Иран: Ислам революциясына 35 жыл

Хомейнинин Тегеранга кайтып келиши. Ал өз тарапташтарына кол көтөрүп салам жолдоодо. 1979-жыл, 1-февраль.


Аятолла Хомейнинин портретин көтөрүп шахка каршы чыккандар. 


Тегерандыктар куугунтукта жүргөн Хомейнини тосуп алууда. 

Тегеранда өткөн демонстрация. 1979-жылдын февраль айы. 

Аятолла Хомейни Тегерандагы Бехеште-Захра көрүстөнүндө сүйлөп жатат. 1-февраль, 1979-жыл. 


Тегерандын Эркиндик аянтындагы миллиондогон эл катышкан демонстрация. 1979-жыл. 

Хомейнинин портретин көтөргөн аялдар. 

Тегерандагы революциялык акция. 1979-жыл.  

Шахтын режиминин кулашы талкалап-тоноо, имараттарды өрттөө менен коштолгон. 


Исламчыл-студенттер Тегерандагы АКШнын элчилигинин курчоого алышууда. 

Тегерандагы америкалык туткундар.  1979-жылдын аягы. 

Аятолла Хомейни Мехди Базарганды жаңы премьер-министр катары тааныштырууда. 4-февраль, 1979-жыл.  

Ирандагы белгилүү гезит "Кайхандын" биринчи бети Ислам революциясынын жеңишине арналган. 11-февраль, 1979-жыл.