Соңку чакырык ЕККУ Варшава шаарында Борбор Азиядагы адам укуктарын талкуулап жаткан учурга туш келди. Тажик бийлиги адам укуктарын бузганы тууралуу өз дарегине айтылган сындарды четке кагып келет.
Куугунтук жана кысым
25 жаштагы Эхсон Одинаев Тажикстандагы оппозициялык “Группа 24” кыймылынын активисти жана блогери болчу. Ал былтыр май айында Санкт-Петербургда дайынсыз жоголгон. Андан эки ай мурда “Группа 24” кыймылынын лидерин Стамбулда атып кетишкен эле. Агасы кандай шартта жоголгонун иниси Вайсиддин Одинаев укук коргоочуларга айтып берген:
“Жоголоордон бир жума мурда веб-сайттын көчүрмөсүн жөнөтүп, Интерполдун издөөсүнө алынганын айтты. 18-майда үйдөн чыгып кеткен боюнча дайыны чыкпай калды. Тажикстандын Москвадагы ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери менен жолугуштук. Алар оппозициянын маселеси менен алек болгон КГБ жана ИИМден башка атайын топ бар экенин ишара кылышты".
Тажикстанда оппозициядагы “Группа 24” тобу менен катар “Ислам кайра жаралуу” партиясынын да мүчөлөрү, адвокаттары сот жообуна тартылууда. “Хьюман Райтс Уотч” уюму жана Хельсинки комитети баарлашкан тажикстандыктардын арасында партиянын Сугхд районундагы өкүлү Илхомжон Якубов да бар:
“Алар камеранын алдында партияны жана партиянын жетекчилигин жамандашым керектигин айтышты. Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери мурда басылмаларга жарыяланган материалдарымды күчтөп жедиргенге аракет кылышты”.
Якубов коопсуздук кызматкерлеринин айтканына көнгөндөн кийин гана бошотулган. Ал ошол эле күнү өлкөдөн чыгып кеткен.
Укук коргоо уюмдары Тажик бийлигине санкция киргизүүгө үндөшүүдө
Мындай окуялардан улам “Хьюман Райтс Уотч” уюму жана Хельсинки комитети Тажик бийлиги оппозициялык көз караштагы адамдарды өлкө ичинде да жана сыртында да бутага алып жатканын билдирип чыкты. Укук коргоочулар Тажикстандагы адам укуктары соңку жыйырма жылдагы эң терең кризиске кептелгенин айтышууда. “Өзгөчө соңку эки жылда бийлик сандаган оппозиция өкүлдөрүн камакка алып, кыйнады. Нечендеген адвокаттар, журналисттер жана социалдык тармактарга сын-пикирлерди жазган адамдар кармалды”, - деп айтылат эл аралык уюмдун билдирүүсүндө.
"Биринчиден, эл аралык коомчулук Тажикстанда таптакыр жаңы мезгил өкүм сүрүп жатканын түшүнүшү керек. Башкасына окшобогон куугунтуктоо болуп жатат. Тажикстандагы адам укуктары жана коопсуздук үчүн мындай коркунучтуу учур болгон эмес. Экинчиден, АКШ, Евробиримдик сыяктуу Тажикстандын бардык эл аралык өнөктөштөрү олуттуу укук бузуулар үчүн санкцияларды киргизиши зарыл”.
Тажикстандын бийлиги жана ага ыктаган саясатчылар эл аралык уюмдардын адам укуктары боюнча билдирүүлөрү суу кечпейт дешет. Мисалы, өкмөт жакында БУУнун адам укуктарын жакшыртуу боюнча сунуштарын четке кагып, камактагы саясатчы же активисттердин кармалышы саясий куугунтук эместигин, өлкөдө маалымат каражаттарынын эркиндиги үчүн жетиштүү шарт түзүлгөнүн билдирген.
Өкмөт былтыр “Ислам кайра жаралуу” партиясын “террорчул” уюм деп жарыялаган. Өткөн жылы сентябрь айында баш калаа Душанбеде сегиз милиционердин өмүрүн алган атышуудан кийин бул партиянын өкүлдөрүн куугунтуктоо күчөгөн.
Быйыл май айында Тажикстанда Баш мыйзамды өзгөрүп, өлкөнү 22 жылдан бери башкарып келаткан президент Эмомали Рахмондун бийликте каалашынча калуусуна жол ачылган.
Конституциянын өзгөрүшү менен президенттикке талапкердин курагы 35тен 30га түшкөн. Айрымдар президенттин тун уулу Рустами Эмомали 2020-жылы өтчү президенттик шайлоо учурунда 33кө чыгып калаарын жазышкан. Бир нече ай мурда Рахмондун кызы, 38 жаштагы Озода Рахмон парламенттин жогорку палатасына депутат болуп шайланган эле.