БУУ Иранды элге курал колдонбоого чакырды

Ирандагы нааразылык акциясы. Исфахан, 16-ноябрь, 2019-жыл.

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Тегеранды тынч демонстранттарга каршы күч колдонууну токтотууга жана Интернетти калыбына келтирүүгө чакырды.

БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Ирандагы демонстранттарга каршы курал колдонуу көп сандагы адамдардын өлүмүнө алып келгени жөнүндө маалыматтарга өзгөчө кабатырланууда. Бул тууралуу 19-ноябрда комиссардын басма сөз катчы Руперт Колвилл билдирди.

Иран бийлиги өткөн жумадан бери 12 демонстрант жана коопсуздук күчтөрүнүн мүчөлөрү тоз-тополоңдо, кагылышууларда өлгөнүн, 600дөн көп киши кармалганын билдирген.

Руперт Колвилл.

- Өкмөттүн айрым өкүлдөрү тигил же бул жакта катталган жоготуулар жөнүндө маалыматтарды бышыкташты. Аятолла Хаменеи өзү да бир нече киши өлгөнүн айткан. Бирок каза тапкандардын саны мындан көп болушу мүмкүн деген кабарлар түшүп жатат. Эмне болгонун так билсек жакшы болмок. Кырдаал тынчсыздануу жаратары анык, - деген Руперт Колвилл нааразылыгын билдирип чыккандарды зомбулукка барбоого, имараттарды жана башка мүлктү талкалабай, сабырдуу болууга үндөдү.

Айрым кабарларда май куюучу жайлар, банктар, дүкөндөр талкаланып, ири зыян тартканы айтылууда.

Дагы караңыз Иранда кымбатчылык элди көчөгө чыгарды

Элдин нааразы болуп көтөрүлүп чыгышына өкмөттүн бензиндин баасын көтөрүү жана май куюуга чектөө киргизүү боюнча чечими себеп болду. 14-ноябрда Улуттук мунай сатуу компаниясы бир менчик машинеге айына 60 литр бензин сатыларын, ар бир литри мурдагыдан дээрлик 4 центке кымбаттаарын билдирген. Бензиндин баасын дагы көтөрүү пландалууда.

Ушул эле 19-ноябрда Ирандын сот тармаганын расмий өкүлү Голямхуссейн Эсмаили «тынчтык калыбына келтирилгенин» билдирген. Бирок бийлик Интернетти жаап салгандыктан чыныгы абал тууралуу так маалымат алыш кыйын болуп калды.

Кыйыр жолдор менен социалдык тармактарга жарыяланган видеолордон бир нече шаарда шейшембиге караган түнү нааразылык акциялары кайталанганын, көчөлөрдө коопсуздук кызматкерлери көп жүргөнүн көрсө болот. Бирок ошол сүрөт, видеолордун чын-бышыгын текшерүү мүмкүн эмес.

Вашингтондун Иран боюнча атайын өкүлү Брайн Хук «Фарда» радиосуна («Эркин Европа/Азаттык» радиосунун Иран кызматы) билдиргендей, АКШ ирандыктарга Интернеттеги тосмолорду кыйгап өтүүгө жардам берип келатат.

Брайн Хук.

-Тегеран режиминин эки жүздүүлүгүнө күбө болуп жатабыз. Бир эле мисалды айтайын. Иранда Интернетти жаап салышты. Ошол эле учурда жогорку лидер, президент жана тышкы иштер министри социалдык медиа аркылуу өз билдирүүлөрүн таратып жатышат. Бирок Иран элине режим демонстранттарды кантип өлтүрүп, басып жатышканы тууралуу чындыкты айттырбай, алардын жашоо-шартын жакшыртуу талаптарына каршы болушууда, - деди Брайн Хук.

Дүйшөмбүнүн кечинде ИСНА жана «Фарс» агенттиктери коопсуздук күчтөрүнүн 3 мүчөсү баш калаанын четинде «козголоңчулар» тарабынан бычакталып жан таслим болгонун кабарлашты.

Дагы караңыз Иранда футбол күйөрманы өзүн өрттөдү

Ислам революциясынын сакчылар корпусу нааразылык акцияларынын катышуучулары токтобой көчөгө улам чыга беришсе, чечкиндүү чара көрө турганын эскертти. Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи болсо демонстранттарды «баш кесерлер» деп атап, баш аламандыктын артында чет өлкөлүк душмандар, анын катарында АКШ да турганын айтып аларды айыптады.

Ак Үй бийликтин курал колдонгонун, Интернетти чектегенин айыптап, Иран элинин тынч нааразылык жүрүшү колдоого арзый тургандыгын билдирген.

Германия канцлеринин кеңсеси нааразы экенин айтып чыккан элдин аракетин «мыйзамдуу» деп сыпаттады.

Иран - күйүчү май эң арзан өлкөлөрдүн бири. Өкмөт бул тармакка көп субсидия жумшайт. Энергия запастары көп болгону менен кара майды иштетүүчү заводдор тартыш. Эл аралык санкциялардан улам ишканаларды оңдоп-түзөө мүмкүнчүлүктөрү чектелүү.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.