Сайех: Ирактагы лагерден кыргыз жарандарын көргөнбүз

Ирактагы Ал-Хазар лагери, 27-октябрь 2016-жыл.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Багдад шаарында балдары менен камалып жатат делген үч кыргызстандык аял боюнча маалыматты тактап берүү өтүнүчү менен Ирак мамлекетине кайрылды.

“Норвегиянын качкындар кеңешинин” Ирак боюнча өкүлү Александра Сайех “Азаттык” менен маегинде былтыр Мосулдун жанындагы лагерде баш калкалап жаткан чет өлкөлүктөрдүн көбү Багдаддагы абактарга которулганын, алардын арасында кыргызстандыктар да болгонун айтып берди.

“Азаттык”: 2014-жылдан бери Жакынкы Чыгыштагы экстремисттик топторго миңдеген чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде жүздөгөн борборазиялыктар үй-бүлөсү менен кошулганы маалым. Эркек согушкерлердин бир бөлүгү мерт болсо, айрымдары качканы кабарланып келет. Ал эми алардын үй-бүлөсү, айрыкча балдары эмне болду?

Александра Сайех: "Норвегиянын качкындар кеңеши" (NRC) буга чейин Мосулдун жанындагы лагерде иш алып барган. Ал жерге согушкерлердин аялдары жана балдары делген 1400дөй адам Талл-Афар сыяктуу аймактардагы операциялардан качып барышкан. Жарымына чукулу Орусия менен Түркиянын жарандары эле. Саны көп болбосо да лагерден борборазиялыктарды кезиктиргенбиз. Алардын арасында кыргызстандык жана өзбекстандыктар да бар болчу.

Ал жактагы аялдардын көбү Иракка келүүгө мажбур болушканын же бул өлкөдө эмне болуп жатканын түшүнбөй эле келгенин бизге айтып беришкен. Жоочулардын аялдары менен балдарынын арасында жараат алгандары, күйөөлөрү же аталары кайда экенин билбегендери көп болчу.

Сентябрь айынан тарта бул үй-бүлөлөр Ирактын башка аймактарындагы абактарга которула баштады. Азыр жоочулардын үй-бүлөлөрүнүн көбү Багдаддагы түрмөдө экенин, Ирак бийлиги алардын террорчулукка катыштыгы бар же жогун иликтеп жатканын билдик. Учурда бизде алар менен байланыш жок. Андыктан алар кандай шартта кармалып турганын так айта албайбыз.

“Азаттык”: Жакында жоочулардын жубайлары делген кыргызстандык үч аял балдары менен Багдаддагы түрмөдө кармалып турганы кабарланды. Сиз лагерде борборазиялыктар да болгонун айтып өтпөдүңүзбү. Ал жакта кыргызстандыктардын саны канча эле? Алар менен кандай шартта кездештиңиздер эле?

Александра Сайех

Александра Сайех: Ал мезгилде алар менин кесиптештерим жолуккан эле. Алардын айтымында, лагерде саналуу гана кыргызстандык жана өзбекстандык жарандар болгон. Так саны жок, балким ондон ашпайт. Алардын абалы лагердеги башка адамдардан деле өтө айырмаланбаганын, көбү кысынып, санаага батып жүргөнүн айта алам.

Бул адамдар согуштан качып келишкен. Алар психологиялык травмага дуушар болушкан. Үй-бүлө мүчөлөрүн жоготуп алышкан. Алар каякка келгенин же каякка баратканын деле билишкен эмес. Бизге эмне болот деп кызматкерлерибизден көп сурашчу. Айрымдары зордук-зомбулукка кабылганын айтып беришкен.

“Азаттык”: Эми жоочулардын үй-бүлөлөрүн эмне күтүп турат? Алардын тагдыры эмне болот?

Алар каякка келгенин же каякка баратканын деле билишкен эмес. Айрымдары зордук-зомбулукка кабылганын айтып беришкен

Александра Сайех: Аларга айып тагуу же алардын кылмышка аралашканын аныктоо маселеси Ирак бийлигине көз каранды. Бирок эч ким күйөөсүнүн же атасынын күнөөсү үчүн жоопко тартылбашы керек. Аларга жоромолдордун негизинде, далилсиз чечим чыгарылбашы зарыл.

