Вашингтон экономикалык санкцияларды калыбына келтиргенден бери Иранда кулач жайган экономикалык каатчылык президент Хасан Роуханиге карата сын пикирлерди күчөттү.
Ирандын президенти Хасан Роухани 28-августта парламентке чакырылып, депутаттардын суроолоруна жооп берди. Бул Роуханинин 2013-жылы президент болуп шайлангандан бери биринчи жолу парламентке чакырылышы, ошондой эле бул анын экономикалык реформаларын сындаган атаандаштарынын жеңиши катары бааланууда. Конституция боюнча парламенттин президентти чакырып, иши тууралуу отчет алганга укугу бар.
Мыйзам чыгаруучулар Роуханиден АКШнын экономикалык санкциялары калыбына келгенден бери эки эсе арзандап кеткен улуттук акча – риалдын кунун көтөрүү тууралуу суроолорду беришти.
- Биз Америкадан же экономикалык көйгөйлөрдөн коркпойбуз. Биз бул көйгөйлөрдү жеңип чыгабыз. Мен Иран элин Ислам жумуриятына каршы кутум ишке ашпай турганына ишендирем. Биз Ак үйдөгү антиирандыктардын бизге каршы чогулуусуна жол бербейбиз, - деди Хасан Роухани суроолорго жооп берип жатып.
Ага өндүрүшкө зыянын тийгизип жаткан аткезчиликти токтотуу, иран риалынын кунунун түшүүсү, экономиканын төмөндөөсү, жумушсуздуктун өсүшү, банк саясаты тууралуу суроолор берилди.
Президенттин жообунан кийин маселе добушка коюлганда депутаттар санкцияларга кабылып жаткан банктар тууралуу жообун гана ынанымдуу, анткени ал өкмөттөн көз каранды эмес деп табышты. Ал эми президенттин жана анын министрлеринин калган иштерине ичи чыкпай тургандыктарын белгилешти. Иран мыйзамдарына ылайык, парламент канааттанбаган иштер териштирүү жүргүзүү үчүн сотко жөнөтүлөт.
- Сиздер жумушсуздук, чет өлкө акчасы, төмөндөө жана аткезчилик тууралуу айтып жатасыздар. Менимче, көйгөй биздин адамдардын келечекке карата көз карашында. Адамдар АКШдан коркпойт, алар биздин тил табыша албай жатканыбыздан коркот. Алар эгер биздин биримдикте экенибизди көрсө, проблемалар чечилерине ишенет, - деди Хасан Роухани.
Вашингтон Тегеран менен дүйнөнүн алты державасы кол койгон өзөктүк келишимден май айында чыгып кетип, 7-августта мурда токтотулган санкцияларды кайра киргизген. Ал арада Иранда экономикалык каатчылык күчөп, улуттук валюта - риалдын куну 2015-жылдан бери биринчи жолу кескин төмөндөп кетти. Ирандын бир катар шаарында кымбатчылыктан улам нааразылык акциялары өткөнү кабарланды.
Парламент 26-августта экономика жана каржы министри Масуд Карбасианды кызматтан алса, ай башында депутаттар эмгек министрин отставкага кетирген. Ага чейин президент Хасан Роухани Улуттук банктын башчысын алмаштырган болчу.
АКШ Тегеранга карата санкциялардын экинчи баскычын 4-ноябрда киргизгени жатат, ал Ирандын мунай компанияларына багытталмакчы.
Роуханини катуу сындап келе жаткандар башынан эле 2015-жылкы өзөктүк келишимин түзүүгө жана Батыш менен жакындашууга каршы болуп келишкен. Эми алардын көбү Роухани кызматтан кетиши керек деп да билдирүүдө.
Парламент президентке импичмент жарыялап, ишенбөөчүлүк көргөзүүгө укуктуу. Бирок Ирандын рухий көсөмү аятолла Али Хаменеи президент Хасан Роуханиге 2021-жылга чейин – президенттик мөөнөтү аяктаганча иштөөгө мүмкүнчүлүк берүү керек деп эсептейт. Ал 13-августта өлкөдөгү экономикалык кыйынчылыктарга АКШнын кысымынан мурда "туура эмес башкаруу" себеп болуп жатканын билдирген. “Мен муну чыккынчылык деп эсептебейм, бирок бул башкаруудагы чоң ката” деген эле аятолла Али Хаменеи:
- АКШнын санкцияларынан мурда экономиканы туура эмес башкаруу карапайым ирандыктарга көбүрөөк кедергисин тийгизди. Жакшыраак башкаруу жана пландоо аркылуу биз санкцияларга туруштук бере алабыз.
Ал арада Ирандын Кошмо Штаттарды "экономикалык агрессияга" айыптап, санкцияларга каршы жазган арызы Улуттар Уюмунун Гаагадагы эл аралык сотунда карала баштады.
27-августта төрт күндүк угуу башталганда Ирандын өкүлү Мухсен Мухеби "Тегеран башка алты мамлекет менен түзүлгөн ядролук келишимдин талаптарын сактап жатат, санкциялар негизсиз киргизилди. Бул менин өлкөмө каршы кызылдай эле экономикалык агрессия" деди:
- АКШ ачыктан-ачык эле Ирандын экономикасына жана компанияларына мүмкүн болушунча көбүрөөк зыян тийгизе турган пропагандалык саясат жүргүзүүдө. Ал барып Ирандын жарандарына тийип жатат. Бул саясат 1955-жылкы эки өлкөнүн достук келишимин бузат.
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Ирандын дооматын четке кагууда.
"Ушул жумада Гаагада Ирандын уятсыз дооматтарынан жигердүү коргонобуз" деп айтылат Помпеонун билдирүүсүндө. Ал Вашингтон Иран режиминин аймактагы туруксуздаштыруучу активдүүлүгүнө каршы турууну, анын терроризмди каржылоосуна бөгөт коюуну жана ракеталык программасын көзөмөлгө алууну улантат деп билдирди. Помпеонун айтымында, Вашингтон Ирандын өзөктүк курал жасап чыгаруусуна жол бербейт.