таба албай келе жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.