Мектеп менен майып кыздын чыры

Балыкчы шаарынын кире бериши.

Балыкчыдагы Чыңгыз Айтматов атындагы №5 мектеп майып, бирок окууга уруксат берилген 14 жаштагы өспүрүм кызды окуудан чыгарды.

Бул тууралуу окуучунун энеси «Азаттык» үналгысына кайрылып, кызы эки жылдан бери мектеп окуучуларынан жана мугалимдерден ыдык көрүп келгенин айтып берди. Класс жетекчиси тескерисинче окуучусу акыркы убакта жанындагыларга кооптуу боло баштаганын айтууда.

14 жаштагы Айжамал Садыкбекова Балыкчыдагы Чыңгыз Айтматов атындагы №5 мектепте 1-класстан баштап 6-класска чейин кадимки окуучулардай эле билим алып келген. Бул тууралуу анын энеси Жылдызкан Султанказиева кеп салып, мугалимдер оорукчан кызын акыркы эки жылда майыптыгы үчүн басынтып, акыры мектептен чыгарып салганын айтып отурду:

Жылдызкан Султанказиева.

- 6-класста бир кыз менен урушуп кетиптир. Мен аны эжейине «эмне үчүн урушту, бети тытылыптыр» деп айтып койдум. Ошондон баштап өчөшүп алып кызымдын ооруганын ата-энелерге жайып, «бул кыз жайында эмес» деп, окутпаш үчүн ар кандай тоскоолдуктарды кылып келди.

Султанказиева кызы Айжамал мындай тоскоолдуктардан улам бирде үч айлап, бирде жумалап сабакка барбай, окуусу үзгүлтүккө учурап келгенин кеп кылып, акыры былтыр ноябрь айында өзүнүн катышуусу жок эле мектептин педогогикалык кеңеши тарабынан окуудан чыгарылганын айтты. Андан кийин бул маселе боюнча жалгыз бой эне көптөгөн эшиктерди түрткүлөп, өз чындыгын издегенин билдирүүдө.

Айжамалдын класс жетекчиси Мээрим Абдыгулова айтылып жаткан дооматтарды четке какты. Ал окуучусу эмне үчүн мектептен чыгарылганын мындайча түшүндүрдү:

- Ал башка бир кыздардын жанында отурганда башкача бир агрессиясы кармап кетет. Бир кыздын калем сабын алып кайра аны колго саят. Кагаздарды айрыйт. Классташтары менен согушканда да аябай катуу урат. Өзү теңдүүлөрдөн күчтүү. Мугалимдердин сабак өтүшүнө да эч мүмкүнчүлүк бербей тентектик кыла берет.

Султанказиева кызы тууралуу мугалимдин айтканына ишенбей турганын белгилеп, Айжамалды жоош, тартынчаак кыз катары мүнөздөдү:

- Мен өзүм алып келип Бишкектеги №3 балдар ооруканасынын психиатрына көрсөттүм. Дарыгерден: «Мектепке киргизбей жатышат. Эмне кылам? Балам «сабакка барам» деп ыйлап турат»,- деп сурадым. Врач: «Мунун эч кандай зыяны жок, «мектепке окусун» деп уруксат берилген», - деди.

14 жаштагы Айжамал бала кезден психикалык саламаттыгына байланыштуу F70 шрифи боюнча майыптык алган.

Султанказиева мыйзам боюнча педогогикалык кеңештин кайсы бир окуучуну ден соолугуна байланыштуу мектептен чыгарууга укугу жок экенин айтып, бул үчүн тиешелүү жетекчилер жооп беришин көздөп жатат. Мындай чечимди Балыкчы мэриясынын калкты социалдык камсыздоо боюнча вице-мэри Бегайым Алгожоева башында турган комиссия чыгарган.

Бегайым Алгожоева.

- Бул маселе боюнча Айжамалдын классташтарынын ата-энелери кайрылган, - деди Бегайым Алгожоева. - «Коркунуч болуп атат, бир кызыбызды чаап ийсе көзү ооруп калыптыр» дешти. Биздин комиссия болгону шаардык билим берүү бөлүмүнө «психо-педагогикалык комиссия түзүп өзүңөр чечим чыгаргыла» деп жөнөткөн. Шаардык билим берүү башкармалыгы ошол комиссияны түзүп чакырса кыздын апасы барбай жатат. Азырынча мектеп «балдардын ата-энеси кайрылып жатса, мектепте чатак болуп жатса Айжамалды өзүбүз үйдөн окутуп туралы» деп сунуш кылган. Бирок энеси барган мугалимдерди киргизбей жатыптыр.

Балыкчы шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Нургүл Мамбетова Айжамалды мектептен чыгаруу убактылуу чечим экенин айтып, бул маселе адистер тарабынан дагы териштирлерин билдирди:

- Биз документте «психо-педагогикалык комиссиянын чечимине чейин убактылуу үйдөн окутуу жөнүндө чечим кабыл алдык» деп көрсөткөнбүз. Азыр Билим берүү министрлигинен тиешелүү комиссия түзүлдү. Бирок кыздын апасы келбей жатат. Биз кызды такыр эле мектептен чыгарып салалы деген жокпуз. Эки жактын кызыкчылыгын бирдей көрүп эле Айжамалды үйдөн окутуп туралы дедик да. Азыр бул маселе боюнча иштеп жатабыз. Апасына түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз.

Мектептеги майып кыздын айланасындагы талаш-тартыш эки жылдан бери уланып келе жатат. Балдардын укугун коргоочу Тамара Балкибекованын айтымында, Кыргызстанда азыр мындай окуялар көп катталат. Мунун эң башкы себеби - адистердин жоктугу.

- Эгер мектепте адистер болсо анда ал кыз менен жакшылап иштешмек, - дейт укук коргоочу. - Адистердин жоктугунан улам аны кыйын абалга такап коюп, «агрессия кылып атат» деп башка мектепке которушат. Мындай окуялар аябай көп. Бирок мыйзам ал бала кайсы мектепте окуса, ошол жерде калганга уруксат берет.

Балкибекованын сөзүнө караганда, мындай абалдагы балдарды жалпы билим берүү мектебинде окуганга багыт берген айрым адистер Кыргызстанда да жок. Мисалы, алардын бири коррекциялык педагогдор.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.