ИИМдин жыйырма жыл жылбаган реформасы

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз милициясын элге жакын укук коргоо органы катары кайра түзүү боюнча реформалоо демилгеси башталганына 24 жыл толду. Айрыкча 2002-жылы милиция митингчилерге каршы ок чыгарган Аксы окуясы анын иштөө усулдарын өзгөртүү зарылдыгын күн тартибине чыгарган.

Бул аралыкта ЕККУ жана БУУ сыяктуу эл аралык уюмдар милиция кылмыштуулукту ооздуктап, коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн материалдык - техникалык жардам берүү боюнча бир топ долбоорлорду ишке ашырды. Бирок укук коргоочулар жана жарандык активисттер милициянын ишинде жылыш жок экенин сынга алып келет. Ал эми Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү бул органды жаңылап, өзгөртүү үчүн тиешелүү каржылоо жүрбөгөнүн жүйө келтиришүүдө.

Эске алынбаган Аксы окуясынын сабагы

2002-жылы 17-мартта камакка алынган депутатын коргоп, каршылык акциясына чыккандарга милиция ок чыгарып, андан алты адам каза тапканы белгилүү.

Бул чуулгандуу Аксы окуясы ички иштер органдарын ыкчам реформалоо зарылдыгын жараткан. Ошол кездеги президент Аскар Акаев чет элден эл аралык эксперттерди чакыртып, милициянын күчкө гана таянган иштөө усулдарын өзгөртүп, анын коомдук коопсуздукту камсыздоодогу тикелей милдеттерин тактап, жаңылоону тапшырганы маалым. Ошондон бери коомчулукта милицияга ишенбөөчүлүктү жана нааразылыкты азайтып, анын ишмердигин натыйжалуу нукка буруу максатында Кыргызстанда ЕККУ менен БУУнун атайын программалары ишке киргизилген.

Ал программалардын алкагында Ички иштер министрлигине материалдык-техникалык жана методологиялык жардам көрсөтүү боюнча үч этап менен жүргүзүлгөн долбоорлор ишке ашырылды.

Бирок укук коргоочу Азиза Абдирасулова долбоорлор жыйынтык бербегенин айтып, милиция түз милдетин аткарбай, эл менен бийликтин ортосундагы саясий куралга айланган өнөкөттөн баш тарта албай келе жатканын мисал келтирди:

Азиза Абдирасулова, укук коргоочу.

"Ушул аралыкта кайра эле кан төгүлүп, кайра эле бийлик күч менен алмашты. Кайра эле милиция кызматкерлери жабыркады. Милиция элдин ишенимине ээ болот дегенде 2020-жылы 5-октябрда кырдаалды жөнгө сала албай, жөн эле туруп берди. Эмнеге ушундай болуп жатат деген суроо туулат. Ошого жеткирген себептер менен натыйжаларды карасак... Бийлик ички иштер органдары тууралуу мыйзамдарды түп-тамырынан бери кайра карап чыгууну, демек анын табиятын өзгөртүүнү каалаган эмес. Коомдо топтолгон көйгөйлөрдү милиция эмес, активисттер, журналисттер жана укук коргоочулар көтөрүп чыгып турушту. Анан гана милиция поезддин артынан чуркап калып жатты".

Укук коргоочулардын баамында, милициянын коомдук коопсуздукту камсыздоодо талаптагыдай жабдылбаганы, тажрыйбасыздыгы жана мыйзамдуулукту сактоого эмес, бийликти гана коргоп, саясий кызыкчылыктарга байланып калганы ички иштер органдарында реформа жүргүзүүгө тоскоолдук жаратып келген. Милицияны полицияга айлантып, анын атын эле эмес, маңызын дагы өзгөртүү үчүн тажрыйба алмашууда эксперттерди жана кыргыз милиционерлерин Грузия менен Түркияга жиберген программалар да иштеген. Тилекке каршы жарандык коом өкүлдөрүнүн айтымында, тажрыйба үйрөнүү жана окутуу долбоорлору милициянын ишин жакшыртууга өбөлгө түзгөн эмес.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова милицияны жаңылап, анын табиятын өзгөртүүгө багытталган реформалар ишке ашпай, анын улам мүдүрүлүп жаткан негизги себептерине токтолду:

"Биздин милицияда, жалпы эле укук коргоо тутумунда эч кандай жыйынтыктуу реформа болгон жок. Ал СССР учурунда жазалоочу орган катары иштеген болсо, ошол бойдон гана кала берди. Эл аралык донор уюмдардан кыргыз милициясын реформалоо демилгесине миллиондогон доллар бөлүнгөн. Бир эле ЕККУнун алкагында бир нече жылга созулган Кыргызстандын ички иштер органдарын реформалоо долбооруна кеминде 20 млн. доллардан ашуун каражат чыгымдалды. Бирок топ сунуштар башында айтылганы менен алардын бардыгы кагаз жүзүндө гана калып, натыйжа болбоду. Башаламандыктар учурунда өмүргө зыян келтирбөө үчүн кулакты жаңырткан гранаталарды, газды жана желим окторду колдонуу боюнча тажрыйбалары гана эсте калды. Акчанын көбү окуу-семинарларына бөлүнүп, дайыны чыкпай талаага кетти. Жыйынтыгы - бүгүн биз көрүп тургандай кыргыз милициясы деградацияланган абалга түштү".

