Ибрагим, Саид, Азамат... Латвия абагындагы кооптуу качкындар

Евробиримдиктин Орусиядан качып чыккан мигранттарды кабыл алуу же албоонун так эрежеси жок.

Латвиянын Чек ара кызматынын маалыматында 863 адам чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет жасаган. Өлкө бийлиги адамгерчилик кылып 428 адамды кабыл алып, башпаанек берген. 2024-жылы чек арадан мыйзамсыз өткүсү келгендердин саны 126га жеткен. Булар жакшы турмушту самагандар эле эмес, көпчүлүгү согушка барбай, бирөөлөрдү өлтүрүп же майданда набыт болгусу келбегендер, аскердик келишимге аргасыз кол койгондон зааркангандар, майданга баруудан качкандар. Орус жарандары менен Борбор Азиядан келип Орусияда жүргөн мигранттарга европалык гуманитардык визалар берилбейт, андайга мыйзам жол бербейт, ошондуктан алар Евробиримдиктин чек арасын бузуп өтүп, бийликтегилерден башпаанек суроону туура көрөт. Алардын өтүнүчүн кароо узакка созулат, Европа өлкөлөрү качкындарды атайын лагерлерде, жатаканаларда же түрмөлөрдө кармайт. “Система” долбоору абакка түшүп калгандардын үчөөнү таап, жагдайын билди. Башпаанек берүү чечимин бул адамдар айлап, кээде жылдап күтүшөт.

Түрмө жана эрк

Токой арасындагы Муцениеки шаарчасына Ригадан №16 кадимки шаардык автобус каттайт. ИКЕА, май куйчу жай, карагайлуу токой аралап он мүнөттөй жүрсөңүз Муцениеки шаарчасына келесиз. Автобустун акыркы аялдамасына жеткиче жүргүнчүлөрдөн бир да латыш калбайт – ар кыл тилде сүйлөгөн нигериялыктар, сириялыктар, ливиялыктар, марокколуктар, тажиктер, өзбектер, анан Орусиянын чет жактарынан келгендер, согушка мына ушул майда улуттарды көп алып жатышпайбы.

Автобустагылар бешке жакын ар башка тилде сүйлөп жатышты, сырт кийимдерине карап этнографиядан да маалымат алууга болот. Муцениекиде мигранттарды жайгаштыруу борбору иштейт, тагыраагы эки борбор – бирөө ачык, экинчиси жатакана менен түрмөдөн турган жабык жай.

Муцениеки шаарчасындагы мигранттарды жайгаштыруу борборунун кире бериши, Латвия (архивдик сүрөт)

Борбордогу ачык жабык жайлардын жашоо-шарты негизинен бирдей. Линолеум төшөлгөн пол, дубалдары ачык түстө, айнектерине темир тор коюлган эмес, болгону борбордун ачык жайында бака-шака түшкөндөр көп, бирок тамагы начар.

Муцениеки шаарчасындагы ачык жайга келген сайын "Системанын" кабарчысы качкындарга тамак алып келген ыктыярчылардан байкуш мигранттар жалаң күрүч менен отурушканын уккан. Ал эми жабык борбордо тыптынч, баары таза, Саиддин айтуусу боюнча “тамакты дурус эле беришет”. Жабык жайдын сыртында беш метрлик коргон, үстү тикен зым менен тосулган, сыртка чыгууга болбойт, абактын ичинде кайтаруучу менен гана жүрүүгө уруксат.

Саид менен кийинчерээк сүйлөшөбүз. Түрмөдө жарым жыл отуруп, ушу тапта жатаканага которулган, башпаанек берер деп күтүп отурган бир жигит менен маектешүүгө болот. Оболу Ибрагим менен (аты өзгөртүлгөн, Ибрагимди Орусияга кайтарып ийиши ыктымал, андайда “Система” менен маектешкендиги билинсе зыяны тийип калышы мүмкүн) сырдашалы. Анын түрмөдө отурганына эки жыл толду.

Түрмөнүн дарбазасында коңгуроо коюлган. "Системанын" кабарчысы жыйырма мүнөттөй басса да жооп болбоду. Аңгыча дарбаза алдына кызматкерлердин биринин машинасы келип токтоп, жол ачылганда “Системанын” кабарчысы машинаны ээрчип ичкери кирди.

– Кайда!? Кимге!? – машинаны тосуп чыккан коштоочу мага кыйкырды. – Бул режимдеги объект, кирүүгө болбойт!

– Мен макулдашкам. Кызыгы сиз мага латышча кайрылбай, орусча кыйкырдыңыз.

