Жамиля: Немис сахнасына кыялым алып келди

Жамиля Раимбекова Германиядагы Росток шаарынын Элдик театрындагы белгилүү ырчы.

Жамиля Раимбекова Германиянын Росток шаарындагы Фолькстеатрда (Элдик театрында) сегиз жылдан бери алдыңкы солист катары эмгектенип келет. Журтташыбыз чыгармачылыгы жана Германиядагы жашоосу тууралуу “Азаттыкка” маек берди.

"Азаттык": Жамиля, азыр кайсы партиянын же чыгармалардын үстүндө иштеп жатасыз?

Жамиля Раимбекова: Азыр Жузеппе Вердинин “Фальстаф” операсындагы Алисия Форддун партиясын даярдап жатам.

"Азаттык": Германияда, болгондо да элдик театрда башкы солист болуп иштөө оңой эмес да. Ал жакка кандайча барып калдыңыз?

Жамиля Раимбекова: Мен студент кезимде эле мамлекеттик маданий иш-чараларда, президенттик концерттерде көп ырдачумун. Ошондой концерттердин биринде ал кездеги президент Аскар Акаев мени байкап калып, "бул кыз сөзсүз чет жактарда билим алышы зарыл" дептир.

Бир нече айдан кийин ДААД программасы аркылуу Германиянын бир нече академиясына өз үнүм жаздырылган аудиолорду жибергем. Росток жана Киль шаарларындагы Музыка жана театр академияларына өтүптүрмүн. Эмнегедир Росток шаарында билим алууну туура көрдүм. Азыр дал ушундай тандоо жасаганыма кубанам. Ошентип, бул жакка келип, эки жыл аспирантурада окуп, артыкчылык диплому менен аяктадым.

2005-2007-жылдары Орусиянын Эл артисти, белгилүү пианист, мен сыйлаган инсан Лариса Гергиевадан чакыруу алып, Санкт-Петербургдагы Мариинский театрынын алдындагы "Жаш аткаруучулар академиясында" иштедим. Мариинский театрынан көп тажрыйба топтодум, бир топ нерселерди үйрөндүм. Ошол эле маалда Германияга эң аз дегенде жылына эки жолу келип, концерттерге катышып турдум. Ошондой концерттердин биринде Ростоктун элдик театрынын өкүлдөрү мени байкап калып чакырышты. Бардыгы ийгиликтүү болду десем жаңылышпайм. Ошентип 2008-жылдан бери ушул театрда эмгектенип келем.

"Азаттык": Росток шаары, өзүңүз иштеген театр тууралуу азыноолак айта кетсеңиз?

Жамиля Раимбекова: Росток - Балтика деңизинин боюнда жайгашкан чакан, абдан кооз шаар. Түндүктө жайгашкандыктан эли бир аз түнт, бир мүнөз келишет. Бирок жакшылап таанышып алсаң, достукка абдан бекем болушат. Ростоктун калкы Мүнхен, Франкфурт шаарларындай көп эмес. Бирок мага ушундай шаарда жашаган жагат. Театр тууралуу айтсам, азыр жаңы имарат куруу тууралуу сөз болуп жатат. Ростоктун өзүнүн мындан да эски, кооз театры Экинчи Дүйнөлүк согуш маалында урап калган экен. Эми жаңы театрды илгеркинин көчүрмөсү кылып кайра тургузууну көздөп жатышат.

"Азаттык": Күйөрмандар ар кайсы мамлекетте ар кандай болсо керек? Сизди кайсы жердин сахнасы көбүрөөк өзүнө тартат?

Жамиля Раимбекова: Албетте, күйөрмандар ар жерде ар башка, бири-биринен айырмаланып турат. Керек болсо Германиянын ар тарабында ар башка. Маселен, өлкө түштүгүндө көрүүчүлөр абдан эмоциялуу келип, оттой жанып турушат. Ал эми түндүктөгү эли оор басырыктуу. Бирок мен дал ушул түндүктүн элин таң калтырууга умтулам. Анткени театрга келген эл ордунан тура калып кол чапса, демек, спектакль чын эле өтө жогорку деңгээлде өткөн болот. Мен негизи театрга келген бардык күйөрмандарымды барктайм. Алардын алкоосуна татыганым - чоң бакыт. Кыргызстанда болобу, Германияда болобу эч айырмасы жок.

