Иракта жоочулар жанданды

Иракта 15-май күнү чабуул коюлган газ заводу.

Иракта соңку аптада согушкерлердин чабуулдары күчөп, жүздөн ашуун киши жашоо менен кош айтышты. Анын баарына “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу жоопкерчилик алууда.

Башында коомдук жайларда жанкечтилер өзүн жардырса, акыркы күндөрү ири заводдорго кол салууга өтүштү. Бийлик болсо муну алдан тайып бараткан жоочулардын аргасыз аракети деп сыпаттайт.

Ал тапта экстремисттерге каршы АКШ баштаган коалиция “Ислам мамлекети” террордук тобу менен күрөштү жандантканын билдирди.

Багдадга жакын газ заводунда 15-май күнү жардыргыч заттар жүктөлгөн унаада жанкечти өзүн жардырып жиберди. Анын артынан эле согушкерлер заводго бастырып киришип, коопсуздук күчтөрү менен салгылашканын Reuters агенттиги маалымдады. Өкмөт күчтөрү заводду өз көзөмөлүнө алганга чейин жоочулар газ сакталчу үч кампаны өрттөп жиберишкен.

Заводго жакын жолдон өтүп бараткандар тартып алган тасмада жалындаган өрт жана кара түтүн асманга көтөрүлүп жатканын көрүүгө болот. Арасында жарылуунун да үнү угулат.

Ошол эле күнү Багдаддан 30 чакырым алыста жайгашкан Латифия шаарындагы базарда мина орнотулган автоунаа жарылып, жети адам набыт кетти. Арасында экөө аскерлер. Күч түзүмдөрү берген маалыматтарга караганда, он сегиз киши түрдүү деңгээлде жараат алып, ооруканага түштү. Анын артынан эле Багдаддын дагы бир бөлүгүндөгү соода күркөлөрү жайгашкан жерде үч ирет бомба жарылды. Андан сегиз жайкын тургун набыт кетип, 28 адам жарадар болду.

Иракта 11-майдан бери күн ара уюштурулуп жаткан теракттардан 140тан ашуун адам жашоо менен кошо айтышты. Аны уюштуруп жаткан “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун Amaq агенттиги жанкечтилердин баарын “шейит” деп атады.

13-май күнү Балад шаарындагы кафелердин биринде жоочу күтүүсүздөн пулеметтон ок ачып, 12 адамды өлтүргөн. 25 киши жарадар болгон. Ал күнү кафеге чогулгандар испаниялык “Реал Мадрид” клубунун футболдогу кезектеги беттешин көрүү үчүн келишкен эле. Аман калгандардын бири, футбол күйөрманы Кусай Мухаммед окуя тууралуу буларды айтып берди:

- Аябай кандуу күн болду. Мен аны сөз менен жеткире албайм. Пулемет кармаган киши кафеге кирип, туш келди аткылай баштады. Анан колундагы гранатаны ыргытты. Октун көбү алдыңкы катарда отургандарга тийди.

Өкмөт күчтөрү АКШнын аскерий кеңешчилеринин колдоосунда бир катар авиа соккуларды ишке ашырып, көзөмөлдү колго алууда жылыш жасаганы менен өлкөнүн түндүк жана батыш тарабында бир катар аймактарды дагы эле экстремисттер ээлеп турат. Арасында ири Мосул шаары да бар.

Ирактын премьер-министри

Премьер-министр Хайдар ал-Абади согушкерлер мамлекеттеги саясий кризистен пайдаланып жатканын, өкмөт буга каршы чараларды күчөтөрүн билдирди.

Ирак аткаминерлери исламчыл согушкерлердин соңку кездери активдешүүсүн жоготууларга дуушар болуп жатышканын билгизбөө үчүн жасалып жаткан аракет деп сыпатташууда.

Жекшемби күнү АКШнын “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы күрөшүү боюнча коалициядагы атайын өкүлү Бретт Макгерк экстремисттер Сирия менен Ирактагы ээлеген аймактарынан кол жууп жатышканын билдирген. Иорданиянын баш калаасы Амманда уюштурулган басма сөз жыйынында Макгерк Сириядагы Ракка менен Ирактагы Мосул шаарларын бошотууга аракет жасалып жатканын айткан:

- Биз Ирак менен Сирияда гана эмес, бул топко каршы глобалдуу алкакта күрөшүүбүз керек. Четтеги согушкерлердин, үгүт жүргүзгөндөрдүн, каржылык жардам көрсөткөндөрдүн дүйнөдөгү чырмалышкан булактарын аныктайбыз. Маселенин өзөгү ушунда.

Бретт Макгерк АКШ президенти Барак Обама өткөн айда Сириянын түндүгүндөгү америкалык атайын бөлүктүн жоокерлеринин санын көбөйтүү жөнүндө чечим кабыл алгандыгын да белгиледи.