Иракта парламент шайлоо кодексин талкуулоодо

Ирактын парламенти бүгүн талаштуу Шайлоо кодексинин долбоорун талкуулап жатат. Январдагы парламенттик шайлоо ушул мыйзамдын негизинде өтүшү керек.
Бирок шайлоого убакыт аз калганына карабай, азырга чейин ал боюнча мунаса табылбай жатканы дегеле добуш берүүнүн өтүш-өтпөшү тууралуу кооптонууну күчөттү.

Ирактын саясий жетекчилиги азыркы мыйзам долбоорун “компромисттик вариант” деп атады. 26-октябрда партиялардын лидерлери көпкө созулган талкууну жыйынтыктап, ушул вариантка токтолушту окшойт.

Бириккен улуттар уюму шайлоого камылгаларды 15-октябрдан кечиктирбей башташ керек деген эле. Бирок ага карабай, талаштар түгөнбөй келди. Талкуунун тездетилишине дүйшөмбүдө Багдатта болгон кандуу жардыруулар да себеп болду окшойт. Аларда 155 адам мүрт кеткен эле.

Иракта “Шайлоо жөнүндөгү” мыйзам эки маселе – добуш берүү системасы жана Киркук маселеси – боюнча талашка алынып жатат.

Добуш берүү ачык өтүшү керекпи же жабык болушу зарылбы?

Иракта Саддам Хусейндин режими кулагандан кийинки алгачкы парламенттик шайлоо 2005-жылы жабык система менен өткөн. Бул дегени – шайлоочулар кайсыл депутатка добуш берип жатышканын билишкен эмес, жалпы партия үчүн гана добуш беришкен. Кийин партиялар парламенттен канча орун утушканына жараша, депутаттарын атайт.

Эгерде ачык система боюнча добуш берилсе, анда депутаттыкка талапкерлердин аттары да белгилүү болот. Өлкөдө шайлоочулар муну көбүрөөк жактырып турушат. Партиялардын лидерлери деле эл алдында сүйлөгөндө ушуну колдошкону менен, шайлоо комиссиясынын өкүлдөрүнүн айтымында, чындап келгенде алар жабык системаны колдошот. Анткени бул азыр кызматта тургандарга өз ордун сактап калганга мүмкүндүк берет.

Өткөн айда Ирактын Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчиси Фараж Хайдери шайлоону ачык система менен өткөрүүгө жетишпей калышаарын, анткени анда бюллетендерге бүт талапкердин аттарын жазып чыгыш зарылдыгын билдирген болчу. Эгерде январдагы шайлоо ачык система менен өтсө, бул Иракта ушул система колдонулган алгачкы шайлоо болуп калат.

“Шайлоо жөнүндөгү” мыйзам долбоорунун айланасындагы талашка дагы бир себеп – Киркук вилоятында аны кандай өткөрүү маселеси. Мунайга бай бул региондогу араптар менен түркмөндөр Киркукка шайлоодо өзгөчө статус берилишин жактап, добуш берүү ачык жүрүшүн каалашпайт. Ачык жүрүп калса, анда күрддөр басымдуулук кылып калышы ыктымал, демек, Киркуктун Күрдистанга кошулушун талап кылышат деп чочулашат. Ал эми Киркукту өздөрүнүн тарыхый борбору деп эсептеген күрддөр болсо аймакка күрддөрдүн кайра жайгаша башташын Саддам Хусейндин тушундагы “арапташтыруудан” кийинки кадимки көрүнүш деп сүрөттөшүүдө.

Парламенттин чечими мына ушул талаштарга чейит коет деп күтүлүүдө. Бирок үч аптадан бери бир тыянакка келе албай жаткан депутаттар непада бул ирет да мунаса табышпаса, январдагы шайлоо 2005-жылдагы жабык система боюнча өтүп калышы мүмкүн. Анда шайлоо январда өтүшү да арсар болуп калат.