Буденновскидеги будуң-чаңга чейрек кылым болду

Жикчил согушкерлердин талаа командири Шамил Басаев барымтадагылар менен. Буденновск, 17-июнь 1995-жыл

Орусиянын Буденновск шаарындагы барымта окуясына 25 жыл болду. Беш күн бою талаа командири Шамил Басаев баштаган согушкерлер бир жарым миңдей кишини жергиликтүү ооруканада туткунда кармап турушту.

Согушкерлер Чеченстандагы согушту токтотууну талап кылышкан. Терактта, расмий маалымат боюнча, 129 кишинин өмүрү кыйылган, 300дөн ашууну жарадар болгон. Тергөө азыр да уланып жатат. Айрымдар ал кандуу окуяны Орусиянын бүгүнкү тарыхындагы биринчи террордук чабуул деп атап жүрүшөт.

«Адамдарды көз алдыбызда өлтүрүшкөн»

1995-жылы 14-июнда Ставрополь крайындагы Буденновск шаарына кирип барган 200 чакты жикчил согушкер бир жарым миңдей кишини барымтага алышкан. Алар милиция бөлүмүнө, административдик мекемелерге, турак үйлөргө чабуул коюп, элди көчөлөрдө кармап кетип жатышты. Бардыгын жергиликтүү ооруканага айдап барып, өздөрү да ошол жакка кирип кетишкен.

Дал ошол жерден жоочуларды баштап жүргөн талаа командири Шамил Басаев орус бийлигине өз шарттарын коюп, федералдык аскерлерди Чеченстандан алып чыгууну талап кылган. Ошол маалда биринчи чечен согушу жүрүп жаткан кез болчу.

Барымтадагылар кармалган оорукана

Надежда Алехина дүйнөлүк телеканалдардын дээрлик бардыгы көргөзгөн кадрларда оорукананын терезесинен ак шейшеп менен кол булгап жаткан аялдардын бири. Ал 25 жылдан кийин «Настоящее время» телеканалынын кабарчысына ошол трагедияда башынан кечиргендерди эстеп айтып берди. Надежданы жолдош кызы менен дүкөнгө бараткан жеринен кармап кетишкен.

«Согушкерлер бала, аял же эркек экенине карабай туш келди аткылап, үйлөргө кирип барып барымтага алып кетип жатышты. Туткундалгандарды көчөлөрдүн бирине салып алдыга айдашты», - деп эскерет Надежда.

Каяша айткандарды же нааразы болгондорду дароо атып салышкан.

Барымтада отуруп чыккан Надежда Алехина. 6-июнь, 2020-жыл

«Мен өлүмгө бараткандай сезимден бүгүн да кутула албай келатам. Биз башкаларды өлтүрүшкөнүн өз көзүбүз менен көргөнбүз. Бизди ошол жол менен белгисиз бир жерге алып барып жатышты. Мен азыркыга чейин Буденновскидеги окуялар жөнүндө китептерди окубайм, фильмдерди көрбөйм».

17-июнда атайын кызматтардын жана Ички иштер министрлигинин аскерлери ооруканадагыларды бошотуу операциясын жүргүзүп, бирок ал ийгиликсиз аяктаган. Натыйжада 30 киши окко учкан, 70ке жакыны жарадар болгон, көбү барымтадагылар болчу, 61 киши бошотулган.

Беш күн бою туткунда кармалып келген Надежданы башкалар менен кошо согушкерлер тирүү калкан катары пайдаланышкан.

«Штурм болгондо балдар полдо жатты, октор башынын үстүнөн учуп турду. Өлүп калсак таанышсын деп, буттарыбызга калем менен аты-жөнүбүздү жазып койгонбуз. Мен азыр концлагерде болгон адамдарды түшүнүп калдым. Адегенде ата-энеңди, күйөөңдү, балдарыңды элестетесиң. Андан кийин эсиңде эч нерсе калбайт, бардыгы тезирек аяктасынчы деп калат экенсиң».

Буденновск, 19-июнь, 1995-жыл

Сүйлөшүүлөрдөн кийин, 19-июнда түшкө жуук бир нече «Икарус» автобусуна азык-түлүк, дары-дармек, жарадар болгондорун жүктөп согушкерлер артка, Чеченстанга жөнөшөт. Алар кепилдик катары өздөрү менен 123 кишини ала кетишкен, арасында өз ыктыяры менен барымтага түшүп бергендер бар болчу. Чеченстандагы Зандак айылына жеткенде Басаев баш болгон согушкерлер автобустардан түшүп калышкан. Барымтадагылар артка кайтышкан.

Надежда Алехина барымтада отуруп чыкканы үчүн ага чоң кенемте убада кылынганын, бирок 600 рубль гана алганын айтып берди.

Расмий маалыматка ылайык, ал окуяларда 129 киши каза тапкан, 300дөн ашууну жарадар болгон. Кылмышты тергөө азыркыга чейин уланып келатат. Кол салууга катышкан 30 чакты согушкер сот жообуна тартылды, ондогону дагы деле издөөдө жүрөт. Басаев 2003-жылы өлтүрүлгөн.

Буденновск кризисинен кийин Орусия бийлиги чечен жикчилдеринин кол башчылары менен сүйлөшүүлөрдү баштаган. Аскерлерди жумурияттан чыгаруу, туткундарды айырбаштоо, жоочуларды куралсыздандыруу, шайлоо өткөрүү чечимдери кабыл алынган. Бирок кийин макулдашуулардын бардыгы бузулган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​