Ирандагы президенттик шайлоо

Ирандагы аялдар Тегерандагы шайлоо участкасында кезек күтүп турушат.  28-июнь, 2024-жыл. 

 

Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи бюллетенди урнага таштап жатат. 

Иранда шайлоолор көзөмөлдө, талапкерлерди алдын ала катаал багытты жактагандар басымдуулук кылган орган тандайт. 


 

Ирандыктар шайлоо участкасынын алдында турат. 

Бардык төрт талапкер тең мүчөлөрүн Хаменеи кыйыр жана түз дайындаган Сакчылар кеңеши тарабынан тандалып, жактырылган. 

 

Президенттик шайлоодо жеңген Масуд Пезешкиан шайлоо участогунда.

Иранда шайлоолор туруксуз экономикадан, жашоо деңгээлинин төмөндөшүнөн жана эркиндиктин жоктугунан келип чыккан нааразылык фонунда өтүп жатат. 

 

Раисинин портрети менен добуш берүү үчүн келген тургун. 

1988-жылы шаардык прокурордун орун басары болуп турганда саясий туткундарды жапырт жазага тартканы үчүн "Тегерандын касапчысы" деген ылакап атка конгон Раиси 19-майда каза тапкан. Ал кабылган авиакырсыкта Ирандын тышкы иштер министри Хосейн Амир-Абдоллахиан жана бир нече жогорку даражалуу чиновниктер да каза тапкан. 

 

Президенттикке талапкер Мохаммад Бакер Калибаф жана анын тарапташтары шайлоого бир күн калганда мечитке барган. Калибаф парламенттин консервативдүү спикери, өзөктүк программа боюнча сүйлөшүүгө катышкан Саид Жалил жана депутат-реформист Пезешкиан шайлоодо атаандаш болушкан. 

 

Жалилинин жактоочусу.

Шайлоодо бир дагы талапкер жетиштүу добуш албай турганы алдын ала болжолдонгон. 

 

Багдаддагы Ирандын элчилигинде добуш берип жаткан ирандыктар. 

Шайлоодо жеңиш үчүн талапкер добуштардын 50% алышы керек болчу. Шайлоонун экинчи туру 5-июлга белгиленген. 

 

Шайлоочу урнага кагаз таштап жаткан учур. 

Шайлоо жыйынтыгы Иранда олуттуу өзгөрүүлөргө алып келери күмөн, бирок ал 85 жаштагы Хаменеи жетектеген бийликке таасирин тийгизиши мүмкүн. Ал 1989-жылдан бери Ирандын жогорку лидери. 

 

Иран көптөгөн жылдардан бери азыркы жетекчиликтин легитимдүүлүгү шайлоочулардын көптүгүнө байланыштуу экенин айтып келген. Бирок шайлоого катышуунун төмөндүгү, саясий элитага каршы нааразылыктар учурдагы элитанын легитимдүүлүгүнөн күмөн санатууда. 


 

Өлкө ичиндеги жана сыртындагы диссиденттер шайлоого каршы чыгууга чакырышып, мурдагы добуш берүүлөр эч нерсе өзгөртпөгөнүн айтышкан. 

 

Иранда мурдагы президент Эбрагим Раисинин өлүмүнөн кийин президенттик шайлоо 28-июнга белгиленген. Шайлоонун экинчи айлампасы 5-июлда өтүп, анда ардагер-реформист Масуд Пезешкиян жеңди.