Кыргыз мамлекетин түптөөгө арналган кыска өмүр

Абдыкерим Сыдыков (1889-1938).

Сталиндик жазалоолордун жазыксыз курмандыгы болгог кыргыздын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери Абдыкерим Сыдыков (1889-1938) тууралуу чакан сөз.

Абдыкерим Сыдыков (1889-1938) совет бийлигинин тушунда кыргыз мамлекети түптөөчүлөрдүн башында турган. Ал бул ишке өмүрүн арнаган улуу инсан. 1922-жылы Түркстан автоном республикасынын карамагында Тоолуу кыргыз автоном облусун түзүү идеясын көтөрүп чыккан. Кыргыз элинин келечегин аныктаган ал идея ишке ашпай калгандан кийин да өз алдынча мамлекеттик түзүмгө ээ болуу маселесин такай козгоп, демилгени токтотпой көтөрүп келген үлкөн саясий ишмер.

Алгач партиялык жаза

Бул аракети үчүн ал партиядан чыгарылып, кызматтан алынып, куугунтукка кабылган. Бирок ага карабай күрөшүн уланткан азамат сталиндик кандуу жазалоонун курмандыгына туш келип, 1938-жылы атылып кеткен. Абдыкерим Сыдыковдун ысымы Кыргызстан эгемендик алгандан кийин гана ачык айтылып, эмгектери жарыялана баштады.

Орусиядагы 1917-жылкы кош революциядан кийин Кыргызстандын мамлекет түптөшүнө азыноолок шарттар жаралган. Большевиктер бийлиги алгач түрк калктарынын башын кошуп Түркстан автоном республикасын түзүп, а бирок ал идеясынан баш тартып, улуттук республикаларды ажырымдоого киришкен. Союздук республикалардын катарына Кыргызстандын да кошулушуна Абдыкерим Сыдыков баш болгон кыргыз интеллигенциясынын алгачкы мууну опол тоодой эмгек өтөгөн. Анын өз алдынча республика болушуна ачык-тымызын каршы тургандар ал кезде деле жетиштүү болгон. Алар кандай да болсо Абдыкерим Сыдыковду ээрден тартып түшүрүш үчүн колунан келишинче аракет кылышкан. Сыдыков кыргыздардын өз алдынча мамлекет болушуна умтулуп, өзбек же казак республикаларынын карамагындагы автономиялык түзүм бойдон калышын каалаган эмес. 1920-жылдардагы Кыргызстандагы саясий күрөш өз алдынча республика болуу, жаңы типтеги мамлекеттин жерпайын түптөө маселесинен чыккан. Ошо кезде деле бакырчаак саясатчылар кыргыздардын өз алдынча мамлекет болушуна ишенбей, Абдыкерим Сыдыков баштаган топтун аракетине каршы чыгып, Москвага арыздарды жаадырып, кандай да болсо бийлик тизгинине ээ болуштун аракетин кылган.

Тарых илимдеринин доктору, профессор Зайнидин Курманов - 1920-жылдардагы Кыргызстандагы саясий күрөштүн кандай жүргөнүн иликтеп, көлөмдүү монография жарыялаган илимпоз. Анын айтуусунда, Абдыкерим Сыдыков тилектештеринин арасынан саясий тажрыйбасы, сергек акылы, улуттун тагдыры үчүн жан аябай күрөшкөндүгү менен кадимкидей айырмаланып турган.

Зайнидин Курманов.

- Анткени ал ошол кездеги ишмерлердин арасынан эң акылдуусу, тажрыйбапуусу, лидери болгон. Көп долбоорлордун демилгечиси, кыргыз саясий элитасынын кыймылдаткычы, локомотиви болгон. Жети-Сууда иштеп жүргөндө Жусуп Абдырахмановду уруштан алып калган. "Бу кыргыздын жигити мыкты экен, урушта мерт болуп кетсе болбойт" деп уруштан бошотуп Алматыга алып келип комсомолдук ишке киргизген. 1921-22-жылдары Кыргыз автоном тоолуу облус демилгеси чыкпадыбы. Ошол иштин 90% Абдыкерим Сыдыков аткарган. Сыдыковдун тобуна киргенге көбү кызыкчу. Анткени ал жерге дурус адамдар чогулган болчу. Тигилер авантюрист болуп атпайбы.

