АКШ Иранга каршы санкцияны күчөттү

Иранга каршы санкциядан Саудия, Орусия жана Венесуэла утууда.

31-июлда Кошмо Штаттар Кытайдын жана Ирактын бирден банктарына каршы санкция жарыялады.
Ак үйдүн түшүндүрүшүнчө, катаал чара колдонулган банктар Иранга эл аралык санкциялардан качканга көмөктөшкөн. Бул кадам ошондой эле “эл аралык милдеттенмелерин аткарбай жаткан Иран өкмөтүнө кысымды күчөтүүгө жана өлкөнү камалоону күчөтүүгө багытталат” деп белгиленет расмий билдирүүдө.

АКШ президенти Барак Обаманын сөзү менен айтканда, жаңы санкция Ирандын мунай тармагындагы Naftiran Intertrade сыяктуу ири компаниялар менен иштешкенге, алардын даяр продукцияларын сатып алганга жана Ирандын борбордук банкы менен финансылык операцияларды жүргүзгөнгө тыйуу салат.

Санкцияга Кытайдын "Кунлун" банкы (Bank of Kunlun) менен Ирактын “Елаф Ислам банкы” (Elaf Islamic Bank) да кабылды. Эки банк, Вашингтондун ырасташынча, Ирандын финансылык мекемелерине мурдагы эл аралык санкцияларды “аттап өткөнгө” жардамдашкан.

Дэвид Коэн - АКШ мамкатчысынын Терроризмге каршы күрөшүү жана финансылык чалгындоо боюнча орун басары. Ал мурдагыларга кошумча жаңы санкцияларды киргизүүнүн жөн-жайын шейшемби күнү мындайча түшүндүрдү:

- Бүгүн көрүлгөн чаралар бул банктардын дүйнөнүн ар кайсы бөлүгүндөгү иш жөндөмүнө өтө катуу таасир этет жана дүйнөдөгү башка банктар мына бул эки банк билип туруп, “кароолго илинген” Иран банктары менен иштешкенин көңүлгө алат деп үмүттөнөбүз.

АКШ жана башка Батыш мамлекеттери Иран ядролук бомбанын үстүнөн иштөөдө деп кооптонушат. Андан баш тарттыруу максатында Евробиримдик 1-июлдан тарта Ирандын кара майын импорттоого санкция жарыялаган. Иран тышкы базарга чыгарган мунайдын бештен бирге жакыны Биримдикке сатылчу. Иран уранды тынчтык максатында гана байытканын айтып келет.

Санкциялардын күчөтүлүшү менен Тегеран мунай экспорттоодон алчу киреше азаят, эл аралык финансылык булактарды пайдалануусу татаалдайт. Ал жөнүндө АКШ президентинин Улуттук коопсуздук маселеси боюнча кеңешчисинин орун басары Бен Родес мындай деди:

- Бул санкциялар Иранга экономикасына зор зыян келтирип жаткан кезде болууда. Сиз, мисалы, менин сөзүмө ишенбеңиз. Президент Ахмадинежад жакында аларды “өлкөгө мурда-кийин киргизилген аябай олуттуу жана катуу санкциялар” деп атады. Биз анын таасирин түрдүү багытта көрүп жатабыз. Иран мунайынын чоң бөлүгү базарга чыкпай калганын көрүүдөбүз. Ирандын акчасы кунун алда канча жоготконун көрдүк. Биздин эсептешибизче, былтыр санкция жарыялангандан бери реал 38 процентке арзандады.

Президент Ахмадинежад АКШнын соңку кадамдарын “күлкү келтирчү иш” деп сыпаттады жана санкцияга Иран мунай продукцияларын көбүрөөк экспорттоо менен жооп берет деди.

Вашингтон азыр Индия, Кытай, Түштүк Корея шекилдүү мунайды көп керектөөчү өлкөлөрдүн Ирандан кара май алганды токтотуусуна умтулууда.

Ырас, расмий Сеул 26-июнда Евробиримдикти колдоп, 1-июлдан тарта Ирандан мунай экспорттоону токтотоорун билдирген. Бирок акыркы күндөрү Түштүк Корея өз бүтүмүн карап көрөрү тууралуу маалыматтар арбын болууда.

"Ройтерс" агенттигинин маалымдашынча, Бээжин Ирандан кара май сатып алууну үстүбүздөгү жылдын алгачкы жарымында 20, 5 процентке азайткан.

Иранга каршы санкциядан Сауд Аравия, Орусия жана Венесуэла утууда. Бул үчөө жарым жылда Азиянын ири керектөөчүлөрүнө мунай сатканды өткөн жылга салыштырмалуу 21 пайызга көбөйттү.