Иран «олуттуу кадам» таштаарын эскертти

Иран менен Орусиянын тышкы иштер министрлери. Москва, 2-сентябрь, 2019-жыл.

Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф Европа өлкөлөрүн «Орусия менен Кытайдан айырмаланып, өзөктүк келишимдеги милдеттенмелерин толук аткарбай жатат» деп сындады.

Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф 2-сентябрда, Москвада Орусиянын башкы дипломаты Сергей Лавров менен жолугушуп жатып ушундай билдирүү жасады:

«Орусия менен Кытайды өзөктүк келишимге байланышкан маселелерде бизге жардам берген өнөктөштөр деп билебиз. Бекем позицияны ээлеп, документти сактап калууга салым кошушту. Тилекке каршы европалыктардан мындай аракетти көрө албадык, алардын өз милдеттенмелерин аткарууга кудурети же каалоосу жеткен жок».

Зариф Орусияда Лавров менен жолугушуу маалында. Москва, 2-сентябрь, 2019-жыл.

Анын алдында расмий Тегеран ушул аптанын аягына чейин Европадан жаңы шарттарды камтыган сунуш түшпөсө, 2015-жылы кол коюлган өзөктүк келишимден чыгуу багытында «олуттуу кадам» таштай турганын эскерткен.

Былтыр май айында президент Дональд Трамп АКШ келишимден чыгып жатканын билдирип, ага Ирандын ракета программасы камтылбай калганын жана Тегерандын аймактагы согушкерлерди колдоп жатышын жүйө келтирген. Көп тараптуу келишимде «Тегеран атомдук программасын чектейт, бул үчүн эл аралык экономикалык санкциялар алынат» деп айтылган.

Вашингтондун ал кадамынан кийин Ислам Республикасынын мунай жана финансы секторлорун бутага алган жазалоочу чаралар калыбына келтирилген. Ошондон бери Европа өлкөлөрүнүн лидерлери Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы тирешти басаңдатууга аракет кылып келатышат.

Өткөн айда Зариф «Чоң жетинин» Франциянын түштүгүндө өткөн саммитине барып, француз президенти Эммануэл Макрон менен жолугушкан. 31-августта Макрон Ирандын президенти Хасан Роухани менен телефондон сүйлөштү.

Макулдашууга кол койгон өлкөлөрдүн бири катары Орусия Кошмо Штаттар менен Иранды абалды чыңалтпоого чакырууда.

Лавров Орусияда Зариф менен кездешүүдө. Москва, 2-сентябрь, 2019-жыл.

«Орусия да, Иран да Кошмо Штаттардын бир тараптуу мыйзамсыз чектөөлөрүнүн таасирине туш болуп келет. Алар Ирандын сырткы экономикалык байланыштарына тоскоол болууну көздөшөт. Биз Иран менен соода-экономикалык долбоорлорду коргоо, доллар менен төлөмдөрдөн көз карандысыз болуш үчүн биргелешип көбүрөөк чара көрүү жөнүндө макулдаштык», - деди басма сөз жыйынында Лавров.

АКШ чыгып кеткенден кийин Иран келишимде каралган милдеттенмелерин аткарууну улантып, бирок Британиядан, Франциядан жана Германиядан санкциялардын кесепеттерин азайтууга жардам берүүнү талап кылган. Жакындан бери Тегеран документте каралган чектөөгө карабай уран байытуунун деңгээлин көтөргөн.

Зариф Москвадагы кездешүүдөн кийин Тегеран Орусиянын Перс булуңундагы коопсуздукту камсыз кылуу боюнча сунушун кубаттаарын да айтты.

Акыркы кезде булуңда эл аралык кемелерге кол салуу фактыларын АКШ Ирандан көрөт. Тегеран мындай дооматтарды четке кагууда. Гибралтар жана Ормуз кысыктарында танкерлерге байланышкан бир нече чыр чыккандан кийин Вашингтон Ирандын жээгине эл аралык кайгуул жөнөтүүнү сунуш кылган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.