Кыргыз мамлекетинин тагдыр чечер суроосуна келгенде жаңы бийликтин камчысын чапкан топтордун арасында токтолбой жүрүп келген күрөш-тирештер Абдыкерим Сыдыковго ыктаган топтун кыйла убакты-саатын алган. Чоң борборго тынымсыз каттар жазып, калың букара калктын таламын жалгыз өздөрү гана жактагандай көрүнгөн Бабаханов менен Кудайкуловдун тобун ал кезди бийлик башындагылар да ачык-тымызын колдоого алып, ич ара тымызын атаандашуу, күрөш күчөп кеткен.

Дос-душманы аралаш катаал мезгил

Өз элинин болочок тагдырын, келечегин так аныктаган акылы зирек азаматтын досторуна караганда душмандары көп болот эмеспи. Абдыкерим Сыдыков сындуу башкаларга караганда кыйла алдын көрө билген нукура мамлекеттик ишмердин тагдыр жолу бир алдын кызык, экинчи жагынан оор болуп жатышы ошондон. Өз улутунун келечегине чындап кам көргөн, башкалар менен теңата мамлекет куруп, экономикалык-маданий өнүгүү жолуна түшүшүнө умтулган алгачкы муун интеллигенция өкүлдөрүнүн көпчүлүгү мурдагы башкаруучулардын укум-тукумдарынан болгон.

Туура, Абдыкерим Сыдыков манаптын тукумунан. Кара курсакты кантип кампайтуу абыгерчилигинен алыс турган, кичине кезинен билим алуу мүмкүнчүлүгүнө жетишип, жер-жерлерде утурумдук мектеп ачып, улутташтарынын сабатынын ачылышына салым кошкон. Падышалык орус акимчилигинин жергиликтүү калк өкүлдөрү гана тартылчу кеңсе жумуштарында иштеп, Орусияда бийлик алмашканга чейин турмуштун аки-чүкүсүн билип, кадыресе такшалып калган болчу. Кийин бийлик алмашканда кыргыз-казак азаматтарынын “Алаш-Ордо” партиясынын Пишпектеги бөлүмүн ачууга катышкан. Орус падышалыгы кулап, ордуна келген утурумдук өкмөттүн тушунда, кийин большевиктер бийлиги таканчык ала элек кезинде өз алдынча мамлекет куруу идеясын көтөрүп чыккан саясий ишмерлердин катарында жүргөн.

Абдыкерим Сыдыков тууралуу китептер.

Мына ушул жагдай анын каршылаштарына кийин ар кыл айып-кинелерди коюуга негиз берген, сталиндик репрессиянын капшабына кабылып, жаш кезинде атылып кетишине алып келген. Түпкүлүгүндө изги идеяны алдыга жайган “Алаш-Ордо” партиясы жоюлуп, 1918-жылдан тартып Түркстан республикасынын курамынан өз алдынча улуттук мамлекет куроо аракети башталып, Абдыкерим Сыдыков 1922-жылы толуу кыргыз автоном облусун түзүүгө киришет.

Жазалоо тоолуу облус түзүүчүлөрдөн башталган

Жер-жерлерден өкүлдөр келип, уюштуруу иштери дурус жүргүзүлгөнү менен, курултайдын чечимин Ташкен менен Москвада отурган партия жетекчилери тааныбай, иш жыйынтыксыз аякталган. Уюштуруу жыйынынын башчысы Абдыкерим Сыдыков Жети-Суу облустук аткаруу комитетинин төрагалыгынан бошотулуп, партиядан чыгарылган. Үч жыл ичинде үч жолу большевиктер партия катарынан чыгарылып, кайра калыбына келтирилген. Сыдыковдун каршылаштары аны "бай-манаптын тукуму, 1916-жылкы улуттук-боштондук күрөш учурунда орус акимчилигинин катарында болгон" деп айыпташкан. 1924-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусу Орусиянын курамында түзүлгөн. Абдыкерим Сыдыков башында турган кыргыз азаматтарынын мына ушул туура кадамынын негизинде кийин автономдук республика 1936-жылы союздук республика болуп калган. Абдыкерим Сыдыковду партиянын катарынан чыгарып, кызматтан алган куугунтуктар дээрлик токтогон эмес. Кызматтан четтетилген Сыдыков бир топ жыл Ташкендеги Орто Азия университетинде (САГУ) окутуучу, илимий кызматкер болуп иштөөгө мажбур болгон. 1932-жылы Пишпекке келип Мамплан төрагасынын орун басарынын кызматына дайындалып, бирок бир жылдан кийин камакка алынып, "улутчул-контреволлюциячыл уюмдун жетекчиси болгон" деп айыпталып, 10 жылга эркинен ажыратылган. Өкүмзор бийлик аны менен эле чектелбей, 1938-жылы Социал-Туран партиясынын уюштуруучуларынын бири катары айыптап, өлүм жазасына тартылган. Өкүм 1938-жылдын 18-февралында ишке ашырылган. Кыргызстандын келечеги үчүн өмүрүн арнаган улуу инсанды 49 жашында жок кылышкан.

