Иран ыңкылабынын 40 жылдыгы

Ирандын Революция сакчыларынын жоокерлери 1979-жылкы ыңкылаптын 40 жылдыгына арналган иш-чарада. 11-февраль, 2019-жыл. Тегеран.

Иран Ислам революциясынын 40 жылдыгын белгилеп жатат. Карга карабастан Тегеранда жана башка шаарларда өкмөт уюштурган демонстрацияларга жүз миңдеген киши катышты.

Баш калаа Тегерандын Азади аянтында өткөн иш-чарада президент Хасан Роухани сөз сүйлөп, революциялык жана улутчул ырлар жаңырып турду.

Президент түмөндөгөн элге кайрылуусунда АКШ Иранга каршы «кутум» уюштурганын айыптады. Ал Вашингтон менен анын өнөктөштөрүнүн кысымына карабай, өлкөнүн аскердик кубатын, ракета программасын арттыруу аракеттери улана берерин белгиледи.

Президент Хасан Роухани. 11-февраль, 2019-жыл. Тегеран.

Ирандын башка шаарларында да жүз миңдеген жоокерлер, динаятчылар, жөнөкөй адамдар демонстрацияларга катышты. Көчөлөрдө илинген баннерлерде «Америкага өлүм!», «Израилге өлүм!», «АКШнын утулушунун 40 жылдыгы» деген жазууларды көрсө болот.​

1979-жылдагы ыңкылапты эскерүү Иранда жылына 1-февралда башталат. Мындан 40 жыл мурун дал ошол күнү Аятолла Рухолла Хомейни Франциядан, 14 жылга созулган бозгундан кайтып келип Ислам Республикасынын жогорку көсөмү болуп калган.

11-февралда АКШ колдогон акыркы шах Реза Пехлевинин бийлиги кулатылып, эки жарым миң жылдык монархияга чекит коюлган. Ошентип, Иранда 40 жылдан бери өкүм сүрүп келаткан ашынган шиит динаятчыларынын режими орногон.

Ыңкылап жөнүндө бүгүнкү ирандык жаштардын көз карашы бир кылка эмес.

- Эми баары эл тарабынан шайланат, - деди алардын бири. - 40 жыл мурун элдин андай укугу жок болчу. Шах буйрук бере берчү, анын айткандарын сөзсүз аткарыш керек эле. Бүгүн, арадан 40 жыл өткөндөн кийин биздин ракеталар, өзөктүк технологиябыз, Жакынкы Чыгыштагы жана дүйнөдөгү жетишкендиктерибиз чар тарапта сөз болуп келатат.

- Ыңкылаптын алдында көп убада берилген, - деди жаштардын дагы бир өкүлү. - Бирок бири да ишке ашкан жок. Америкага көз карандылыктан арылдык. Ошол бир эле максатыбыз бар беле? Жок! Бизде көптөгөн пландар бар болчу, бул алардын бири гана. Башка максаттарыбызды унутуп коюп, ошого эле көңүл буруп калдыкпы?

Бул жолу майрам Иран менен Кошмо Штаттардын мамилелери чыңалып турган кезге туура келди. Былтыр Вашингтон 2015-жылы Тегеран менен дүйнөлүк державалар түзгөн өзөктүк келишимден чыкканын жарыялаган жана Иран экономикасын бутага алган кээ бир санкцияларды калыбына келтирген.

АКШ чыгып кеткен макулдашууга ылайык, Тегеран өзөктүк программасынан баш тартууга көнгөн, бул үчүн санкциялардын бир бөлүгүн алууга убада берилген. Документке кол койгон Европа мамлекеттери келишимди сактап калууга аракет кылышууда.

Аятолла Рухолла Хомейни Иранга аттанаар алдында. 11-февраль, 1979-жыл, Франция.

Майрамдын алдында өлкөнүн бийлиги 50 миңдей айыпкер эркиндикке чыгарыларын же алардын жаза мөөнөттөрү кыскартыларын жарыялаган. Расмий маалыматтарга караганда, Иранда 250 миңдей киши түрмөлөрдө отурат. Мунапыс саясий туткундарга тиешелүү болобу же жокпу, белгисиз.

«Чек арасыз кабарчылар» уюму 1980-жылдардын башынан бери Иранда 61 миң 900 киши саясий айып менен соттолгонун жакында маалымдаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.