Нетаньяху Трампка "жоопкерчиликтүү саясатты" сунуштайт

Вашингтондо жогорку деңгээлдеги АКШ-Израил сүйлөшүүлөрү өткөнү турат. Күн тартибиндеги башкы маселелердин бири жөөт-палестин чатагы, анын ичинде Израилдин конуш куруу саясаты болору күтүлүүдө. Талаштуу аймактарда палестиндердин нааразылыгын жараткан жөөт конуштарынын курулушу уланып жатканына АКШнын мурдагы администрациясы каршы болуп келген.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху АКШ президенти Дональд Трамп кызматына киришкенден соң аны менен көзмө-көз сүйлөшүүчү төртүнчү чет элдик лидер болгону турат.

Ага чейин Ак үйгө Британия, Жапония, Канада премьерлери: Тереза Мэй, Синзо Абэ жана Жастин Трюдо келип кетишти.

Нетаньяху өзү АКШга жөнөр алдында Вашингтондо президент Трамп менен күтүлгөн 15-февралдагы алгачкы көзмө-көз сүйлөшүүлөрүнүн Тель-Авив үчүн максат-маңызы тууралуу төмөнкүлөргө токтолду:

Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху.

- Бул Израилдин коопсуздугу жана барган сайын кубаттанып бара жаткан эл аралык туруму, жалпы эле биздин улуттук кызыкчылыктар үчүн абдан маанилүү жолугушуу. Мен үчүн башкы маселе Израилдин коопсуздугу үчүн кам көрүү. Биздин өзөгү Кошмо Штаттар менен бекем байланышкан башка улуттук кызыкчылыктарыбызды чыңдоо. Бул өз кезегинде жоопкерчиликтүү жана тең салмакталган саясатты талап кылат жана мен ушул багытта аракеттенем. АКШ-Израил алакасына такай көңүл буруп келгем жана ушул нерсени улантам.

Премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун мурдагы америкалык президент Барак Обама менен мамилеси бир кылка болгон эмес.

Андыктан ал жаңы президент менен карым-катыш оңолоруна үмүт жана ишеним билдирип жүргөн.

Анын үстүнө өткөн жылдын соңунда БУУнун Коопсуздук кеңешинин Израилдин конуш куруу аракеттерин айыптаган жана мындайды токтотууну талап кылган резолюциясына АКШ вето салбай койгондуктан, ал өтүп кеткен эле.

Иерусалимдин жанындагы жөөт конушу. 2013-жылы тартылган сүрөт.

Муну менен АКШнын мурунку администрациясы өлкөнүн Жакынкы Чыгыштагы эң башкы өнөктөшүн зекигендей адаттан тыш кадам жасаган.

Обама администрациясынын мындай кадамын Израил өкмөтү жана АКШнын өзүндө Конгресстеги республикачылар ачуулануу, ал эми Палестин автономиясы кубаттоо менен кабыл алган эле.

Анда президент кызматына расмий бара элек Трамп Твиттердеги барагында БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясы тынчтык макулдашууга жетүүнү "кыйла кыйындатарын", бирок анын администрациясы муну кандай жол менен болсо да ишке ашырарын белгилеген болчу.

Өзү президенттик шайлоо өнөктүктүн жүрүшүндө Трамп Израилди катуу колдоп, бирок ошол эле учурда Палестинага карата катаал турумун билдирген.

Бирок кызматка киришкенден бери жөөт премьери Нетаньяхунун палестиндер өз жери катары санаган аймактарда конуш куруу саясатын айныксыз колдобой турганын көргөздү.

10-февралдагы маегинде ал муну “тынчтык үчүн жакшы эмес” деп атады.

Президент Трамп ага катар шайлоо учурунда айткан АКШнын эчилигин Тель-Авивден Иерусалимге көчүрүү убадасынан да танды.

Иерусалимдин чыгышын палестиндер өзүнүн болочок мамлекетинин борбору катары санашат. АКШнын Израилдеги мурдагы элчиси Даниэл Шапиро мындай дейт:

- Трамптын администрациясы ишке киришкендин алгачкы апталарында эле биз Ак үйдөн абдан этият жана сактанган билдирүүлөр чыгып жатканына күбө болуудабыз. Бул АКШнын саясаты, Жакынкы Чыгышта тынчтыкка жетүү мүдөөсү анчалык өзгөрбөгөнүнүн ишарасы. Тынчтык болсо Израил менен Палестина ортосунда эки мамлекеттин мамилеси аркылуу гана жетишилет жана бул азыр дагы күн тартибинде. Ошол эле кезде учурдагы конуштар кандайдыр бир макулдашууда камтылуусу керек, ал эми аларды чектөөсүз кура берүү жогорудагы максатка жетүүгө көмөктөшпөйт.

Өткөн айдын башында Жакынкы Чыгыш боюнча Париждеги конференцияда ага катышкан 70тен ашуун мамлекет өкүлдөрү Израил менен Палестинанын токтоп калган тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайрадан баштоого чакырышкан.

Эки тарапка тең, болочок сүйлөшүүлөргө зыянын тийгизчү бир тараптуу аракеттерден кармануу керектиги эскертилген.

Эки өлкөнүн тикелей тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн акыркы айлампасы 2014-жылдын апрель айында үзгүлүтүккө учураган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.