– Ошондой, – коштоочу күлүп ийди, – орустар гана түрмөгө ушинтип тосконго болбой кирип кетет. Ким менен жолукмак элеңиз?

Муцениеки жабык борбордо камалгандардын баары сырттан келгендер менен жолугуша алат, ошондой уруксаты бар. Ал үчүн абактагы адам келе турган киши менен телефон аркылуу (ар күнү аларга сүйлөшүүгө телефон берилет) макулдашып түрмөнүн жетекчисине арыз жазып, анда келе турган кишинин убактысы менен паспортунун номурун көрсөтөт. Кире бериште келген киши телефонун, чөнтөгүндө болгондун баарын тапшырып блокноту менен калемсабын алып калат, кадимки аэропорттогудай эле текшерүүдөн өткөн соң коштоочу:

– Кириңиз,- деди.

Темир буюмдарды издөөчү жабдуусу, оор эшиктин темир кулпусу, коридор менен жыйырма метрдей баскандан кийин кароолчу отурган жердин оң тарабында – элүү метрдей айнектелген кенен залда компьютерге үңүлүп беш кызматкер отурат, сол тарапта келген киши менен сүйлөшчү бөлмө. Чакан бөлмөдө эки стул, эки булгары отургуч коюлган. Эшикти жаап койсо болот, коштоочу бир саатка чейин бул жакка баш бакпайт.

Эрдик

Ибрагим кырк жаштардагы, ачык түстүү спорттук күрмөчөн, жылаңайлак бутуна сандал кийип, сакалын тыкан кырып, кыйналган түрү көрүнбөйт, сыпаа, орусча такалбай шар сүйлөйт.
Ибрагимдин айтуусунда, Кавказдагы бир шаарда жергиликтүү бийликтин системдик администратору болуп иштептир. Бир күнү чоңдордун бирөө ага компьютерди оңдоону тапшырыптыр.

Компьютерди Ибрагим оңдошун го оңдоптур, бирок жөн отурбай кызыгуусу артып андагы бир нече документтерди ачып окуптур. Документер арасында кимдер уурдалып, жакындарынан канча акча өндүрүү керектиги тууралуу тизме бар экен.

Ибрагим ал тизмедеги уурдала турган адамдардын баарына боло турган коркунучту эскертүүдөн башка арга таппаган экен.

Ибрагимдин айтуусунда, эртеси уурдала тургандардын биринин апасы жергиликтүү бийликтин жетекчисине келип уруш чыгарыптыр. Уулу мыйзамды урматтарын, аны уурдоого аракет кылуу жеткен жапайычылык экенин, муну жөн койбосун айтып зекиптир. Керек болсо Путинге чейин арызданам дептир. Байкуш уулун таламандын тал тушунда уурдалып кетүүдөн сактап калган бийликтеги боорукер адам тууралуу да айтууга жетишиптир.

"Боорукер адам” ким экенин такташ анча деле кыйынга турбаптыр, мындан улам Ибрагим ошол эле күнү кара башын калкалап, Польшага качыптыр.

Ибрагим "сатпаш керек" деп, ким аны беларус-поляк чек арасынан жашырын өткөрүп койгону тууралуу ооз ачпады.

Анын аңгемесине ишенүүгө болобу? Кавказ жайын жакшы билген ишкер жана саясатчы “Система” кабарчысына атын атабай Ибрагимдин айткандары ишеним жаратпасын минтип билдирди.

"Биринчиден, Кавказдагы бийлик өкүлдөрүнүн арасынан жашыруун документтер сакталган компютерди ойлонбой оңдоого берген келесоону табуу мүмкүн эмес, андайды башкаруу кызматында бир мүнөт да кармабайт. Экинчиден, компьютерди билген жана башка техникалык кызматкерлерди Кавказдын бийлик түзүмдөрү көбүнесе сырттан чакырышат, жергиликтүүлөрдөн жалкып калышкан. Бул иштерге орустарды алышат, алар кайсы бир кландын өкүлү эмес, анан айтылган тапшырманы кың этпей аткарышат".

Айтымы, Ибрагим Польшада көп байырлабай тез эле Францияга өтүп кеткен. “Системанын” кабарчысына качкындардын маселелери боюнча иштеген, атын атагысы келбеген латвиялык юрист (ал айткандары укугун коргоп аткандарга зыяны тийип калышын эскертти) Ибрагимдин чын эле Польшадан Францияга өтүп кеткени чекилик иш болгонун белгиледи, мунусу башпаанек алууга кедергисин тийгизиши мүмкүн экенин ырастады. Юристтин айтуусунда, качкын биринчи баш баккан европалык өлкөдөн башпаанек сурашы абзел. Евробиримдиктин ичинде ары-бери жүрүүгө мыйзам жол берет, бирок юристтин айтуусунда, Европа өлкөлөрүнүн коопсуздук кызматтары биринчи туш келген чек арачыга башпаанек тууралуу өтүнүч кылбай, качкындын башка өлкөнү тандап алышын “жактырышпайт”.