Абдыкерим Сыдыковдун кыргыз мамлекети үчүн жасаган эмгегинин барк-баасы миллиондогон бейкүнөө азаматтарды жок кылган коммунисттик тоталитардык система урап түшкөндөн кийин ачык айтылып, калыс баасы берилди. Белгилүү илимпоз Кыяс Молдокасымовдун маалыматына караганда, Абдыкерим Сыдыков кыргыз элинин келечеги деп жолун тооруган тоскоолдордон чочулабай, башын канжыгага байлап, күрөшүн уланткан. ​

Кыяс Молдокасымов.

- Алматыдагы архивдерден Абдыкерим Сыдыковдун өз колу менен жазылган орусча-кыргызча документтерди таптым. Анын аябай тыңдыгын падышалык администрация да жактырбай күнөөлөп, жазалаган учурлары болгон. Кийин совет бийлиги келгенде мамлекет башкарган билимдүү элитанын туу башында турган. Кыргыздардын арасынан Жети-Суу облусунун аткаруу комитетинин башчысы болгон чоң кызматка ал кездеги кыргыздардын арасынан бирөө да жетишкен эмес. Ошол кызматында жүрө берсе деле болмок. Бирок ал намысчыл экен, "коңшу калктар өз мамлекетин куруп атса, байыркы кыргыздын мамлекети болбой калабы" деп аракеттене баштады. Тоолуу облус демилгечилеринин башында турган. Алматыда гезитке кара кыргыздар тарыхына арналган очерк жазып, аны жарыялаган.

Абдыкерим Сыдыковдун саясий ишмердигинен тышкары илимий иштерин да белгилей кетиш керек. Борборун азыркы Кочкор кыштагына орнотуп, Тоолуу кыргыз автоном облусун түзүү демилгеси үчүн кызматтан алынып, андан кийин Кара-Кыргыз автоном республикасынын партия жетекчиси Каменскийдин ишин катуу сынга алган “отуздун каты” деген кайрылууга кол койгону үчүн Ташкенге САГУга кетүүгө аргасыз болгон илимпоз айыл чарба факультетинде окутуучу, кийин Орто-Азия пахтачылык институтунда декандын орун басары болуп иштейт. 1932-жылы кайра Пишпекке чакырылып, Мамлекеттик пландоо комитетинин төрагасынын орун басары кезинде жалган жалаа менен камакка алынып, атылып кеткен. Ташкенде иштеп жүргөндө Абдыкерим Сыдыков “Кыргыз элинин өнүгүү тарыхынын кыска очерки” деген чакан китепчесин 1926-жылы, бир жылдан кийин “Кыргыздардын уруулук бөлүнүштөрү” деген китебин, 1930-жылы “Көчмөн калктарда малды кармоону уюштуруу” деген, андан соң “Орто Азиядагы жут жана тоюттун жетишсиздиги жөнүндө. Тарыхый мүнөздөмө” деген китебин жарыкка чыгарган. Абдыкерим Сыдыковдун айрым эмгектери 1992-жылы гана жарык көрдү.

Абдыкерим Сыдыковдун өмүрү жана ишмердиги тарыхчылар Зайнидин Курмановдун, Субакун Бегалиевдин, Владимир Плоскихдин, Жеңиш Жунушалиевдин, Эгемберди Маанаевдин жана башкалардын эмгектеринде изилденген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.