Качкындар Италияны чарчатты

Италия кабыл алуудан баш тартып жаткан мигранттар. 22-август, 2018-жыл.

Эгер Брюссел качкындарды тең бөлүштүрүү боюнча чечим кабыл албаса, Италия Еврошаркетке жылдык төлөмдү берүүдөн баш тартышы мүмкүн. Бул тууралуу Италия өкмөтү эскертти.

Рим Жер ортолук деңизинде бир жума мурда куткарылган 177 мигранттын басымдуу бөлүгүн өлкөгө киргизбей жатат. Италиянын деңиз жээктерине 2014-жылдан бери 650 миңден ашык мигрант келип түшкөн.

Бир жумадан бери Катания портунда токтоп турган, ичинде 177 африкалык мигрант бар "Дициотти" кемесинен 22-августта жашы жете электерге гана жээкке чыгууга уруксат берилди.

Африкадагы Ливия, Сомали, Эритрея мамлекеттеринин жарандарынан турган качкындар Жер ортолук деңизинен куткарылган. Аларды Мальтанын бийлиги кабыл албай койгондон кийин кеме Италиянын Катания портуна келип токтогон. Бирок Италиянын бийлиги да аларды кабыл алуудан баш тартып, бир катар чакырыктардан кийин гана 27 өспүрүмдү кемеден түшүрүүгө уруксат берди.

Италиянын ички иштер министри Маттео Сальвини Евробиримдиктеги башка өлкөлөр качкындарды кабыл алууга макул болсо гана кемедеги калган кишилер өлкө аймагына киргизилерин билдирүүдө:

Маттео Сальвини.

- Эгер бир, эки, үч, төрт же беш кемени токтотсом мен кылмыш жоопкерчилигине тартылышым да мүмкүн. Мен билбейм… Менин атым Маттео Сальвини, ички иштер министримин. Мен биздин шаарларыбызда эртеден бери эч нерсе кылбаган, италиялыктарды жылына 5 млрд. долларга чыгым кылып жаткан “жалган качкындарды” көргөндөн тажадым.

Европанын бир канча өлкөсү Италиянын жана Грециянын качкындар лагерлеринде топтолуп калган 200 миңдей мигрантты кабыл алуудан баш тартып келе жатат. Италиянын вице-премьер-министри Луижи Ди Майо Брюссел качкындарды тең бөлүштүрүү боюнча чечим кабыл албаса, Италия Евросоюзга жыл сайын төгүп келе жаткан төлөмдү берүүдөн баш тартышы мүмкүн экенин эскертти:

Луижи Ди Майо.

- Эгер эртең Европа комиссиясынын жыйынында “Дициотти” кемесиндеги мигранттарды бөлүштүрүү боюнча эч кандай чечим болбосо, анда “Беш жылдыз” да, мен да жылына Европа Биримдигине 20 млрд. евро төлөөгө каршы болобуз.

Учурдагы өкмөт иммигранттардын агымын чектөө жана аларды артка кайтаруу сыяктуу катаал чараларды сунуш кылып келе жатат. Быйыл марттагы шайлоодо “Лига” кыймылынын жана “Беш жылдыз” партиясынын утушуна алардын антимиграциялык ураандары жардам берген.

Луижи Ди Майо - “Беш жылдыз” партиясынын, ал эми Маттео Сальвини - “Лига” кыймылынын лидери. Алар түзгөн коалициялык өкмөт Жер Ортолук деңизиндеги мигранттарды куткарган уюмдар менен кызматташууну токтотуп, качкындарды салган кемелер үчүн портторду жапкан.

Деңизден куткарылган качкындар.

Быйыл 11-июнда Рим 629 мигрант түшкөн кемени кабыл албай койгондо, аларды акыркы узак талаш-тартыштан кийин Испания менен Франция алып кеткен.

Гуманитардык топтор, анын ичинде БУУнун качкындар комиссиясы, Эл аралык миграция уюму, “Чек арасыз дарыгерлер” тобу Италия бийлигин кемедеги мигранттарды жээкке алып чыгууга чакырууда. Балдарды коргоо уюмунун өкүлү Жованни Бендетто өкмөттү адамдары коргогон жана алардын укуктарын урматтаган чечим кабыл алууга үндөдү:

- Бул кеменин ичиндеги адамдар, өспүрүмдөр, аялдар Ливияда бир-эки жылдап абакта болушкан. Алар чындыгында эле башынан көп нерсе өткөрүштү. Алар чыдамы кетип турушат. Аларды коопсуз портто – акыры жардам ала ала турган жерде кемеден түшүрбөй коюу такыр жол берилгис иш.

Италияга быйыл 1-июлга чейин эле быйыл Евробиримдик өлкөлөрүнүн арасынан эң көп 16 миң 585 мигрант, ал эми Греция, Мальта, Кипр, Испанияны кошкондо Европа Биримдигинин деңиз жээктерине жалпысынан 45 миң 808 мигрант келип түшкөн. ​

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.