Талашка түшкөн курулуш: элдин талабы, мэриянын сунушу
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Бишкекте коммерциялык багытта салынган деген имараттын тургундары бир суткадан бери суу, электр жарыгы жок, суук батирлерде үшүп отурганын айтууда. Мэрия менен элдин талашына курулуш баштаган компаниянын сотко кайрылып, жалданма фирма кеңсе үчүн курулган имаратты батир катары мыйзамсыз сатканын билдиргени себеп болгон. Тургундар сот чечими чыкмайынча батирлерин бошотуудан баш тартууда. Алар өлкө жетекчилигине кайрылып, маселени өз көзөмөлүнө алууну суранды. Бишкек мэриясы болсо үйсүз калган тургундарына ипотекалык турак жай берүүнү пландаштырып жатканын билдирди.