Иранды “кризистен” биримдик чыгарат

Али Акбар Хамеши Рафсанжани Тегеран университетинде жума күнкү даават учурунда

Иранда бүгүн жума намазга чогулган миңдеген адамдардын алдында сүйлөп, мурдагы президент Акбар Хашеми Рафсанжани июндагы президенттик шайлоонун жыйынтыктарына элдин басымдуу бөлүгү ишенбей жатканын айтты. Ошол эле учурда Рафсанжани элди биримдүүлүккө чакырды.
Ирандын мурдагы президенти Акбар Хашеми Рафсанжани жума күнкү намазга чогулгандарга сүйлөп жатып, Иран мамлекетин коркунучтан сактап калыш үчүн жалпы журт биригиши зарыл экенин айтты.

Тегеран университетиндеги жума күнкү даават учурунда Рафсанжани “бүгүнкү сыйынуу аркылуу кризиске кептелген өлкө ушул татаал мезгилден чыгып кетет го” деп үмүттөнөм, деп айтты.

Оппозициянын негизги талапкери Мир Хусейн Мусави да бүгүнкү дааватка катышты (ортодо)

Иран чынында эле 12-июндагы шайлоодон тарта саясий толкундоолордон бери болбой келатат. Шайлоонун жыйынтыгына макул болбогон оппозициянын тарапкерлери кеңири демонстрацияларга чыгышты.

Эксперттердин ассамблеясын жетектеген Рафсанжани жумурияттын калкынын басымдуу бөлүгү шайлоонун жыйынтыгына ишенбей тургандыгын, оппозиция да нааразы болуп жаткандыгын айтты. Ал ошол шайлоонун жыйынтыгын тааныган “Сакчылар кеңешин” да сынга алды. “Тилекке каршы, руханий лидер Сакчылар кеңешине бөлгөн убакыт туура пайдаланылган жок, - деди Рафсанжани. - Аятолла аларга бюллетендерди кайра санап чыкканга беш күн берди эле, бирок бул убакыт туура колдонулбады”.

Ал өз сөзүндө элдин тандоосу эң негизги орунда турушу лаазым экенин белгиледи.

Шайлоодон кийин абакка алынгандарды бошотуш керек!

Рафсанжани азыркы абалдан чыгуунун бир топ жолдорун сунуш кылды. Бул сунуштарды ал Эксперттер ассамблеясындагылар жана бир топ динаятчылар менен талкуулаганын кошумчалады.

Эң оболу, ал ар ким абал боюнча урушпай-тытышпай өз оюн ачык билдирүүгө укук алышы керектигин айтты. Андан сырткары, шайлоодон кийинки нааразылыктарда полиция тарабынан камакка алынгандардын баары бошотулушу зарыл экенин баса белгиледи.

Адатта, Иранда Тегеран университетиндеги жума намазды мамлекеттик телеканал түз эфирде көрсөтчү. Бирок бүгүнкү окуяны сыналгы каналы көрсөтүүдөн баш тартты, ал радиодон гана берилди.

Рафсанжани жума намазды бүткөндөн кийин, оппозициянын тарапкерлери масштабдуу демонстрациясын өткөрүштү

Рафсанжани сүйлөп жаткан кезде шайлоодо оппозициянын атынан президенттикке талапкер болгон Мир Хусейн Мусавинин колдоочулары анын атып чакырып туруп алышты. Кийин алар “түрмөдөгүлөрдү бошоткула!” деп да кыйкырышты.

Ал учурда Тегеран университинин маңдайында чогулгандар арасында кагылышуу болуп, полиция көздөн жаш агызчу газ менен элди таркатканы, 10го жакын адамды камаганы айтылды.

Адам укугун коргоочулар Иранда президенттик шайлоо өткөндөн бери реформачыл маанайдагы 2000 ашуун активист абакка алынганын айтышат. Нааразылык демонстрацияларында бийликтер 20 адам набыт болгонун айтышкан, бирок чынында өлгөндөр андан да көп деген да кабарлар бар.

Бийликтер бул жолу да адамдарды көздөн жаш агызчу газ менен таркатышты