Францияда да, сыпайыраак айтканда, Ибрагим жаздым басып алыптыр. Биринчиден, ал ири шаардын четиндеги, жаманаттысы жалпыга дайын жерге токтоптур, ал жерде кошуналары менен урушуп кетиптир, Ибрагимдин айтуусунда, “алар кайсы бир Магрибден келген баңги сатармандар” экен.

Өчөгүшүп калган кошуналар күндө Ибрагимдин почта үкөгүн өрттөп салышат экен, кыязы, ошондой күндөрдүн биринде Ибрагимге келген соттун чакыруусу өрттөлүп кетиптир, соттук отурумда ага башпаанек берүү маселеси каралмак окшойт. Иши кылып, Ибрагим сотко барбай башпаанек албай калат.
Экинчи жагынан, ошол эле Ибрагимдин сөзүнө ишенсек, “француз өкмөтүнүн моюнуна отургусу келбептир”, башпаанекти күтүп отурбай иштөөгө киришиптир: эски машинелерди мыйзамсыз алып-сатууга өтүптүр. Латвиялык юристтин айтуусунда, мунусу дегеле бир акылга сыйгыс жорук, эски машинелерди мыйзамсыз сатуу Ибрагимге сот тарабынан ага башпаанек бербөөгө негиз болмок.

Ибрагимдин айтуусунда, бир жолу магрибдик баңги саткыч эртеси базарга чыгарчу машинаны чийип салыптыр, ачуусу келген Ибрагим тиги менен мушташып кетиптир. "Катуу мушташтык", – дейт Ибрагим. Полиция келип Ибрагимди кармап түрмөгө отургузуптур. Түрмөдөн чыгары менен аны Орусияга жөнөтүп ийишиптир.

"Системанын" колунда Ибрагимди эмнеге түрмөгө отургузганы тууралуу соттун чечими бар. Өкүмдө мындай деп жазылган, Ибрагим төрт жарым жылга эркинен ажыратылган, ал төрт адамдан турган каракчылардын катарында кайсы бир адам жашаган сарайга кирип (мүмкүн тигил деле баңги саткыч болсо керек, сот ал тууралуу маалымат берген эмес) барышкан. Каракчылар тигини өлөрчө токмоктоп, электр зымы менен мотроллерго байлап коюшкан, мотороллер ошол сарайда турган, сарайдагы телевизорду алышып из жашырып кетүү аракетин жасашкан.

Белгилүү орусиялык укук коргоочу "Системадан" атын атабоону өтүнүп, себеп дегенде ал ушу тапта Орсияда жашайт, бул окуяны иликтеп чыкканын, аны жакшы билерин айтты. Анын маалымдашынча, Ибрагим чын эле мушташып кеткен, бирок тоноого катышкан эмес. Укук коргоочу Ибрагимди жактап кат жазган (анысын архивден таба албай жатат), Европа бийликтери бул ишти дыкат иликтеп, так баасын берип, Ибрагимди Орусияга кайтарып бербөөнү өтүнгөн.

Францияда иштеген "Мемориал" укук коргоо борборунун кызматкери Наталья Морозова мындай деди:

"Мигранттардын криминалдар менен байланышы болушу толук мүмкүн. Ал үчүн аларды жазалоо керек, бирок да өлүм жазасы эмес. Адамдар жазган мыйзам боюнча, Орусияны өлүм коркунучу башбактап турат, анан ушундай жерге мигранттарды кантип кайтарып беришсин, бирок кайтарып атышпайбы. Магомед Гадаевге байланыштуу чуулуу иш болду го. Дауд Мурадовдун ишичи, аны француз бийлиги Орусияга жөн гана кайтарып бербестен, ага козголгон кылмыш ишин да кошо жөнөтүштү, анын ичинде башпаанек суроо учурундагы жашыруун суроо-жооп да бар болчу. Мурадов, мүмкүн, айрым жерде мыйзамды аттап кеткендир, аны эч ким күнөөсүз деп айта албайт, бирок жоругу үчүн өлүм жазасына тартуу туура эмес го, француз бийлигинин чечими менен Мурадов Кадыровдун жертөлөсүнөн ажал тапты".

