Трамптын Иран боюнча позициясы "жумшарды"

Дональд Трамп.

АКШ президентинин Иранга карата мамилеси жумшарган сыяктанат. Дональд Трамп Тегерандагылар кааласа жолугууга даяр экенин дүйшөмбүдө билдирди. Болгондо да "алдын-ала эч шарт койбойм" деп жатат.

АКШ президенти Ирандын жетекчилиги менен эч бир шарт койбостон жолугууга даяр - өзгөчө, тараза ташында согуш ыктымалдыгы турган учурда. Бул пикир дүйшөмбүдө Дональд Трамп Италиянын премьер-министри менен жүз көрүшүп чыккандан кийин айтылды. Трампка "Ирандын президенти Хасан Роухани менен жолукканга даярсызбы?" деген суроо берилгенде:

Италиянын премьер-министри Жузеппе Конти жана Дональд Трамп. 30-июль, 2018-жыл.

- Эгер алар жолуккусу келсе, мен албетте, Иран менен жолукмакмын. Алар даярбы же жокпу, билбейм. Азыр аларга оор учур. Бирок мен Иран менен келишимди аягына чыгардым. Ал күлкү келтирерлик келишим болчу. Акыр аягы алар жолугууну каалашына ишенем жана алар каалаган учурда жолукканга даярмын, - деди президент Трамп.

Иран расмийлери Дональд Трамптын билдирүүсүнө кубанып кеткен түр көрсөтүшпөдү. "Фарс"
агенттиги Ислам жумуриятынын тышкы байланыштар кеңешинин төрагасы Камал Харазинин андай сунуштун “эч кандай баалуулугу жок” , Тегерандын америкалыктар менен сүйлөшүүлөрдүн "терс тажрыйбасы бар” деген сөздөрүн келтирди. Ал эми ички иштер министри Рахмани Фазли АКШга
“ишенип болбосун” билдирген.

Алардан айырмаланып президент Роуханинин кеңешчиси сүйлөшүүнү четке какпады. Ошол эле учурда Тегеран кое турган шарттарды атап, “Твиттерге” жазды.

Хамид Абуталеби.

"Ирандын улуу элин сыйлоо, жоолашууну азайтуу жана Кошмо Штаттардын өзөктүк келишимге кайтып келиши. Сүйлөшүүнүн таштак жолун салыш үчүн жасалчу кадамдар ушулар" деп жазат кеңешчи Хамид Абуталеби.

Ушундан улам эки лидер жакын арада жолугар-жолукпасы азырынча арсар болуп турат.

Бир жума мурда эле алар катуу кайым айтышкан. "АКШ Иранга кастык кылып жатат" деген Роухани: “Арстандын куйругу менен ойнобоңуз. Өмүр бою өкүнүп каласыз” деген эле.

Ошого удаа эле ИРНА жаңылыктар агенттиги “Иран менен тынчтык бардык тынчтыктардын, ал эми Иран менен согуш бардык согуштардын энеси экенин Америка билип коюшу абзел” деген Роуханинин сөздөрүн тараткан.

Аз өтпөй Трамп “Кошмо Штаттарды эч коркутпаңыз. Болбосо тарыхта эч ким кабылбаган кесепеттерге туш болосуз. Сак болуңуз” деп эскерткен. АКШнын мамлекеттик катчысы Иран бийлигин “кой терисин жамынган карышкырга” салыштырган.

Хасан Роухани.

Эки өлкөнүн тил табышпай келаткан чоң маселеси өзөктүк келишим. АКШ тарап аны алмаштырууну көздөйт. Иран буга караманча каршы.

2015-жылы Иран жана АКШ баштаган дүйнөнүн бакубат алты өлкөсү өзөктүк макулдашууга жетишкен. Ага ылайык, Тегеран өзөктүк программасын кескин кыскарткан. Ал эми Батыш Иранга салынган экономикалык санкцияларынын басымдуу бөлүгүн жойгон.

Бирок Трамп талапкер кезинен тарта эле келишимди жактырбай, аны "АКШнын кызыкчылыктарына төп келбейт" деп сындап келген. Быйыл майда АКШ андан чыкканын жарыялаган. Бул Иранга каршы санкциялар кайра калыбына келтирилет дегенди билдирет.

Вашингтон Иранды "Перс булуңундагы киберчабуулдарга, Сауд Арабиясына каршы иштерге, террордук теп тааныган “Хезболла” тобуна колдоо көрсөтүүдө" деп айыптап келет. Ушундан улам Трамп Тегеран өзөктүк келишимдин “маңызын” бузуп жатат деп жүйө келтирген.

Иран андай дооматтардын баарын четке каккан. Эки жума мурда АКШ өзөктүк келишимди бузду деп эсептеп Тегеран Эл аралык адилеттик сотуна кайрылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.