Иран АКШнын тыңчы учагын атып түшүргөнүн ырастоодо

Ирандын телеканалдары америкалык учкучсуз абада чалгындоо аппаратын көргөзүп, аны Ирандын армиясы Ооганстан менен чектеш аймакта атып түшүрүп алганын кабарлашты. Американын бийликтери андай жабдыгын жоготконун моюнга алып, бирок ал кандайча жерге түшүрүлгөнүн башкача чечмелөөдө.
“Америкалык тыңчы-учак RQ 170” деп аталган телеберүү Ирандын мамлекеттик 1-каналында көрсөтүлдү. Анда ирандык аскер адистери учкучсуз абага чыгарылчу жабдыкты шашпай изилдеп карап жатышат, аппаратка эч кандай бир жарака, же башка залака келтирилгени байкалбайт, баары бүтүн бойдон. Телеберүү көрсөтүлүп жатканда анын эң төмөн жагында Ирандын руханий лидери Аятолла Хомейни бир ирет айткан “Американын колунан эч нерсе келбейт” деген сүйлөм жазылып турду.

Пентагон андай аскердик жабдыгы абада жоголгонун ырастап, Иран ал аркылуу АКШнын согуштук техника сырларын билип алышы мүмкүн деген чочулоосун кошумчалады. Сентинел түрүнө кирген аскердик аппарат Американын стратегиялык душманынын колуна алгачкы ирет түшүп отурат.

"Нью-Йорк Таймс" гезити жазганына караганда, ирандыктар менчиктеп, ушул тапта изилдеп жаткан Сентинел үлгүсүндөгү аппарат Американын аскердик чалгындоо программасынын маанилүү бөлүгү, ал атайлап Ирандын атомдук жайларын абадан чалгындап, маалымат чогултуу максатында даярдалган.

Вашингтондук аскердик техника боюнча серепчи Жэйсон Кэмпбелл чалгынчы жабдыктын кудурети тууралуу буларды айтат:

- Сентинелдин чалгындоо иштериндеги абдан чоң пайдасы – ал абдан бийик аралыкта учуп жүрүп жердеги маалымат топтой алгандыгы. Ал бир жолкусунда бир нече саат бою изилдөө жүргүзө алат, андай нерселерди маселен, спутниктен сүрөткө түшүрүп топтой албайсың. Сентинел бир эле учурда электроникалык байланыш жабдыктарына, абада кандайдыр химиялык зат, айрыкча Иранга келсек, атомдук станция бөлүп чыгарчу кайсы бир өзгөчө заттарга сезимтал жасалып, андайлар болсо белги берип маалымат топтойт. Андан сырткары кайсыл жерде андай белгилер байкалса, ошол жерди толугу менен видеого тартат. Маселен, атомдук өндүрүш бар жерди сүрөткө гана тартпастан, ал жерде кирип-чыгып жаткан кишилерден бери, бардык кыймыл аракетти тасмага түшүрөт. Андайды спутник аркылуу чагылдыруу мүмкүн эмес.

Ирандыктар мындай баалуу аскердик аппаратты куралдуу күчтөр колго түшүрдү деп көкүрөк какса, АКШнын Коргоо министрлиги жабдык техникалык себептерден улам жоголуп кеткенин айтышууда.

Иран менен Америка ортосундагы элчилик байланыш үзүлгөнүнө көп болгон, расмий деңгээлде АКШнын кызыкчылыктарын Швейцариянын Тегерандагы элчиси коргойт деп айтылат. Ошондуктан Швейцариянын элчисин чакыртып алып, Ирандын Тышкы иштер министрлиги Америкалык аскерий аппарат Ирандын аба мейкиндигине койо берилгенине байланыштуу каршылык билдирген нотасын тапшырды.

Көп жылдардан бери АКШнын аскердик чалгындоо кызматы колдонуп келаткан Сентинел учкучсуз аппараты алгачкы жолу мындан эки жыл мурдараак Ооганстандагы аскердик базалардын биринде турган жеринен тартылган сүрөтү коомчулукка тарап кеткен.

Буга чейин ал 1990-жылдары Косово менен Сербия ортосундагы согуш маалында, кийинчерээк Ооганстан менен Ирактагы аскердик операцияларда колдонулганы маалым.

Батыштык адистер чын эле америкалык чалгынчы аппарат ирандыктардын колуна тийген болсо, алар анын көчүрмөсүн даярдай алабы деген маселени кызуу талдап жатышат.

Вашингтондук көпчүлүк адистер жабдыктын жаңысын жасамак тургай, анда чогултулган баалуу маалыматты чыгарып алуу да өтө татаал экенин айтышат. Бирок биз менен маектешкен эксперт Кэмпбелл айткандай, согуштук техникага келгенде, коомчулук чыныгы маалыматты толугу менен эч качан билбей калышы да ажеп эмес.