Ибрагим да аны Орусияга кайтаруу өлүмгө буйрууга барабар болгонун айтып отурат. Кантип каражанын сактап калганы мындайча болуптур, анын үй-бүлөсү атайын кызматтын өкүлүнө 1,5 миллион рубль акча пара бериптир (2018-жылы ал 23 миң доллар болчу), коопсуздук кызматкерлери аны Шереметьеводон тосуп алып жашаган шаарына алып кетмек. Коопсуздук кызматкерлери акча алгандан кийин аэропортто “Ибрагимди 1,5 сааттын ичинде таппай калышат”. Бул убакта Ибрагим Түркияга билет алып, из жазгырып кеткен.

Түркияда ал Орусиядан келген көпчүлүк мусулмандардай туруктуу жашого укугу жок шартта күн өткөрүп жүрдү, бийлик мындайды байкамаксанга салчу. Көп өтпөй орус аскерлери Украинаны басып киргенде полиция Ибрагимге келип, аны Орусия кайтарып берүү талабын коё баштаганын эскертти, ага негиз катары Ибрагимдин Орусиянын Коргоо министрлиги менен кол койгон кайсы бир келишими негиз болгонун, анда ал Украинада согушууга убада кылып, анысы үчүн 200 миң рубль акча аванска алганын билдирди.

Ибрагим эч кандай келишимге кол койбогонун, эч кандай акча албаганын айтты. Ансыз деле Ибрагим беш жылдан бери Орусияда болбогону, 1,5 саат Москванын аэропортунда турганы буга кирбестиги дайын го. Полиция ага ынабай, Ибрагимдин кайда кайсы жерлерде жүргөнүн түрк бийликтери иликтебесин, бирок Орусияга жөнөтүп жиберишерин, ошол үчүн качып кетиши керектигин айтты. Дагы качууга туура келди.
Ибрагим улам жер которуп кыйла эле азап тартканын негиз кылып Латвия өкмөтү ага башпаанек бериши керек деп эсептейт. Анын башына түшкөн түйшүктөрдүн баары, Ибрагимдин айтуусунда, туулган жеринде бейкүнөө адамдарды азаптан сактап калганы, канмайданга барып украиндерди өлтүрүүнү каалабастыгынан улам чыгууда. Иш жүзүндө ал эрдикке тете иш кылды, мунусу үчүн ага болбоду дегенде көмөк көрсөтүп, кайрадан Орусияга жөнөтүп ийбеши керек, Мекенине жөнөтүү ага өлүмгө айдаганга барабар.

Өткөн күндөрүн эрдик катары баяндаган башка каармандарыбыз да бар, алар да таржымалын айтышат. Саид (аты өзгөртүлдү) жарым жыл Ибрагим менен бир камерада отурган, азыркы жашаган жери түрмөнүн так мандайындагы ачык миграциялык борбор, Саид Тажикстандын жараны. Айтымда Саид Тажикстанда “24 тобу” (“Группа 24”) деген оппозициялык уюмга мүчө болчу, топтун максаты өлкөдөгү туугандардын бийлигине, диктатура менен жемкорлукка каршы күрөшүү эле.

2014-жылы Тажикстанда "24 тобу" кыймылынын ишине тыюу салышкан. 2015-жылы кыймылдын башчысы Умарали Кувватовду тажик бийлиги бир нече ирет кайтарып берүүнү талап кылып, анысы ишке ашпаган соң 2015-жылы Стамбулда өлтүрүлгөн. Тажикистанда "24 тобу" кыймылынын активисттерин кармап, узак мөөнөттөргө соттой башташкан.


Саид Орусияга качып кеткен, Москвада жеткирип бергич болуп иштеген, аны так ошол жерден камакка алышкан. Кармагандан кийин аны Тажикстанга жөнөтүүгө даярдай башташкан, бирок кийин эмнегедир бошотуп коюшкан. Саид "Системанын" кабарчысына кандай негизде бошотушканын түшүндүрө албады, “укук коргоочулар жардам беришти” дейт, кайсы укук коргоочулар экенин айтып бере алган жок, атын билбейт. Ачык булактардан, белгилүү укук коргоо уюмдарынын архивинен “Система” Саиддин айтканын ырастоочу фактыларды таба албады. Анын айтуусунда, түрмөдөн чыккандан кийин кайрадан иштей баштаган, бирок тааныш-билиштер арасында мигранттарды аскердик келишимге кол коюуга мажбурлайт экен деген миш-миштер көбөйө баштаганда кайрадан качууга туура келген.