"Азаттык": Ал эми кыргыз көрүүчүлөрү эмнеси менен айырмаланат?

Жамиля Раимбекова: Кыргызстандагы күйөрмандар абдан жылуу кабыл алат. Мен өз жеримдин сахнасында ырдаганды жакшы көрөм. Мекениме көбүрөөк барууга мүмкүнчүлүк болсо, абдан бактылуу болот элем. Бирок, албетте, концерттерди уюштуруу жана жолдун алыстыгы кыйла түйшүк жаратат.

"Азаттык": Сиз жакында эле Бишкекте өткөн “Теңгри” деген аталыштагы классикалык музыканын фестивалына катышыптырсыз. Негизи жылына канча жолу барып турасыз? Дегеле Кыргызстанда классикалык музыканын өнүгүшүнө кандай баа бересиз?

Жамиля Раимбекова: Мага бул жыл абдан үзүрлүү, акыбеттүү болду. Кыргызстанда эки жолу болдум. 2010-жылы чоң концерт койгондон кийин бара албай жүргөм.

Эми классикалык музыка менен опера искусствосунун абалы бир эле Кыргызстанда эмес, бүткүл дүйнө жүзү боюнча ойдогудай болбой жатат. Анткени искусствонун бул түрү абдан көп материалдык жана моралдык салымды талап кылат. Бул тармактан көп акча таба албайсың. Кыргызстанда экономикалык жана саясий абал бир калыпта эмес болсо да, соңку жылдары классикалык музыкага кызыгуунун өсүп жатканы байкалат. Сиз айткан “Теңгри” фестивалына келген көрүүчүлөрдүн көптүгү жана алардын күндүн суугуна карабай, акырына чейин концертти көргөнү абдан кубандырды. Ошондогу менин кубанычымды сөз менен сүрөттөө кыйын. Мен негизи жылына эки-үч жолу барып, таланттуу, билимдүү жаш музыканттарга мастер-класстарды өткөрсөм деп кыялданам. Кудайга шүгүр, азыр бир топ европалык дирижерлор, режиссерлор менен жакшы байланыштамын. Аларды да алып барып, жаштарга стилистика, европалык классикалык музыка деген эмне экенин терең түшүндүрүп бергим келет. Бул кыялым ишке ашат деп ойлойм. Анткени Кыргызстанда буга кызыкдар адамдар бар.

"Азаттык": Үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз. Жолдошуңуз дагы музыкант окшойт э?

Жамиля Раимбекова: Үй-бүлөнү Германиядан курдум. Жолдошум экөөбүз академияда чогуу окуганбыз. Ал дагы музыкант. Бирок академияны аяктаган соң, бул тармакта жакшы акча таап, үй-бүлөнү багуу мүмкүн эмес экенин баамдаган соң башка багытты тандоону туура көрдү. Ал кайрадан медициналык окуу жайды бүтүрдү. Ошентип көп убактысы кеткени менен, азыр ал шаардагы мыкты дарыгерлердин бири. Биз 2013-жылы баш коштук. Ортобузда Назар аттуу уулубуз бар. Түгөйүм музыка менен алектенбей калса да, аны жакшы түшүнгөнү мага колдоо. Бул жашоомду жеңилдетет.

"Азаттык": Өзүңүздүн кыялыңызда ушул арияны же ушул ролду аткарсам деген ой барбы?

Жамиля Раимбекова: Албетте, мен Жузеппе Вердинин “Трубадур” операсындагы Элеонораны аткаргым келет. Балким, бир кезде Жакомо Пуччинин “Тоска” операсындагы Тосканын ролун аткаруу кыялым да орундалар. Негизи мен жаштарга ар дайым кыялдангыла деп кеңеш берер элем. Мен да бала чагымда, тээ Советтер Союзунун маалында эле чет жактарда окусам деп кыялданчумун. Кыялданып, тынбай эмгектенсе эле адам көп нерсеге жетет деп ойлойм.