Ахмединежаддын экономикалык саясатын ЭВК оң баалады

Иран экономикасынын күзгүсү - Тегерандагы чоң базар.

Эл аралык валюта кору 13-июнда Ирандын экономикасы тууралуу өлкө жетекчилиги кубангандай билдирүү жасады. Бирок айрым көз карандысыз экономисттер ЭВКнын Иран экономикасына койгон диагнозуна макул эмес.
ЭВКнын (орусча МВФ) маалыматы боюнча, 2009-2010-жылдары дүйнөлүк базарда мунайдын наркы ылдыйлаганына карбастан, Ирандын экономикасы, мунай-газ тармагын кошпогондо, орточо 3, 5 пайызга өскөн.

Мындай ийгиликке Иран Ислам Республикасы өнөр жайындагы жана айыл чарбасындагы олуттуу өсүштүн эсебинен жетишкен. Бирок бардык эле экономисттер ЭВКнын баасына макул эмес.

Иран сындаган жолуна түштү

Баш кеңсеси Вашингтондо жайгашкан Эл аралык валюта фонду, кыскача ЭВК, улуттук өкмөттөрдүн социалдык чыгымдарды кыскартуусун жана жана экономиканы либералдаштыруусун жанындай колдойт.

Башкача айтканда, эркин экономиканын мыяткери.

2005-жылы Махмуд Ахмединежад президент шайлангандан тарта Иран бийликтери дүйнөлүк капитализмдин күнү бүтүп баратканын тынбай жар салып келет.
Президент Ахмединежад Иран Ислам Республикасынын түптөөчүсү Аятолла Хомейнинин портрети алдында сөз сүйлөөдө. Тегеран. 3-июнь 2011


Бирок Ахмединежаддын кабинети инфляцияны оозуктоодо ЭВКнын идеологиясын тутунганын уюм 13-июнда жарыяланган доклад көрсөттү.

“Өкмөттүн монетардык саясаты инфляцияны 2008-2009-жылдардагы 25,4 проценттен 2010-11-жылдары 12,4 процентке төмөндөтүүгө мүмкүндүк берди,” - деп белгиленет Доминик Гийом башындагы миссия 28-майдан 6-июнга чейин Иранда болгондон кийин даярдалган докладда.

Ахмединежаддын субсидия берүүнү реформалоо планы былтыр декабрда президент менен парламентти тирешүүгө чейин алып барган.

Электр кубаты, коомдук унаа, ун жана нанды арзан баада кармоону токтотуп, өкмөт 60 миллиард доллар үнөмдөгөн.

ЭВКнын түшүндүрүшүнчө, кирешени жардамга муктаж үй-бүлөлөргө берүү менен өкмөт элдин жашоо деңгээлин жакшыртууга, теңсиздикти төмөндөтүүгө жана ички керектөөнү ылдыйлатпай кармаганга мүмкүндүк алган. ЭВК субсидияларды жоюу убактынча экономикалык өнүүнү басаңдатып, инфляцияга себепчи болушу этимал деп боолгойт.

Бул акырындап энергияны үнөмдүү керектөөгө, экспорттун өсүшүнө, атаандаштыктын курчушуна жана экономиканын кубаттануусуна кенен жол ачат.

ЭВК баяндамасы менен теги ирандык экономисттер макул эмес

Бирок айрым көз карандысыз экономисттер ЭВКнын Иран экономикасына койгон диагнозуна макул эмес.

Лондондогу Data Matrix Systems компаниясында иштеген теги ирандык талдоочу Мехрдад Эмади МВФтин экономистери Иран өкмөтү берген гана маалыматтар менен иштеген, чынында инфляция 30 процентке чукулдап калган деген ишенимде:

- Бул маалыматтардын баары тең өкмөттүкү. Алар коммерциялык булактарды колдонушкан эмес. Бул маалыматтар башканы кой парламенттин бюджеттик комитетинде да жок. Бул бирок маалыматтар жалган дегенди билдирбейт. Бул бир гана нерсени - маалыматтарды тактоо мүмкүн эмес дегенди түшүндүрөт.

Эмадинин айтышынча, миссиянын экономисттери бийликтин таянычы жана эрке баласы болгон Ыңкылапчыл гвардияга караштуу ишканалар алган жеңилдиктерди көз жаздымында калтырган.

ЭВКнын баяндамасы Heritage фонду жакында берген баага да коошпойт.

Вашингтондо жайгашкан бул изилдөө борбору 179 өлкөдөгү экономикалык эркиндиктин абалын изилдеп чыгып, Иранды 171 орунга же экономикалык ишмердик өтө чектелген мамлекеттердин катарына кошкон.

Франциядагы Дижон бизнес мектебинин иран боюнча изилдөөчүсү Жамшид Асадинин пикиринче, ЭВКнын баяндамасында Иран жумуриятындагы каржылык абалдын карапайым элдин жашоосуна тийгизген таасири камтылбай калган.

Анын айтышынча, Ахмадинежаддын өкмөтү жөлөк пул бергенга каражат таппай, субсидияны кесүүгө барган:

- Алар үй-бүлөлөргө акчалай берилчү жардамды азайтууну каалашат. Аларда акчалары жок болгондуктан, кээ бир баргер үй-бүлөлөргө биз силерге акча бербейбиз, акча жарды бүлөлөргө берилет деп айтышты. Алар өкмөттүн жаңы эсептөөлөрүнө таянып, акчаны төрт ирандыктын бирине араң бергени жатышат. Бирок Иранда элдин төрттөн биринен алда канча көп адам жарды жашайт.

Жамшид Асади ошондой эле ЭВКнын баяндамасынын дипломаттык тилде жазылып, ырасмий статистикалык маалыматтарды гана пайдалануусун - анын кемчилиги деп эсептейт.