Ал өзүнүн оппозициялык ишмердигин, түрмөдө үч ай отуруп чыкканын, ар кандай сөздөрдөн улам аскердик келишимге кол койбой качып чыкканын эркиндик идеалы, акыйкаттык менен адам укугунун сакталышы үчүн берилгендигин ырастоочу, Европадан башпаанек алууга негиз болчу жүйө деп эсептейт. Анткен менен качкындар маселеси боюнча иштеген латвиялык юристтин айтуусунда, түрмөнү көрүп калган качкын латвиялык атайын кызматтардын шек саноосун күчөткөндөн башкага жарабайт. "Түрмөдө адам бечара – дейт юрист, – ал жерден атайын кызматтар кызматташууга көндүрүп, Евробиримдиктин аймагында кайсы бир тапшырмаларды аткаруу шартын коюп чыгарышат".

Орус түрмөсүнүн тажрыйбасы европалык атайын кызматтардын шектенүүсүн күчөткөнүнө карабай биздин үчүнчү каарманыбызды Евробиримдиктин чек арасын мыйзамсыз аттап өтүүгө түртүптүр.

Азамат Түзүлбаев (бул анын өз аты, Азамат ысымын эч кимден жашырбастыгын, жасаган иштери үчүн уялбай тургандыгын, ага сыймыктанарын жашырбайт) түрмөдө “Опузалап алуу” беренеси боюнча отурганын ырастады. Анын айтуусунда, 2022-жылдын октябрында колонияга Евгений Пригожин учуп келген. Абактагылардын баарын футбол талаасына тизишиптир. Анан түрмөнүн жетекчиси чыгып катардагылардын арасынан “төмөнкү социалдык статустагы” адамдардан (башкача айтканда, “абийирден кеткендер”) башкасы алдыга чыгышын талап кылды дейт. Ошолорго Пригожин “Вагнер” МАК (менчик аскер компаниясына) кошулууну сунуштаптыр.

Азаматтын айтуусунда, түрмөдөгү 300 адамдын 138и "Вагнер" МАК киришиптир, Азамат кирбептир, ушунусу үчүн аны, айтымда, штраф изоляторуна салышыптыр, ал жерде мөөнөтү бүткөнчө, 2023-жылдын майына чейин жарым жыл отуруптур. Түрмөдөн чыгары менен аны кайсы бир аскер полициясы кармап, "Шторм-Z" отрядына кирүүнү сунуштаган экен. Айласы куруган Азамат Казакстанга качыптыр, туулуп-өскөн Курган облусу Казакстанга кошуна, чек аранын кайсы жеринен билинбей өтүүнү жакшы билчү.

Казакстанда Азамат бир нече согушка каршы роликтерди чыгарган. Анын бири ТikTokто 130 миң жактырууга ээ болгон. Анан да Азамат БАСЕ агенттигине согушту айыптаган маегин жарыялаган.

Азаматтын таржымалы ишенимдүү, атүгүл баатырдык аракеттей сезилери бышык, бирок да бул жерде бир шектүү жагдай бар. 2023-жылдын күзүндө БАСЕ агенттигине курган маегинде Азамат Златоуст шаарындагы №18 түзөтүү колониясында отурганын, Пригожинди көргөнүн айтат, 2024-жылдын жазында “Система” кабарчысы менен латвиялык “Дельфи” порталына курган маегинде Златоуст шаарындагы №25 колонияда жаза мөөнөтүн өтөгөнүн ырастаган.

Златоуст шаарында чынында эле №25 колония бар, ал жерге Пригожиндин келгени деле чындык. Ал эми №18 колониялар биртоп, алар Новосибирск, Азов, Магнитогорскиде жайгашкан, дагы Харпта "Полярная сова" колониясы бар (Алексей Навальный каза болгон жер), булардын баары Златоустта эмес.
Эстония менен Латвиянын мыйзам сактоо органдарынын пресс-кызматтары "Система" кабарчысынын өтүнүчүнө жооп кылып, жеке маалыматтарды коргоо мыйзамына ылайык Ибрагим, Саид, Азаматтын иштери боюнча конкреттүү эч нерсе айта албастыгын ырасташты, бирок да атайын кызматтын офицерлери мына ушул чек арадан мыйзамсыз өткөн үч качкындын көрсөтмөлөрүндө карама-каршылыктар бар экенин белгилешет.

Качуу

Түркия Орусияга өткөрүп берет деп чочулаган Ибрагим оболу Грузияга качып өткөн. Грузиядан Израилга учат, ортодо учак Латвияга конуп өтмөк. Мындай каттам грузин чек арачыларына дегеле маселе жаратмак эмес. Учактын акыркы конор жери – Тель-Авив, Израилге орусиялык паспорт менен Ибрагим визасы жок эле кире алат. Эмнеси болсо да деп Ибрагим израилдик бир клиника менен алдын ала текшерүүдөн өтүү тууралуу макулдашып койгон. Ригада болсо Ибрагим транзиттик зонаны кесип өтпөшү керек эле.

