Индия Кашмирдин атайын макамын жоёт

Кашмирдин Индияга баш ийген аймагындагы Жамму шаары. 5-август, 2019-жыл.

Индиянын өкмөтү Кашмирдин Нью-Делиге баш ийген бөлүгүнүн атайын макамын жокко чыгарууну чечти. Ага ылайык, мусулмандар басымдуулук кылган Жамму жана Кашмир штаты мурдагыдай өз алдынча иш алып бара албай калат. Бул чечимди коңшу Пакистандын бийлиги кескин сынга алууда.

Индиянын өкмөтү Жамму жана Кашмир штатынын ондогон жылдардан бери өзгөрбөй келе жаткан атайын макамын жокко чыгарууга киришти. Мындай чечимди өлкөнүн ички иштер министри Амит Шах 5-августта өкмөттүн Коопсуздук комитетинин чукул жыйынына көп өтпөй парламентте жарыялады.

Бул чечимге ылайык, Индиянын Конституциясындагы бул аймакка өзгөчө ыйгарым укук берген 370-берене жокко чыгарылат.

Индиянын ички иштер министри Амит Шах май айындагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жарыялангандан кийин. 23-май, 2019-жыл.

«370-берененин 3-бөлүмүндөгү ыйгарым укукту колдонуу менен, ошондой эле парламенттин сунушун эске алуу менен президент жарыялайт: Индиянын президенти бул декларацияга кол коюп, ал өкмөттүн басылмаларына жарыяланган күнү 370-берененин биринчи бөлүмүнөн башка бардык бөлүмдөрү ишин токтотот», - деп билдирди Индиянын ички иштер министри Амит Шах.

Бул берененин негизинде Кашмирдин Нью-Делиге баш ийген бул бөлүгү өзүнүн Баш мыйзамы менен иш алып барып, өзүнүн желегине ээ болуп, тышкы саясат, коргонуу жана коммуникация тармактарынан башка бардык маселелерде өз алдынча чечим кабыл алып келген.

Ошондой эле Конституциядагы бул жобо штаттын тургундарынан башка индиялыктарга аймакка келип туруктуу отурукташууга, жер тилкесин же кыймылсыз мүлк сатып алууга, жергиликтүү өкмөттө же окуу жайларда иштөөгө тыюу салган.

Жамму менен Кашмирдин таржымалы

1947-жылы Британиянын чөлкөмдөгү үстөмдүгү аяктагандан бери мусулмандар басымдуулук кылган Кашмир аймагын дээрлик үч мамлекет башкарып келет. Аймактын түндүк-батышы Пакистанга баш ийсе, түндүк-чыгыш тараптагы бир аз бөлүгүн Кытай көзөмөлдөп турат. Кашмирдин түштүгүндөгү Жамму жана Кашмир аймагы болсо өзгөчө макам менен Индиянын курамында болууну чечкен. Андан бери Пакистан менен Индия Кашмирге толук ээлик кылуу укугун талашып, эки өлкөнүн ортосунда кеминде эки ирет ири согуш чыккан.

Пакистанда Индия өкмөтүнүн чечимине каршы демонстрациялар башталды. Исламабад, 5-август, 2019-жыл.

Андыктан Индия өкмөтүнүн соңку чечими аймактагы оппозиция лидерлерин жана расмий Исламабаддын катуу нааразы кылды. Пакистандын тышкы иштер министри Шах Махмуд Куреши Индиянын кадамы Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин Кашмирдеги чатакты жөнгө салууну көздөгөн 47-резолюциясына каршы келерин жергиликтүү телеканалга айтты.

Штаттагы оппозициянын айрым өкүлдөрү эгер 370-берене жокко чыгарылса, мусулмандар басымдуулук кылган бул аймакка хиндулар келип отурукташа баштай турганын билдиришти.

Жамму жана Кашмир штатынын мурдагы башкы министри Мехбуба Муфти Нью-Делинин чечимин «мыйзамсыз» деп атады.

«Бүгүн Индия демократиясынын эң күүгүм тарткан күнү болуп калды. Индия өкмөтүнүн 370-беренени жокко чыгаруу тууралуу чечими мыйзамсыз жана Конституцияга каршы келет. Бул кадам Индияны Жамму менен Кашмирдеги баскынчы күчкө айлантып коёт», - деп жазды Муфти «Твиттердеги» барагына.

Өкмөттүн бул чечиминин алдында Жамму жана Кашмирдин Муфти баштаган мурдагы эки жетекчиси үй камагына алынган.

Кашмирде коопсуздук чаралары күчөтүлдү

Индиянын жетекчилиги Пакистанда жайгашкан жоочулар аймакка чабуул коюну пландап жатканын жүйө келтирип, бир нече күндөн бери штатта коопсуздук чараларын күчөтүп жаткан.

Кашмирдин Жамму шаарындагы кырдаал. 5-август, 2019-жыл.

3-августта Жамму менен Кашмирдин бийлиги жоочулардын болжолдуу чабуулу тууралуу маалымат тараткандан кийин индиялык студенттер жана туристтер аймактан чыгып кете баштаган.

Соңку бир канча күндө Нью-Дели аймакка кеминде 10 миңдей кошумча аскер жөнөткөнү белгилүү болду. Айрым маалымат каражаттары кошумча күчтөрдүн саны 25 миңге жетерин жазып жатышат.

5-августтун таңында Жамму менен Кашмирде телефон жана Интернет байланышы иштебей калды. Аймактын негизги шаары болуп саналган Сринагарда мектептер жабылып, каттамдарга чектөө киргизилди.

«Түндөн бери түшүнүксүз бир жагдай өкүм сүрүп жатат. Биринчиден Интернет үзүлдү, андан соң чөнтөк телефондорубуз иштебей калды. Биз башкаларга чала албайбыз, алар бизге чала албай жатышат. Андыктан үйдөгүлөр бизден кабар ала албай сарсанаа болуп жатышса керек», - деди аймакта жүргөн туристтердин бири Сумит.

Жекшемби күнү болсо расмий Исламабад Индия Кашмирдин Пакистанга баш ийген аймагына артиллериялык сокку урганын, андан жергиликтүү бир аял оор жарадар болгонун билдирген.

Андан бир күн мурда да Пакистандын бийлиги Индияны «кластер бомбаларын уюштурду» деп айыптап, андан эки кишинин өмүрү кыйылганын кабарлаган. Бирок Нью-Дели Исламабаддын мындай дооматтарын четке кагып жатат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.