Хасан Роухани эл аралык санкцияларга каршы туруу үчүн бардык саясий күчтөрдүн биримдиги керек экенин айтты. «Ислам ыңкылабынын тарыхында буга чейин мындай басым болгон эмес», - деген президент оор кырдаалдан чыгууга үмүтү бар экенин кошумчалады.
Тегеранда активисттердин алдында сүйлөгөн президент буларды билдирди:
«Ирак менен согуш учурунда да (1980-1988) бизде банктарга, мунай сатууга, импорттоого жана экспорттоого байланыштуу кыйынчылык болгон эмес. Куралдарды сатып алууга гана санкция киргизилген. Бирок мен үмүтүмдү үзгөн жокмун. Мен келечегибиз бар экенине, эгерде ынтымактуу болсок, ушундай оор кырдаалдан чыга аларыбызга ишенем».
Дагы караңыз Иран өзөктүк келишим боюнча эскерттиӨткөн аптада АКШ Иранга карата алюминий, болот, темир жана жез өндүрүүгө байланыштуу жаңы санкцияларды киргизген. Бул санкциялар Иран өзөктүк келишим боюнча айрым милдеттенмелерин аткарууну токтоткондон кийин киргизилип жатат.
Өзгөчө энергетикага, финансы тармагына тиешелүү болгон санкциялар Ирандын мунай экспортуна да чоң таасирин тийгизип, өлкөгө келген чет өлкөлүк инвестицияларды азайтты. Себеби санкциялар америкалык компанияларга Иран менен түз соода жүргүзүүгө тыюу салат. Эл аралык Валюта Фондунун божомолу боюнча, 2019-жылы Ирандын ички дүң өнүмү 6 пайызга азаят.
Инфляция кескин күчөгөн шартта өлкөдө азык-түлүктүн баасы да жогорулап, түмөндөгөн адамдар митингге чыгышты. Алар эмгек шарттарына, айлык акы тийбей жатканына нааразылыгын билдиришүүдө.
Дагы караңыз Европанын Ирандан кол үзгүсү жокИрандын өзөктүк программасын чектеген мунасага дүйнөнүн алты өлкөсү 2015-жылы жетишкен. АКШ, Франция, Британия, Орусия, Кытай жана Германия кол койгон келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын токтотмок. Бул үчүн Ислам Республикасына салынган санкцияларды алуу каралган. 2018-жылы АКШнын президенти Дональд Трамп келишимди сынга алып, «Тегеран милдеттенмелерин аткарбай жатат» деген негизде Кошмо Штаттар макулдашуудан чыгып кеткен. Андан бери Кошмо Штаттар Иранга каршы экономикалык санкцияларын калыбына келтирген.
8-майда президент Хасан Роухани кайрылуу жасап, дүйнө державалары Иранды АКШ санкцияларынан коргобосо, жогорку даражада байытылган уран чыгаруу процесси кайра жанданарын эскерткен.
Өзөктүк келишимдин катышуучулары болгон Европа өлкөлөрү мындан ары да келишимдин шарттарын сактай беришерин, бирок Тегерандын ультиматумдарын четке кагышарын белгилешти.
Франциянын президенти Эммануэл Макрон Иран менен түзүлгөн өзөктүк келишимге тиешеси барларды сабырдуу болууга чакырды.
«Иран келишимде кала бериши керек. Биз да аны сактап калыш үчүн колубуздан келишинче аракет кылышыбыз зарыл», - деди Макрон.
Ушул эле күнү Евробиримдиктин тышкы иштер боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини да Иранга колдоосун билдирген.
«Биз мурдагыдай эле өзөктүк келишимдин толук ишке ашырылышын жактайбыз. Бул биз үчүн да, бүтүндөй дүйнө үчүн да коопсуздук маселеси. Иран өзөктүк келишимдин алкагындагы өз милдеттенмелерин аткарып келатканын көрүп жатабыз», - деди Могерини.
Ал арада Кошмо Штаттар Перс булуңундагы жана Жакынкы Чыгыштагы күчтөрүн бекемдей баштады. АКШ Ирандын ыктымал коркунучтарына каршы туруу үчүн Катардагы америкалык аскердик базага B-52 үлгүсүндөгү бомбалоочу учактарды жиберди.