Бирок Рига аба майданына учак конгондон кийин Ибрагим ажатканага кирип, чөнтөгүндөгү паспортун тытып, унитазга агызып жиберет, паспорту жок жүргүнчүнү латвиялык чек арачылар Тель-Авив каттамына отургузбасын деп, ушу жолго барганын айтат. Москвага да жөнөтүшпөйт.

Чынында мындай ишти акылдуу киши жасайт деп айтыш кыйын. Юрист Наталья Морозова мыйзамсыз жүргөн мигранттын учар алдында паспортун тытып салганын буга чейин уккан да, көргөн да эмес, бирок анын ишинде башка бир окуя болуп өткөн экен. "Каалабаган жерине кайтарылып жаткан бир адам Парижге токтогон кезде бийликтегилерге кайрылып, ал жерден башпаанек алган. Колдо паспорттун болушу өтүү жөрөлгөсүн татаалдаштырбай, кээде жөнөкөйлөштүрүп да коёт", - дейт ал.

Морозованын айтуусунда, Орусиянын Украинага согуш ачканы орусиялык жарандарды Европадан Орусияга кайтарып берүү жөрөлгөсү техникалык жагынан оор ишке айланган. "Учактар учпай калды, – дейт юрист. – Ошон үчүн Франциядан эч кимди кайтарышпайт. Бул жагынан Латвия, Литва менен Эстонияныкы кыйла жеңил. Чыгарылчу кишини машинага салып алып орусиялык чек арага жеткирип коюш оңой эле".

Иши кылып, Ибрагим Ригада учактан чыгып, бийликтегилерге кайрылган, аны Муцениекидеги жабык борборго алып келишкен, эки жылдан бери ал ушул жерде отурат.

Саид болсо Беларуста өзүндөй согушка баргысы келбеген мигранттарга кошулуп качып чыккан. Беларуста аларды коштоп келген адам чек арага кантип барышты көрсөтүп: “Ошол жакка” деп артына кайтат. Качкындар токойдо эмне кыларын билбей, кайда барарын аңдабай, аябай эле азап чегишет. Саид болсо Польшага бараткан турбайбызбы деп ойлойт.

Ал Азиянын географиясын жакшы эле билем деп ойлочу, бирок Европаныкын жакшы билбейт экен. Жанында бараткандардан ал Орусия Беларус менен, Беларус Орусия жана Польша менен чектешерин билди, анан дагы эки өлкөнүн аты аталды, алары “Латвия менен Литва болсо керек”.

Жанында бараткандардын бирөө да географиядан мыкты эмес экен, баары болжолдоп эле соктуруп келатышты. Бири-биринен тактап сурап атышканда аларды Беларустун чек ара кайгуулу капилеттен токтотту.

Саиддин ырасташынча, беларус чек арачылары мигранттарды тоспойт, болгону жолоочунун баалуу буюмдарын, телефону менен акчасын алып коюшат да, кайсы жакка барышты көрсөтүп беришет. Топтолгон адамдар чек араны кесип өтүшөт да, токой аралап кеткен жолдо бараткан машинаны токтотушат, аларды жергиликтүү айдоочулар салып алышат да, жолдо учураган биринчи полиция кайгуулуна тапшырып кетет. Полиция кызматкерлеринен Саид Латвияга туш келгенин билген.
Анан сурактар башталат.

Саидди качкындар чогулган лагерге алып келишет, анын аталышын деле билбейт, ал жерде улам-улам суракка чакырышат. Дактилоскопиядан өткөрүшүп, көздүн торчосун сканерлешет, аны менен инсандын кимдигин аныкташат, кебез таякча аркылуу шилекей алып эпителийди текшерет, артынан ДНК анализин алышат, чечиндирип сүннөткө отургузулганын, денесин таза кармаганын-кармабаганын көрүшөт.

"Алар менден Кудайыңды жакшы көрөсүңбү деп сурашты, – дейт Саид "Системанын" кабарчысына, – анан эмнеге колтугуңдун жүнүн кырасың, эмнеге антесиң? Кудайымды кантип жаман көрүшүм керек? Колтуктун жүнүн албай кантип жүрө алам?”

