Иран дагы бир чет өлкөлүк кемени кармады

Ислам революциясынын сакчылар корпусу 19-июлда Ормуз кысыгында британиялык "Стена Имперо" кармоо учурунда.

Ирандын тандамал аскер бөлүгү - Ислам революциясынын сакчылар корпусу Перс булуңунда араб өлкөлөрүнө контрабандалык мунай алып бараткан делген чет өлкөлүк танкерди кармаганын жарыялады.

Ал арада АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео деңиз жолдорунда Иранга каршы коалиция түзүү ишке ашарына “абдан ишенип” турганын билдирди.

Ирандын «Фарс» маалымат агенттиги мунай ташып бараткан кеменин жети экипаж мүчөсү да кармалганын жазды. Анын кабарлашынча, кеме 31-июлда колго түшүрүлгөн. Бирок кеме жана эпипаж мүчөлөрү кайсы өлкөнүкү экендиги айтылган эмес.

“Айрым булактар Ислам революциясынын сакчылары Перс булуңунда контрабандалык жол менен ташылып бараткан мунай танкерин кармаганын билдирүүдө. Биз бул тууралуу кошумча дагы маалымдайбыз”, - деди Иран телеканалынын алып баруучусу.

Ирандын тандамал аскер түзүмү - Ислам революциясынын сакчылар корпусунун маалыматына караганда, алар Перс булуңунда мыйзамсыз соодага каршы кайтаруу жүргүзгөн жана кармалган кеме Бушер провинциясына жеткирилген. Алардын 4-августта тараткан маалыматына караганда, кеме 700 миң литр күйүүчү майды мыйзамсыз алып бараткан.

Перс булуңунда бараткан кеме. 2018-жыл

Өкмөттүк расмий IRNA агенттиги, Ислам революциясынын сакчылар корпусунун билдирүүсүнө таянып кабарлагандай, танкерди кармоо ал мунайды аткезчилик жол менен ташып баратканына ынанган сот чечиминин негизинде болгон.

Бахрейндеги АКШнын бешинчи деңиз флоту мунай танкеринин кармалганы тууралуу маалыматы жок экендигин билдирген.

Кеменин кармалышы тууралуу маалымат ырасталса, ал Иран чет өлкөлүк танкерди колго түшүргөн биринчи окуя болбойт.

Ислам революциясынын сакчылар корпусу 19-июлда Ормуз кысыгында британиялык "Стена Имперо" кемесин эл аралык эрежелерди бузду негиз менен колго түшүргөн. Ага чейин Британиянын аскер-деңиз күчтөрү 3-июлда санкцияларга карабастан Сирияга чийки мунай алып бараткан деген шек менен Ирандын "Грейс-1" танкерин кармаган.

Британиянын тышкы иштер министри Доминик Рааб "Иран Перс булуңунда кармалган британиялык кемени бошотсо, Британия да ирандык мунай ташыган кемени коё берет" деген ойлорду четке каккан. Ал муну “Ирандык кеме мыйзамды бузганы үчүн, ал эми британиялык танкер себепсиз кармалган» деп негиздеген.

АКШнын президенти Дональд Трамп былтыр 2015-жылы түзүлгөн Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимден чыгып кеткенден бери Тегеран менен Вашингтондун ортосунда, андан тышкары Перс булуңундагы чыңалуу күчөдү.

Вашингтон буга чейин Ормуз кысыгын күзөткөн, анда ташылган жүктөрдү коштоп жүргөн эл аралык коалиция түзүү керектигин сунуштаган. АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 4-августта Перс булуңунда коопсуздукту камсыз кылуу үчүн өнөктөштөрү менен бирге коалиция түзүлө турганына “абдан ишенип” турганын билдирди. Бул тууралуу ал коргоо министри Марк Эспер менен бирге Австралияга барып, бул өлкөнүн коргоо министри менен жолуккандан кийин жарыялады. Ал эми АКШнын коргоо министри Марк Эспер деңиз жолдорун кайтаруунун зарылдыгын мындайча негиздеди.

Марк Эспер.

"Кошмо Штаттары биз тараптын сунушталган Ормуз кысыгындагы, Перс жана Оман булуңдарындагы операция эки максатты көздөй турганын билдирген. Биринчиси – бардык деңиз жолдорунда кемелердин жана сооданын эркин болушу. Экинчиси – түшүнбөстүккө жана жаңжалга алып келе турган Ирандын кандай гана чагымчыл аракети болбосун токтотуу,- деди Марк Эспер.

Австралиянын коргоо министри Линда Рейнолдс деңиз жолдорунда Иранга каршы коалиция түзүү демилгесин дыкат карап жатканын, бирок али чечим кабыл алыша электигин билдирди.

Германия АКШ сунуш кылган Ормуз кысыгын кайтарган миссияга кошулууга “анча дилгир эмес”, бирок Европа миссиясынын алкагында андай ишке катышышы мүмкүн. Мындай билдирүүнү 31-июлда канцлер Ангела Меркелдин кеңсеси жасады. Анын алдында Вашингтон Берлинге кайрылып, дүйнөнүн мунай ташыган эң ири жолунда коопсуздукту камсыздоого жана “Ирандын агрессиясына каршы” күрөшүүгө “жардам берүүнү” сунуш кылган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.