Иракта кыргызстандык аял дарга асылдыбы?

Ирактагы жергиликтүү аялдар. 26-май, 2017-жыл.

Иракта "радикалдык "Ислам мамлекети" уюмуна тиешеси бар" деген кине менен орусиялык, азербайжандык жана кыргызстандык аялдар өлүм жазасына кесилгени кабарланууда. Орусиянын маалымат каражаттары жазгандай, 17-апрелде соттун чечими менен катаал жазага тартылгандар дагестандыктар болгон. Ирактын бийлиги бул боюнча расмий билдирүү тарата элек. Ирак абактарында кыргызстандык аялдар бар экени буга чейин да айтылып келген.

17-апрелде Орусиянын маалымат каражаттары Иракта "экстремисттик "Ислам мамлекети" уюмуна кошулган" деген айып менен орусиялык эки аял өмүр бою эркинен ажыратылганын жазышты. Маалыматтарга караганда, алар Орусиянын Дагестан жумуриятынан. "Интерфакс" агенттиги Ирактын телеканалдарына таянуу менен ушул эле күнү Багдад соту 17-апрелде азербайжандык үч аялды жана кыргызстандык бир аялды өлүм жазасына өкүм кылганын кабарлады.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Иракта өлүм жазасына тартылганы сөз болуп жаткан кыргызстандык боюнча тактоо иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Айымкан Кулукеева “Азаттыкка” билдирди.

- "Өлүм жазасына тартылган чет элдик жети жарандын арасында бирөө кыргызстандык экен" деген кабар таркады. Бул маалыматты да биз дипломатиялык каналдар аркылуу тактап, аракет жасап жатабыз. Кандайдыр кошумча маалымат алсак, коомчулукка жарыялайбыз.

"Франс пресс" агенттиги Иракта азербайжандык беш аял өлүм жазасына тартылганын, сот жараянында эки аял колдоруна балдарын көтөрүп турганын жазды. Ирактын террорчулукка каршы мыйзамдарына ылайык, сот "Ислам мамлекети" радикал уюмунун согушкерлери менен байланышы бар адамдарга алар кандайдыр зомбулукка барбаса да айып тага алат.

Буга чейин Иракта "террорчул уюм менен байланышта болгон" деген шек менен миңдей аял кармалганы айтылып келген. Алардын көпчүлүгү Түркиядан жана КМШ мамлекеттеринен экени маалым болгон. Ал кыз-келиндердин айрымдарын өлүм жазасына тартууга өкүм чыккан.

Март айынын башында да "РИА Новости” маалымат агенттиги Иракта кыргызстандык үч аял террорчулук боюнча шектүү катары камалып жатканын кабарлаган. Алардын аттары Асел Асилжан кызы, Зухра Кадирова жана Фатима Маруфжанова экени, келиндер балдары менен жатканы айтылган. Аялдар террорчулук жана Ирактын чек арасын мыйзамсыз бузуу боюнча айыпталып жатканы, өлүм жазасына тартылышы мүмкүн экени белгиленген. Буга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Ирак мамлекетине жана эл аралык “Кызыл чырым” комитетине кайрылган.

Айымкан Кулукеева.

- Ушул жылдын 7-мартында биздин Кувейттеги элчилигибиздин кызматкерлери Кувейттеги Ирандын консулу менен жолугуп, ошол жолугушууда нота тапшырып, ар кандай маалыматтар боюнча Кыргызстандын жарандары барбы же жокпу, ошол маалыматты тактап берүүнү өтүнүшкөн. Эгер биздин жарандарыбыз бар экени такталып калса, аларга укуктук жардам көрсөтүү боюнча сөз болгон. Андан тышкары биз Кызыл чырым уюмуна да кайрылып, жардам сураганбыз. Андан бери тынымсыз тактоо иштери жүрүп жатат. Ушул "кармалгандардын арасында кыргызстандыктар бар" деген так маалыматты Тышкы иштер министрлиги ала элек. Ушуга чейин "кармалды" деп жаткан жарандардын туугандары, жакындары да кайрылган жок. Бирок биз издеп-тактоо иштерин токтоткон жокпуз, - деди Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Айымкан Кулукеева.

"Ассошейтед пресс" өткөн айда Ирактын бийлиги "экстремисттик "Ислам мамлекети" тобуна байланышы бар" деген менен кине 19 миңдей кишини кармаганын жазган.

"Human Rights Watch" эл аралык уюму өткөн жылдын соңунда Ирак соту террорчулукка каршы мыйзамдарына таянып "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна бир аз эле тиешеси болгон адамдардын баарын жазага тартып жатканын сынга алган.

2017-жылдын декабрь айында чыккан статистикага караганда, соңку үч жылдан бери 7374 адам террордук уюмга тиешеси бар деп табылган. Алардын ичинен 92 киши дарга асылган. "Эл аралык мунапыс" уюмунун эсебинде, былтыр өлүм жазасы боюнча Иракта 125 өкүм ишке ашырылган. Уюмдун өлүм жазасын иликтөө тобунун кеңешчиси Кияра Санджорджио бул боюнча кабатырлыгын билдирди.

- Террорчулукка байланыштуу өлүм жазасына тартуу жөнүндө соттор чыгарган өкүмдөрдүн жарымынан көбү дароо ишке ашырылып жатканына тынчсызданып келебиз, - деди ал.

Ирактын бийлиги өлүм жазасына кесилген чет элдик аялдар боюнча өкүмдөр аткарылганын жарыялай элек. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Сирия менен Ирактагы согуштук аракеттерге катышып жүргөн кыргызстандыктардын саны 500дөн ашканын кабарлаган. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, алардын арасында 140ка жакын аялдар балдары менен жүрөт. Кийинчерээк согуш талаасында кыргызстандык 92 жаран мерт болгону айтылган. Өткөн жылдын декабрь айында Ирак бир кезде өлкөнүн үчтөн бир бөлүгүн ээлеп алган "Ислам мамлекети" радикал уюмун жеңгенин кабарлаган.

"Азаттык" Сирияга кеткен кыргыз-кыз-келиндер тууралуу иликтөөлөрдү жасап, бир нече берүү тарткан. Алардын бири - "Сирия... Аял... Азап" аттуу берүүнү толугу менен YouTube сайтындагы "Азаттык Медиа" каналынан көрө аласыз.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

"Сирия: Аял... Азап... Арман..."(1)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.