"Системанын" кабарчысынын суроолоруна жооп кылып Латвиянын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын пресс-офиси мына буларды кабарлады: " Адамдын улуту же диний ишеними коркунуч катары каралбайт. МКК текшерүү маалында ар бир жагдайды өз алдынча иликтейт, конкреттүү бир адамга тиешелүү кенен маалыматтарды топтоп, аны талдап чыгат". Саид андай эместигин айтып, аны мусулман адам катары сурашканын, берилген суроолордун көбү анын диний ишенимине байланыштуу экенин ырастайт. Буга кошумча, Саид орусча жакшы билбейт, латышча түшүнбөйт, бул жерде тажик, фарси, дари тилинен которуп берчү тилмеч жок, ошондуктан сурактар узакка созулуп кеткен.

Арадан бир нече күн өткөн соң (Саид аны так билбейт, үч же төрт күн болуш керек), соңунда мигрантты Муцениекинин жабык борборуна алып келишкен, ал жерде алты айдан бери жатат.
Азаптуу качкын тагдыры биздин үчүнчү каарманыбызга – Азаматка туш келген. Казакстанда ал белгилүү болчу, согушка каршы жарыялаган посттору социалдык тармакта миңдеген адамдардын колдоосуна ээ болуп, баркы көтөрүлүп турган. Анын болжолунда дагы жүрсө казак бийликтери кармап, Орусияга өткөрүп бериши ыктымал болчу, Казакстан менен Орусиянын ортосунда укуктук колдоо көрсөтүү, жарандардын жеке маалыматтарын алмаштыруу боюнча макулдашууга кол коюлган. Бир сөз менен айтканда, Азамат Европага качууну чечкен. Казак-орус чек арасынан мыйзамсыз өтүп, мындайды ал, өзү айткандай, буга чейин көп эле жасаган, аскерге чакыруудан качкан орусиялыктарды чек арадан өткөргөн. Чек арадан өтүп Ленинград облусуна жеткенден кийин Эстонияга өтүш үчүн Нарва дарыясынан сүзүп өткөн.

Дарыя анчалык кенен эмес, болгону анын Верховск аралында гана суу жайылып кетет, ошондо деле туурасы 200 – 300 метрден ашпайт, суунун кээ бир жеринен алдуу-күчтүү эркек кечип өтө алат, Азамат үчүн анчалык деле оор эмес. Азамат дарыяны 2023-жылдын 23-октябрында сүзүп өткөн. Жамгыр төгүп, абанын температурасы +4 градус экенине карабай муздак сууга бой таштаган. Туризм жаатындагы тажрыйбалуу инструкторлор "Системага" мындай шартта дарыядан гидрокостюм менен гана сүзүп өтүүгө болорун, кийимдерди болсо суу өтпөс капка салып, жээкке чыккандан кийин кийимин которуп алышарын айтышты. Гидрокостюм менен суу өткөрбөс кап суучулга жылуулук менен чөгүп кетпей сүзүп өтүүгө шарт түзмөк. Антүүгө Азаматтын шарты жок болчу, ошон үчүн кийген кийими менен эле сууга кирген. "Системанын" кабарчысына ал муздак сууда сүзүп баратканда сууктан эсимди жоготуп, тарамыштарым түйүлүп калбаса экен деген гана ой келгенин айтып берди.

Орусия менен Эстониянын Нарва дарыясындагы ортолук чек арасы

Кийин сот Азаматтын суукта дарыядан сүзүп өткөнүнө ишенбей , октябрдын аягында гидрокостюму жок өтүш мүмкүн эмес деген. Бирок арадан аз убакыт өткөн соң Эстониянын Чек ара кызматы Азаматтын дарыядан сүзүп өткөн видеосу табылганы кабарлады.

Азаматтын суукта муздак дарыядан сүзүп өткөнүнө "Система" деле ишенбеди, анан калса эстон чек арачылары журналисттерге өздөрүнүн видеокамераларына түшүп калган видеолор менен бөлүшпөйт.

"Делфи" агенттигинин кабарчысына Азамат дарыянын жээгине жеткиче жыландар жүргөн сазда жөрмөлөп басканын, дарыядан сүзүп өткөндө документтери салынган жон баштыгын жоготконун (паспорту менен акчасын суу өткөрбөс конвертке салып, чөнтөгүнө катып коюптур) айтып берген. Азаматтын үрөй учурчу баяны аны кайра өлкөсүнө жөнөтүп ийиши мүмкүн экендигинен улам чыккан окшойт.

Эстония жээгине чыккандан кийин жолдон алып кеткен машинага отуруп Таллинге жетип, ошол жерден бийликке кайрылып, жарым жылдан бери эстон түрмөсүндө отурат.

