Бээжиндин Гонконгдогу укуругу узара баштады

Гонкондогу Виктория паркына чогулгандар, 4-июнь 2020-жыл.

Гонконгдун тургундары бийликтин тыюу салганына карабай Тяньаньмэнь окуяларын эскеришти. Ал күнү Гонконгдун парламенти Кытайдын гимнине акараат келтиргендерди кылмыш жообуна тарта турган мыйзам долбоорун жактырды.

4-июндун кечинде миңдеген гонконгдуктар бийликтин эскертүүсүнө кулак салбай Виктория паркына чогулушту.

Басымдуу бөлүгүн жаштар түзгөн жоон топ эл Тяньаньмэнь окуяларынын курмандыктарына арнап шам жагып, Кытайдын бийлигин демократиялык баалуулуктарды сактоого чакырып жатышты. Чогулган элге полиция дароо чара көргөн жок. Ошентсе да эскерүү иш-чарасынан кийин бир нече адам кармалганы белгилүү болду.

1989-жылы 4-июнда Бээжиндин Тяньаньмэнь аянтында демократиялык өзгөрүүлөрдү талап кылган студенттердин дээрлик жети аптага созулган нааразылык акциясы аёосуз түрдө күч менен басылган. Ал күнү бийлик аянтка танк жана аскердик күчтөрүн киргизип, демонстранттарды кууп тараткан. Бул окуядан канча киши каза тапканы алигиче так белгисиз. Жүздөгөн, балким миңдеген адамдар мерт болгону тууралуу гана жоромолдор бар.

Кытайга баш ийген Гонконгдо жыл сайын бул окуяларды эскерген иш-чарага он миңдеген адамдар катышып келген. Бирок быйыл бийлик биринчи жолу коронавирус пандемиясын жүйө келтирип, Гонконгдогу бул иш-чарага тыюу салып койгон.

“Эскерүү иш-чарасын улантуу биздин парзыбыз. Эгер бүгүн чогулбасак, кийинки жылы чогула аларыбызбы? Аны эч ким билбейт”, - деди Виктория паркында шам жаккандардын бири Серена Чанг.

Тяньаньмэнь окуяларынын символуна айланган кадр, 1989-жыл.

Тяньанмэнь окуяларынын 31 жылдыгы Гонконгдогу демократия менен жарандык эркиндиктердин келечегине байланыштуу тынчсыздануу күчөп турган учурда белгиленди.

Эскерүү иш-чарасынын алдында Гонконгдун парламенти оппозициячыл депутаттардын каршылыгына карабай Кытайдын улуттук гимнине акарат келтиргендерди кылмыш жоопкерчилигине тарта турган мыйзам долбоорун кабыл алды. Документке ылайык, бул мыйзамдын жобосун бузгандар үч жылга чейин абакка кесилип, 6450 долларга чейин айып пулга жыгылат. Мындан тышкары Гонконгдо башталгыч жана орто мектептердин окуучулары Гимн ырдоону үйрөнүшү зарыл.

Бул Кытайдын дээрлик бир жылдан бери демократиячыл кыймылдардын демонстрациялары токтобой жаткан Гонконгдогу кезектеги жүрүшү болуп калды. Өткөн аптада эле Кытайдын Эл өкүлдөрүнүн улуттук жыйыны Гонконгдун улуттук коопсуздук маселесине байланыштуу мыйзамды кабыл алган. Бээжин ал мыйзам «терроризмге жана сепаратизмге каршы күрөш үчүн зарыл» деп билдирген.

Бирок Гонконгдогу демократиялык кыймылдар эми шаарда Бээжиндин көз карашына макул эместерди куугунтуктоо күч алып, Азиянын финансылык борборуна айланган аймактын өзгөчө статусу кагаз жүзүндө калат деп чочулашат. Андыктан бул документ Гонконгдогу нааразылык акцияларынын жаңы толкунун жаратып койду.

Мындан тышкары Бээжиндин автономиянын үстүнөн көзөмөлдү күчөтүп, шаардын улуттук коопсуздук мыйзамын кабыл алганы Батыштын кабатырлыгын күчөттү. Британия, Австралия, АКШ жана Канада Бээжиндин соңку планын сындаган бирдиктүү билдирүү жасашкан. Лондон Гонконгдун 3 миллиондой тургунуна Британияга бир жылга чейин келип жашоого уруксат бергенин жарыялады.

“Кытай үчүн асканын кырынан артка чегинүүгө, Гонконгдун автономиясына сый мамиле кылууга жана эл аралык милдеттенмелерин сактоого дагы убакыт бар. Биз кытай өкмөтүн Гонконгдун эли менен чогуу иш алып барууга чакырабыз”, - деп билдирген апта башында британ тышкы иштер министри Доминик Рааб.

Улуу Британиянын Гонконгдогу консулдугунун алдына чогулган митингчилердин бири британ паспортун көтөрүп турат, 1-сентябрь 2019-жыл.

Расмий Бээжин британ жетекчилигин Кытайдын улуттук коопсуздугуна байланыштуу маселелерине кийлигишпөөгө чакырган.

Британиянын колониясы болуп келген аймак 1997-жылы өзгөчө укуктарга ээ, демократияга жана эркиндикке кепилдик берилген атайын аймак катары Кытайдын карамагына өткөн. Бээжин Гонконгду “бир өлкө, эки система” формуласына ылайык башкара турганын, ички саясатына кийлигишпей, кеңири автономия берерин убада кылган.

Бирок гонконгдук активисттер иш жүзүндө бул убадалар суу кечпей калганын айтып жатышат. Маселен былтыр жайында Гонконгдо ири демонстрациялардын башталышына кылмышка шектүүлөрдү Кытайга экстрадициялоого жол ача турган мыйзам долбоору себеп болгон. Жергиликтүү бийлик күүлдөгөн элдин жаасынан сестенип, талаштуу документти артка чакырган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​