Индонезиянын Өзгөчө кырдаалдар агенттиги деңизден учактын калдыктары жана жүргүнчүлөрдүн буюм-тайымдары табылганын жазып, сүрөттөрүн жарыялады. Көп өтпөй суудан бир нече адамдын өлүктөрү да табылганы маалым болду. "Учак кулады" деген болжолдуу аймактагы суунун тереңдиги 30-40 метрге жетет.
- Биз бир нече адамдын жеке документтерин, паспортторун, айдоочу күбөлүктөрүн, банк китепчелерин таптык. Учурда издеп-куткаруу иштерине 150 куткаруучу жана 150 армия менен полиция өкүлдөрү тартылды, - деди Өзгөчө кырдаалдар агенттигинин өкүлү Нугрохо Буди Вируянто.
"Lion Air" авиакомпаниясына таандык "Boeing 737 Max" лайнери дүйшөмбүдө эртең менен абага көтөрүлгөндөн 13 мүнөт өткөндөн кийин кулап түшкөн. Өлкөнүн бийлиги маалымдагандай, учактын бортунда экипаж мүчөлөрүн кошкондо 189 адам болгон. Алардын арасында үч ымыркай да бар эле. ВВС учакта Индонезиянын Финансы министрлигинин 20дай өкүлү да болгонун жазды. Учактагылардын туугандары Жакартанын аэропортуна чогулуп, жакшы кабардан үмүтүн үзбөй турушат. Индонезиянын президенти Жоко Видодо аларды сабырдуу болууга чакырып, колдоосун билдирди.
- Биз борттогуларды табуу жана куткаруу үчүн бардык аракеттерди көрүп жатабыз, - деди ал. - Мен алардын тирүү табылышын тилеп жатам. Албетте, мен жакын туугандардын, үй-бүлө мүчөлөрүнүн сарсанаа болуп жатканын түшүнөм. Бирок азыр жеринде колунан келген аракеттерин көрүп жаткан куткаруу командасынан жаңылык күтүп, сабырдуу болууга чакырам.
Учак Суматра жана Батыш Ява аралдарынан алыс эмес жерде Ява деңизине кулап түшкөн. Өлкөнүн Авиация башкармалыгынын өкүлдөрү маалымдагандай, учак менен байланыш үзүлгүчө борт базага кайтууга уруксат сураган. Лайнерди чыгарган "Boeing" компаниясы кырсык боюнча өкүнүчүн билдирип, кырдаалга кылдат көз салып жатканын билдирди.
Маалыматтарга караганда, JT-610 каттамын жүргүзүп жаткан "Boeing 737 Max" учагы - 2016-жылы чыгарылган жаңы лайнер. Аны "Lion Air" компаниясы быйыл августта эле сатып алган. Кырсыкка эмне себеп болгону азырынча белгисиз.
"Lion Air" - Индонезиядагы ири жеке авиакомпаниялардын бири. Ал өлкө ичинде 126 шаарга, андан тышкары Сингапурга, Вьетнамга, Малайзияга жана Сауд Арабиясына да каттамдарды жүргүзөт.
Компанияга караштуу учактар буга чейин да бир нече жолу кырсыктаган. 2004-жылы анын учактарынын бири конуп жатканда авария болуп, борттогу 163 кишинин 25и курман болгон. 2013-жылы "Boeing 737" учагы Бали аралындагы конуу тилкесине жетпей, суунун жээгине кулап, эки бөлүнүп калган. Бирок анда ичиндеги 108 адамдын баары тирүү калган. Евробиримдик "Lion Air" компаниясын кооптуу компаниялардын тизмесинен 2016-жылы чыгарып, быйыл кайра кошкон.