Шүкүров: Климаттын өзгөрүүсүнө көнүү кыйын

Эмил Шүкүров

Климаттын өзгөрүшү, күндүн адаттан тыш ысып кетиши Кыргызстанга жана анын жашоочуларына кандай таасир этет? Бул суроолорго география илиминин доктору, профессор Эмил Шүкүров жооп берет.

Шүкүров: Соңку кезде климаттын өзгөрүп жатканы көп айтылып жатат. Бирок бул туура эмес чечмелөө. Чынында климат адамдын айынан бузулду. Салыштырып айтканда, жолдо жүрүп бараткан машиненин рулун алып коюп, бул машине оңго же солго кетет деп айта албайбыз. Аны таптакыр башкара албай калабыз. Азыркы климаттын абалы дал ушундай.

Жер шарында токой аянты кургактыктын жарымын араң түзүп калды. Ал кеминде 60 пайызын түзүшү керек эле. Эми климат күтүүсүз өзгөрүшү мүмкүн. Бирде өтө ысып кетсе, бирде үшүк жүрүшү ыктымал.

"Азаттык": Бул өзгөрүү бизге, Кыргызстанга кандай таасир этет?

Аравандагы сел. 9-июль.

Шүкүров: Эгер климат бир жактуу өзгөрсө ага көнүп кетүү оңой болмок. Бирок бир эле учурда жылып, кайра сууп кеткенге көнүү мүмкүн эмес. Мындай аба ырайы биз үчүн өтө опурталдуу. Себеби, Кыргызстан кошуна турган түздүктүү өлкөлөрдөн айырмаланып көп климаттуу. Бир эле Ысык-Көл ойдуңун алып карасак, ондон ашуун климаттын түрү бар. Алар башаламан алмашса элге эле кыйын болот.

Кыргызстанда соңку 25 жыл аралыгында биз табигый экосистеманын жарымынан көбүн талкаладык. Мурда анын көлөмү 60 пайыздан ашса, азыр 30 пайызга жетпеген гана аянт калды. Климатты түзгөн эң кубаттуу фактор - бул токойлор.

Соңку 25 жыл аралыгында биз табигый экосистеманын жарымынан көбүн талкаладык. Мурда анын көлөмү 60 пайыздан ашса, азыр 30 пайызга жетпеген гана аянт калды.

Өткөн кылымдын башында токой аянты өлкөнүн 20 пайызын ээлеген болсо, азыр беш пайызга жетпейт. Эгер токойлорду калыбына келтире турган болсок, жок дегенде климатты жайгаруу механизми пайда болмок.

Жаан-чачын көбүрөөк жаап, аба табынын өйдө-ылдый секирүүсү басаңдамак. Башкача айтканда, стабилдүү климат пайда болмок.

"Азаттык": Ушу жумада Кыргызстанда күн катуу ысып, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги этият болгула деп эскертүү берди. Бул кескин өзгөрүү адамдын ден соолугуна кандай таасир бериши мүмкүн?

Шүкүров: Климаттагы кескин өзгөрүү адамга өтө терс таасирин тийгизет. Себеби, биз Евразиянын ортосунда, континенталдык климат орун алган жерде жашайбыз. Бирде үп тарткан, бирде муздаган же ашыкча нымдуу аба организмге зыянын тийгизбей койбойт. Бир топ оору пайда болот.

Мындан сырткары аба ырайы айыл чарба азыктарын өндүрүүгө да терс таасирин тийгизет. Өлкөнүн бир аймагында жаанчыл болуп суу каптаса, бир четинде кургакчылык, башка аймакта эрте үшүк жүрөт дегендей. Агрардык сектордун иши климатка түздөн түз байланыштуу. Кескин же башаламан өзгөргөн климат туризмге да кедергисин тийгизиши мүмкүн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.