Ирак армиясы Мосулдагы көпүрөнү ээледи

Мосул.

Ирак армиясы Мосул шаарынын батыш тарабындагы бир конушту жана маанилүү көпүрөнү согушкерлерден кайтарып алды. Улуттар уюмунун маалыматы боюнча, кармаштар күч алганы жакынкы күндөрү 400 миңдей киши үйүн таштап жер которууга мажбур болушу мүмкүн. “Ислам мамлекети” радикал уюмунун Мосулда жеңилиши согушкерлер үчүн чоң сокку болмокчу.

Тигр дарыясында жарым-жартылай сакталып калган жападан жалгыз көпүрө оңдолгондон кийин өкмөттүк күчтөр көзөмөлдөгөн чыгыш жээктен жүк ташууга шарт түзүлмөкчү. Куралдуу күчтөрдүн өкүлдөрү калаанын эки тарабын туташтыруу стратегиялык жактан өтө маанилүү экенин белгилешет.

Ирак аскерлери экинчи ири шаар – Мосулдун батыш бөлүгүн “Ислам мамлекети” радикал уюмунан бошотуу операциясын 19-февралда баштаган. Аларга АКШ жетектеген коалиция абадан колдоо көргөзүп, шиит бөлүктөрү, күрттөрдүн пешмерга кошуундары көмөктөшүүдө.

27-февралда жасалган билдирүүдө аскерий жетекчилик өкмөттүк күчтөр Мосулдун түштүк ыптасындагы көпүрөнү алышканын, калган беш көпүрө салгылашуулар учурунда буга чейин талкаланып керектен чыкканы белгиленген.

Аскерлер жалгыз жол катнашка эле үмүт артпай, Тигр дарыясына калкыма көпүрө куруу аракетин да көрүшүүдө. Дүйшөмбү күнү түшкө чейин куралдуу күчтөр көпүрөгө жакын Тайаран аймагын ээледи.

Калаанын батыш бөлүгүндөгү көчөлөр өтө тар болгондуктан, ал жерлерде оор техника колдонуу кыйын болорун аскер өкүлдөрү буга чейин эскертип келишкен.

Ал эми Мосулдун чыгыш чөлкөмүн өкмөттүк аскерлер жүз күндүк салгылашуулардан кийин быйыл январда экстремист согушкерлерден тазалоого жетишти.

- Ал-Жозак районун бошотуп, дагы бир көпүрөгө жакындадык. Кудай буюрса, алга жылып жатабыз. Бир нече көзгө атарды жок кылдык, - деди ыкчам аракеттенүүчү күчтөрдүн бөлүгүн жетектеген майор Али Мохаммед.

Аскерлер шаардын түштүк тарабына кирип барганда 10 миң чакты жайкын тургун “Ислам мамлекети” уюмунун жанкечтилеринен качып, аскерлер көзөмөлдөгөн аймактарга ооп келген. Аларга керектүү медициналык жардам берилип, азык-түлүк таратылып жатканын куралдуу күчтөрдүн өкүлдөрү ырасташты.

Улуттар уюмунун маалыматы боюнча, кармаштар күч алганы 400 миңдей киши үйүн таштап жер которууга мажбур болушу ыктымал.

24-февралда гуманитардык уюмдар операциянын эң кооптуу баскычы эми башталарын билдиришкен.

Америка аскерлери шаардын батыш тарабында 750 миңдей жай тургун бардыгын, ал эми жоочулардын саны 2 миңдин тегерегиндеги куралдуу жанкечтилерден турарын кабарлашкан.

"Ассошиэйтед Пресс" агенттиги дарыгерлердин маалыматына таянып акыркы үч күндөгү кармаштарда коопсуздук күчтөрүнүн 30 жоокери жана 200дөн ашуун жайкын тургун набыт болгонун, кыйласы жараланганын жекшембиде кабарлады.

“Ислам мамлекети” радикал уюмунун Мосулда жеңилиши согушкерлер үчүн чоң сокку болмокчу. Алар шаарды 2014-жылдын жай айларында басып алган.

АКШ күчтөрүнүн Ирактагы командачылыгы Мосул жана Сириянын Ракка шаарлары жакынкы жарым жылда экстремисттерден толук бошотулуп, кайтарылып алынат деген ишеничте.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.