Дагы караңыз "Кызымды колдон колго өткөрүшкөн". Милиция кызматкерлери секелекти зордуктоого шек саналууда


Анткен менен ички иштер органдарынын өкүлдөрү тез арада кылмыштуулуктун бетин ачып, коомдук тартипти натыйжалуу камсыздоого көбүнчө каржылоонун аздыгын мисал келтирген учурлар аз эмес. Алар мамлекеттик казынадан бөлүнгөн каражатка жараша тиешелүү деңгээлде иштер жүрүп жатканын айтышып, жаңылоону ишке ашыруу үчүн Ички иштер министрлигине чоң каражат керек экенин айтып келет.

Акчаны талап кылган реформалар

Министрликтин алдындагы коомдук кеңештин төрагасы Ялкун Даудов реформалардын натыйжасын көрүү үчүн жетиштүү каржылоо болушу керек экенин белгиледи:

Ялкун Даудов, Ички иштер министрлигинин Коомдук кеңешинин төрагасы.

"Реформалардын натыйжасы болдубу же болгон жокпу деген маселени каржылоонун абалына жараша карашыбыз абзел. Мисалы, Грузияда ички иштер органдарын реформалоо үчүн миллиарддаган доллар сарпталган. Ал эми реформа деген бул чоң акчаны талап кылат. Биздеги реформалоо демилгесине чынында орчундуу акча бөлүнгөн эмес. Бизде милициянын жумушу аябай эле оор. Анан аны дайыма эле тепкилеп, "таптакыр жаман иштейт же иштебейт" деп айткан туура эмес. Милиция катталган кылмыш иштердин бетин ачып, мыйзам бузууларга өз убагында чара көрүүгө далалат кылып келет. Бирок, анын мүмкүнчүлүгү чектелүү. Бир эле мисал. Эл аралык стандарт боюнча 2-3 миң киши жашаган жерге бир тилкелик тескөөчү болушу керек. Ал эми биздин Бишкек шаарыбызда бир тилкелик тескөөчү 5-6 миң адамга каралган. Ыкчам кызматкерлердин, тергөөчүлөрдүн жүгү оор. Бардыгына өз учурунда жетише албай калат. Бизде бюджет таңкыстыгы болгон үчүн ички иштер органдарынын өздүк курамына жаңы кызмат орундарын ачууга мүмкүн эмес".

Дагы караңыз ИИМ кымбатчылык жөнүндө жалган айткандарга "чара көрөт"

Кыргызстанда ички иштер органдарын реформалоо үчүн мыйзамдарды өзгөртүүгө колдоо көрсөтүү жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерди окутуу боюнча бир топ долбоорлор иштелип чыгып, ЕККУ тарабынан каржыланган. Аталган эл аралык уюм долбоорлордун натйжалуулугун кандай баалаганы азырынча белгисиз. Отчеттордо милицияны реформалоодо долбоорлорду ишке ашыруунун терс жагдайлары көрсөтүлгөн эмес. Бул тууралуу ЕККУнун Бишкектеги кеңсеси кийинчерээк маалымат бере турганын билдирди.

ИИМ: бир кыйла жылыш бар

Ошол эле кезде Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Тилек Оторов азыркы учурда милициянын ишинин натыйжалуулугун арттыруу боюнча иш-аракеттер жасалып жатканын айтты:

Тилек Оторов, Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы.

"Бизде соңку мезгилде туристтик милиция кызматы түзүлдү. Ыкчам-иликтөө иштерин санариптештирүү жүрүүдө. Милициянын мобилдик полку ачылды. Материалдык-техникалык база чыңдалып, заманбап үлгүдөгү атайын каражаттар менен камсыздалууда. Тилкелик тескөөчүлөргө видео түзмөктөрү бар жаңы кийимдер жана техникалык жабдуулар берилди. Криминалдык милиция кылмыш иликтөө башкармалыгы болуп кайра түзүлдү. Ошого окшогон иштердин бардыгы эле реформалоого кирет да".

Кыргыз милициясын реформалоо демилгелери 2005-2010-жылдары бийлик күч менен алмашкандан кийин улам көтөрүлүп келди. 2020-жылы 5-октябрдан кийин да милициянын жана укук коргоо органдарынын ишмердигин жакшыртуу маселеси көтөрүлүп, анын элге жакын иш алып баруусун камсыздоо үчүн тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталган. Бирок ал унутта калып кеткенин укук коргоочулар эске салып жатышат.

Дагы караңыз "Кордолгон балдар көбөйдү". Министрди кызматтан кетирүү талабы жаңырды


ЕККУнун коопсуздук, башкаруу, мыйзам үстөмдүгү, күч түзүмдөрүн жакшыртуу, мыйзам чыгаруу демилгелери, айлана-чөйрөнү коргоо жана аймактык кызматташууга багытталган Кыргызстандагы программалары 1998-жылы башталган.

Реформалардын жай жүрүшүнө нааразы болгон бир катар бейөкмөт уюмдар алгылыктуу ачык-айкындуулукка жетишмейинче, Ички иштер министрлиги материалдык-техникалык жардамга ээ болбошу керектигин талап кылып келишти.