Гонконгдо акция учурунда ок атылды

Гонконгдогу Си Циньпиңдин тебелендиде калган сүрөттөрү. 1-октябрь, 2019-жыл.

Гонконгдо нааразылык акциясына чыккандарды тынчытууга чара көргөн учурда полиция кызматкери жеке коопсуздугу үчүн алардын бирине ок атты.

Гонконгдо Кытай бийлигине каршы жүрүштүн катышуучуларына ок атылып, бир адам жүрөк тушунан оор жаракат алды. Жергиликтүү полиция муну ырастап, офицер өзүн коргоо максатында ок атканын билдирди. Расмий маалыматтар боюнча ок тийген 18 жаштагы адамдын абалы оор.

- Ал полиция кызматкерине кол салганы үчүн камакка алынып жаткан. Биз дагы иликтейбиз. Ага карата айып коюлабы же жокпу, муну кийинки текшерүүлөр көрсөтөт, - деди Гонконгдун полициясынын башчысы Стивен Ло Вай-Чун.

Ошондой эле полиция нааразылык акциясына катышкандардын арасынан 180 адам камакка алынганын кошумчалады.

1-октябрда Бээжин Кытайдын 70 жылдык мааракесине арнап, аскердик мүмкүнчүлүктөрүн даңазалаган парад өткөрүп жаткан кезде Гонконгдо бийликтин тыюусуна карабай көчөгө чыккандардын саны он миңге жеткен.

Дагы караңыз Бээжинде майрам, Гонконгдо «аза күтүү»

Жүрүшкө чыккандар Кытай бийлигинин жарандык жана саясий эркиндикти чектеген «диктатурасына» каршылыгын билдирип, Бээжинге ыктаган бийлик башчылары кызматтан кетишин, полициянын жоопкерчилигин кароону талап кылып жатышат. Алар көчөлөрдө акциялардын символу болуп калган кол чатыр көтөрүп, башкы беш талапты эскертип колдорун жогору көтөрүп, «Гонконг менен бирге тур!» деген ураандарды айтып кыйкырышууда.

Буга чейин демонстранттар менен полиция катуу кагылышып, ондогон адам жабыркаганы маалымдалган. Күч органдары жүрүштү таркатыш үчүн көздөн жаш агызчу газды, союлдар менен желим окторду колдонуп, эскертүү иретинде асманга ок атышкан.

Гонконгдогу акыркы жагдайдан улам шаардын башчысы Кэри Лам майрамдык фейерверк аттыруудан баш тарткан. Ал эми анын орун басары Мэтью Чонг демонстранттардын аракетин мыйзамдын үстөмдүгүнө кол салуу катары баалады:

- Гонконгдо оор абал түзүлдү. Кээ бир радикал демонстранттардын аракеттери, мыйзамсыз чогулуп, жолдорду тосуп, өрт чыгарып, шаар тургундарына кол салышканы жалаң эле коомдук тартипти бузган жок. Алар мындай аракеттер менен мыйзам үстөмдүгүнө чакырык жасашты. Бул коопсуздукка, жөнөкөй адамдардын жашосуна коркунуч жаратып, экономикага да терс таасирин тийгизди.

Дагы караңыз Гонконгдогу акцияларга жүз күн

Гонконгдо нааразылык жүрүштөрү үч ай мурун ушул аймакта жүргөн «кылмышка шектүү жарандар Кытайга өткөрүлүп берилсин» деген мазмундагы мыйзам долбоору парламентке киргизилгенде башталган. Кийин шаар жетекчиси Кэри Лам долбоорду парламенттен артка кайтарып алган. Демонстранттар эми анын кызматтан кетишин талап кылып, түз шайлоо өткөрүүгө, полициянын ишинде ачык-айкындуулукту камсыздоого, демократиялык реформаларга үндөп келатышат.

Расмий Бээжин Гонконгдо жүрүштөргө чыккандарга катуу чара көрүлөрүн башынан эскертип келет. Нааразылык акциялары башталгандан бери баш-аягы миңден ашык киши кармалган.

150 жылдан ашык убакыт бою Британиянын букаралыгында турган Гонконгдун «өзгөчө укуктары бар, демократияга жана эркиндиктерге кепилдик берилген атайын аймак» катары Кытайга кайра кайтарылып берилгенине быйыл 22 жыл болот.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.