Түрмө жана ээндик

"Системанын" колунда латвиялык соттордун Ибрагимдин иши боюнча эки чечими бар. Эки чечимде тең бирдей эле бүтүм чыгарылган: Латвия Ибрагимге башпаанек бербейт. Чечимдер экиден көп экенин (Ибрагимдин айтуусунда, чечимдер андан көп, калгандары адвокаттын колунда, адвокат “Системанын” кабарчысы менен аңгемелешүүдөн баш тартты) дагы бир жагдай ырастап турат, себеп дегенде соттор баш тарткандан кийин Ибрагимдин адвокаты эл аралык уюмдарга – Бириккен Улуттар Уюмуна жана Адам укуктары боюнча Европалык сотко арызданып, анын жыйынтыгында латвиялык сот ишти кайра кароого мажбур болгон. Арыздар кандай формада жазылганын “Система” адвокат маектешүүдөн баш тартканына байланыштуу биле албады, бирок юрист Наталья Морозованын айтуусунда, Ибрагимдин жагдайын Адам укуктары боюнча Европалык сотко арыз жолдоого болот, ага негиз берчү жагдай Адам укуктары боюнча Европа конвенциясынын № 3- жана № 5-беренелерине таянып, сот чечимин жокко чыгаруу аракетин баштоо керек, аталган беренелерде адамды кыйноолорго жана өлүмгө алып келчү жерге кайтарып берүүгө болбойт, анан да бир ишти өтөле узакка созуш да жарабаган иш.

Ибрагимдин башпаанек берүү өтүнүчүн четке каккан латвииялык сот чечимин Латвиянын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын сунушуна ылайык чыгарганын ырастайт. Сот чечиминде МКК Ибрагим Латвия үчүн коркунуч жаратары жазылган. Кандай коркунуч келтирери сот чечиминде так жазылган эмес.

Тиешелүү мекемелерге арыздарды жөнөтүп, ортодо мүмкүнчүлүк болуп калганда Ибрагим Латвиянын Мамлекеттик коопсуздук кызматына кат жазат – "мени кабыл алууңузду өтүнөм, калпты көргөзчү жабдууну коюп алып мени сураңыз, мени эмнеге айыптап атканыңыздарды так түшүндүрүп бериңиз".

Бирок да Латвиянын МККнен жооп келе элек. "Мындай болбойт, – дейт качкындар маселеси менен иштеген латвиялык юрист. – Ар бир соттун чечимин мыйзамдык тартипте талашууга болот, бирок Мамлекеттик коопсуздук комитетинен түшүндүрмө талап кылууга болбойт. Бул classified information".

Канткен менен, Ибрагим жолдуу экен, аны кайтарып берүү маселесин узакка созуп келатышат: ортодо бул ишке кызыккан тажрыйбалуу юрист табылды. Азаматтын жолу болбой жүрөт: анын айтуусунда, адвокаты сотко келет да эстон тилинде түшүнүксүз бирдемелерди сүйлөп кетип калат, коргой турган кишиси менен сүйлөшпөйт дагы. "Делфи" агенттигинин маалымдашынча, Азаматты кайтарып берүү чечими чыккан, "Система" кабарчысынын Азамат менен байланышуу аракети ишке ашпады, ал байланышка чыкпай койду.

Ал эми Саиддин иши оң келди: эч кандай адвокаты жок эле аны жарым жыл түрмөдө кармап бошотуп жиберишти. Ушу тапта Саид ачык миграциялык борбордо жашайт, башпаанекти качан беришин күтүп отурат.

Дагы бир кеп, Саиддин айтуусунда, аны менен камерада бир оогандык отурган, ал акылдан айнып, баарына угуза дари тилинде америкалыктар тушунда Кабулда мамлекеттик аткаминер болуп иштегенин, эми кайсы жерге туш келерин билбестигин, бул жерде эмне болот, тагдыры кандай чечилерин билбей арасат отурганын айтты дейт. “Системада” маанайы чөгүп калган оогандык менен түрмөдө сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк болбоду, анын тагдыры эмне болгону да белгисиз бойдон калды.

Валерий Панюшкиндин макаласы орус тилинен которулду

Иллюстрациялар – Анастасия Крайнюктуку

Текстте аталгандар өз ысымын жарыя кылууну туура көрүшпөдү, коопсуздук жагдайдан улам алардын каймана атын колдондук, баарынын маалымдоо каражаттарына комментарий бергенге акысы жок.

"Системанын" маалыматын "Настоящее Время" жана "Свобода" радиосунун маалыматын атыңызды атабай жарыялай аласыз.