Мосул: Эски шаар үчүн күрөш башталды

Мосулдун батыш тарабы

Ирактын аскердик күчтөрү "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун Мосул шаарындагы акыркы чордонуна чабуул коё баштады. Аскер башчылары үч жылдан бери согушкерлердин колунда турган калааны толук бошотуу операциясы аяктап калды дешет.

Тогуз айга созулган тынымсыз операциялардан кийин Ирак күчтөрү "Ислам мамлекети" тобунун Мосул шаарындагы "жүрөгү" саналган Эски шаарды ээлөөгө жакын калды. Ирактык колбашчы Абдул-Амир Рашид Яралла калаанын бул аймагына чабуул жекшембиге караган түнү башталганын, Мосулду бошотуу аракети натыйжалуу аяктап баратканын билдирди.

Согушкерлерге каршы күрөшкөн эл аралык коалициядагы АКШнын өкүлү Бретт Макгурк өкмөттүк күчтөр Эски шаарга киргени калганын 18-июнда Твиттер аркылуу кабарлады.

Анын сөзүн Ирактын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү, генерал Мухаммед ал-Худари да ырастады:

- Биз душманга жакын калдык. Душман бул үйлөрдүн аркасында эле турат. Бир канча мүнөт мурда эки унаа жарылганын уксаңыз керек. "Ислам мамлекети" тобу шаардан качууга аракет кылган адамдарды өлтүргөн жерде турабыз. Бул өтө кейиштүү.

Мосулдун Эски шаарында 100 миңдей жөн-жай тургун бар деп жоромолдонууда.

"Ислам мамлекети" экстремисттик тобу 2014-жылы Сирия жана Ирактын аймактарында "халифат" түзгөнүн жарыялагандан көп өтпөй Мосулду басып алган. Ирак армиясы АКШ баштаган эл аралык коалициясынын жардамы менен октябрь айынан бери шаарды согушкерлерден бошотуу аракетин көрүп келет.

Январь айында Мосулдун чыгыш тарабы өкмөттүн колуна өткөн. Шаардын батыш тарабындагы аскердик операциялар февралда башталган. Жоочулардын негизги коргонуучу жайына айланган Эски шаарды колго алуу Ирак армиясы үчүн чоң жеңиштин жарчысы болмокчу.

Мосулдагы операциялар башталгандан бери 850 миңден ашуун тургун үй-жайын таштап, чыгып кеткен. Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматы боюнча, Мосулдун Эски шаарында 100 миңдей жайкын тургун болушу мүмкүн. Уюмдун качкындар менен иштеген агенттиги жоочулар бул тургундарды "тирүүлөй калкан" кылып кармап турганын билдирген.

Ирактын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү, генерал Мухаммед ал-Худари мындай аракетти согушкерлердин жаңы ыкмасы катары мүнөздөдү:

- Мосулдагы жеңилүүлөрдөн кийин "Ислам мамлекети" тобу жаңы тактикаларга өтө баштады. Муну өтө ыйманга жатпаган, адамгерчиликке жана согуштук эрежелерге эч эле туура келбеген ыкма деп мүнөздөсө болот. Алар Мосулдагы террорчулуктун "өмүрүн узартуу" үчүн жөн-жай тургундарды калкан кылып жатышат".

Эл аралык куткаруу комитети ансыз да тамак-ашсыз калган бул адамдар айыгышкан кармаштын так ортосунда калбайбы деген чоочулоосун билдирди.

Мосулдун Эски шаарындагы операциялар башталаардан бир күн мурда Ирак күчтөрү Сириянын жанындагы Ал-Валид өткөрмө бекетин согушкерлерден бошотконун кабарлаган.

Бул калаалар бошотулганы менен кармаш жакын арада токтоп калчудай эмес. Себеби Мосул менен түндүк-батыш тараптагы Сирия чек арасынын ортосундагы аймактын коопсуздугу камсыз кылынышы керек. Мындан тышкары Мосул менен түштүктөгү баш калаа Багдаддын дал ортосунда жайгашкан Хавижа шаары "Ислам мамлекети" тобунун колунда кала берүүдө.

Сирияда болсо бир катар аймактар, анын ичинде согушкерлер жарыялаган "халифаттын" борбору саналган Ракка шаары да толук бошотула элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.