Трамп Иран боюнча чечимин жарыялайт

Дональд Трамп.

АКШда бүгүн президент Дональд Трамп өзөктүк келишим боюнча чечимин жарыялаганы жатат. "Вашингтон Ирандын талаштуу өзөктүк программасы боюнча 2015-жылкы көп тараптуу келишимден чыгат" деген кооптонуулардан улам дүйнөлүк биржаларда мунай баасы кымбаттап кетти. АКШнын азыркы президенти өзөктүк келишимди мамлекет башчылыкка талапкер кезинен бери эле кескин сындап жүргөн. Келишимге катышкан Европа державалары соңку апталарда Трампты андан чыкпоого ынандырууга аракет кылышса, Иран эгер АКШ мындай кадамга барса өкүнөөрүн эскертип келди.

Иран келишими боюнча чечимин 8-майда Вашингтон убактысы боюнча саат 14тө, Бишкек убактысы боюнча түнкү 12ден жарыялай турганын президент Дональд Трамп бир күн алдыда адаттагыдай эле "Твиттер" баракчасы аркылуу билдирди.

АКШнын өзүндөгү мыйзам талабы боюнча президент Иран менен 2015-жылы түзүлгөн көп тараптуу келишимдин шарттары аткарылып же аткарылбай жатканын Конгресске токсон күн сайын ырастап турууга тийиш.

Мындан тышкары, ал Тегеранга АКШнын санкцияларынан жеңилдик берген документке кол коюп турушу керек. Кезектеги ошол мөөнөт 12-майда келмек. Трамп өзү жана анын администрация өкүлдөрү Иран баллистикалык ракеталарын өнүктүрүү жана аны сыноо менен өзөктүк келишимдин “маңызын” бузду деп эсептешет.

Иран "Хоррамшахр" баллистикалык ракетасын сынаган учур. 23-сентябрь, 2017-жыл.

Алар ошондой эле анда өзөктүк курал жасоодогу негизги зат болгон уранды байытууга Иранга он жылдык гана чек коюлганын баса белгилеп жүрүшөт:

- Алар келишимдин маңызын сактабай жатышат. Мен силерге мына ушуну айта алам. Биз аны абдан кылдат талдап жатабыз. Бул боюнча жакын арада бизге бир нерсе айтууга туура келет. Бирок Иран келишимдин маңызы менен жашабай жатат, - деген эле президент Трамп мындан бир жыл ашуун мурда, былтыр 20-апрелде Ак үйдөгү басма сөз жыйынында.

Тараптардын эскертүүсү

2015-жылкы көп тараптуу келишимдин тагдыры акыркы жумаларда АКШ менен ага Европадан катышкан Британиянын, Германиянын жана Франциянын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн башкы темасы болуп келди.

Президенттер Макрон жана Трамп Ак үйдөгү басма сөз жыйынында. 24-апрель, 2018-жыл.

Француз президенти Эммануэл Макрон, немис канцлери Ангела Меркел Вашингтондогу сапарларынан соң британ премьер-министри Тереза Мэй менен биргелешкен билдирүүсүндө 2015-жылы түзүлгөн келишимдин тууралыгын дагы бир жолу жакташкан. Бирок алар документти тынчсыздандырган башка маселелер менен толуктаса болорун да белгилешкен.

- Бир нече апта бою биз Британия менен кошо өзөктүк келишимди сактоо боюнча өнөктүк жүргүздүк. Менимче, биз Евробиримдиктин алкагында жакшы сунуштарды киргиздик, аларды америкалык өнөктөштөрүбүзгө бердик. Анткени биз азыр да бул макулдашуу дүйнөнү кыйла коопсуз кылды деп санайбыз, - деди немис тышкы иштер министри Хайко Маас 7-майда француз кесиптеши Жан-Ив ЛеДриан менен жолуккан соң.

Мурдараак Трамп келишимге катышкан Франциядан, Британиядан жана Германиядан документтин, өзү айтмакчы, “катастрофалык кемчиликтерин” оңдоону талап кылган. Ал өз талабы аткарылбаса, келишимден чыгаарын да эскерткен.

Өз кезегинде Иран акыркы апталарда 2015-жылкы келишимди кайра сүйлөшүүгө жана оңдоого барбай турганын, эгер АКШ андан чыкса “өкүнөөрүн” эскертип жатты.

Президент Хассан Роухани 7-майда АКШ келишимден чыгып, бирок башка өлкөлөр сактаган шартта Иран анда кала берерин белгилеген. Ал эми 8-майда Роухани өз өлкөсү алдыда айрым кыйынчылыктарга кабылышы мүмкүн экенин моюнга алды:

Хассан Роухани.

- Өзгөчө кырдаал кайсы учурда болбосун жаралат. Балким кайсы бир адам бийликке келип, өлкөдө адаттан тыш кырдаал түзөт. Бул дүйнөдө болуп жатат. Биз эки-үч ай айрым кыйынчылыктарга кабылышыбыз мүмкүн. Бирок биз кандай болбосун аларды чечебиз. Саясаттын негизи - дүйнө менен иштөө, дүйнө менен конструктивдүү карым катышта болуу.

Мунай базарынын реакциясы

Инвесторлордун "АКШ келишимден чыгат" деген кооптонууларынан улам кечээ-бүгүн дүйнөлүк биржарларда мунайдын баасы көтөрүлүп, баррелине 70 доллардан ашып кетти. Кара майдын биржалык соодадагы "Brent" түрү дүйшөмбү күнү баррелине 76, 34 долларга чейин чыкса, шейшембиде кайра 75, 64 долларга чейин ылдыйлады. Баары бир бул 2014-жылдын ноябрынан берки эң жогорку баа.

2015-жылы Иран дүйнөнүн алты ири державасы: АКШ, Кытай, Франция, Орусия, Британия, Германия менен кол койгон келишимге ылайык, өзөктүк программасын чектөөгө көнүп, мунун ордуна ага каршы киргизилген эл аралык санкциялар жоюлган.

Ошондон кийин 2016-жылдан тартып Ирандын Европа жана Азия менен ишкерлик алкалары жанданып, ал азыр дүйнөдө күнүнө өндүрүлгөн 98 миллион баррел мунайдын 4 миллион баррелге жакынын берүүдө.

Айрым талдоочулардын болжолунда, эгер АКШнын санкциялары кайра жаңыртылса, Иран дүйнөлүк базарга чыгарган мунайдын күндөлүк көлөмү 200, 000ден 600 000 баррелге чейин азайышы мүмкүн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.