Алдыда узакка созулган иликтөөлөр болорун түшүнүп турабыз. Айрымдары өмүр бою абакка кесилгенин же өлүм жазасына тартылганын угуп жатабыз. Жоочулардын үй-бүлөлөрүнүн арасында акталгандары да жок эмес.

Жоочулардын аялдарынын көбү бул жакка билбей келишкенин бизге айтып беришкен. Кылмышка баргандары болсо да, аларга акыйкат сот болушу керек.

Ал эми балдар үчүн алардын мекениндеги жакын туугандарын аныктоого жардам берген уюмдар бар. Өспүрүмдөр да ата-энелеринин кылганы үчүн жооптуу эмес экенин эске алуу керек. Себеби аларда тандоо укугу болгон эмес. Андыктан колдон келсе балдардын туугандары же ата-энелери менен бирге болушун камсыз кылуу маанилүү.

"Ислам мамлекети" террордук тобунун согушкерлеринин үй-бүлөлөрү кармалган Мосулдун түштүгүндөгү лагерь, 19.07.2017

“Азаттык”: “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу өз аймагында жашаган адамдарга өзүнүн күбөлүгүн, документтерин бергени белгилүү. Согушкерлердин үй-бүлөлөрүнүн тек-жайын аныктоодо кандай маселе бар?

Александра Сайех: Бул Ирактагы кеңири жайылган маселе. Чет өлкөлүктөр болобу же ирактыктар болобу, алар качып чыгышканда документтерин же жоготуп алышкан, же согушкерлер тартып алып коюшкан. Өзгөчө “Ислам мамлекети” тобу көзөмөлдөп турган учурда төрөлгөн балдардын күбөлүгү жок. Алардын абалы оор.

Бул чет өлкөлүктөргө гана эмес, ирактыктардын көбүнө тиешелүү көйгөй. Биз эч документи жок үй-бүлөлөрдү көп кездештирдик. Биз бийлик өкүлдөрүн аларга ким экенин күбөлөгөн документтерди берүүгө үндөгөн элек. Мындай күбөлүктөр балдарды тооруп турган ыктымал коркунучтарды алдын алууга жардам берет.

“Азаттык”: Ирактын бийлиги да жоочулардын үй-бүлөлөрүнүн көбү “Ислам мамлекети” тобунун пропагандасынын курмандыгына айланганын билдирип жатат. Балдардыкы түшүнүктүү, бирок жоочулардын аялдары террорчул аракеттерге аралашканын же аралашпаганын кантип аныктоо керек?

Өспүрүмдөр да ата-энелеринин кылганы үчүн жооптуу эмес экенин эске алуу керек. Себеби аларда тандоо укугу болгон эмес.

Александра Сайех: Албетте, бул өтө кыйын. "Норвегиянын качкындар кеңеши" көз карандысыз, бейтарап гуманитардык уюм. Биз суу, азык-түлүк сыяктуу жардамга муктаждарга көмөкчү болобуз. Жоочулардын үй-бүлөлөрүнүн күнөөсүн аныктоо ишине аралашпайбыз.

Ал ишти Ирактын бийлиги алып барат. Биз болгону ачык, акыйкат иликтөө жүргүзүүгө, шектүүлөргө адамгерчиликтүү мамиле жасоого гана чакыра алабыз. Кырдаал өзү татаал. Оңой жооп табуу мүмкүн эмес.

“Азаттык”: Жакында он жаштагы тажикстандык кыз Багдаддагы лагерде табылганы, ал Тажикстандагы жакындарына видео кайрылуу жолдогону белгилүү болгон. Тажик бийлиги да ал кызды мекенине кайтаруу аракетин көрүп жатканын билдирген. Андай үй-бүлөлөрдү мекенине алып келүү боюнча кандай механизмдер бар?

Александра Сайех: Бул өтө татаал жагдай. Эң башкысы өкмөттөр бири-бири менен чогуу иш алып барышы керек. Себеби кеп ар кыл мамлекеттердин жарандары жөнүндө болуп жатат.

Андай адамдар ар кандай формадагы коргоого муктаж болушу мүмкүн. Ар бир мамлекет тиешелүү жардамдарды көрсөтө алышат.

"Азаттыктын" архиви: Сириядан “бейиш” издегендер... 2015-жыл

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.