Ушундан улам ар бир өрөөндүн тарыхый инсандарынын таржымалын көркөм тасмага айландыруу жаатында атаандаштык жүрүп жатканы айтыла баштады.
Кыргыз тарыхында Алымбек датка XIX кылымдын орто ченинде көтөрүлүп чыккан көрүнүктүү мамлекеттик ишмер катары калган. Тарых илиминин кандидаты Темир Асановдун айтымында, Алымбек датка өз доорунда Кокон ордосунун таасирдүү жакшыларынын бири болуп, кийин тарыхый шарттан улам кыргыз элин бириктирүүгө белсенген:
- Ошол кезде Алымбек датка Кокон хандыгы менен орустардын ортосунда болгон кагылышууда кокондуктардын орустарга күчү жетпей турганына көзү жетип, согуш талаасынан чыгып кетет. Мындан улам Кокон хандыгы менен болгон мамилеси бузулат. Ушундай учурда Адигинеден чыккан Алымбек түндүк Кыргызстандагы жакын тууганы - Тагайдан тараган манаптар менен сүйлөшүү жүргүзүп, кандайдыр бир деңгээлде элди бириктирем деген чакырык менен чыккан.
Адистин айтуусунда, Алымбек датканын кыргыз элин бир жагынан Кокон бийлиги, бир жагынан орус бийлиги кысып турган учурда “Кыргыз мамлекетин түптөсөк, бириксек”, - деген демилге менен чыгышы орус падышачылыгын да чоочутуп, анын саясий салмагын арттырган.
Бул өңдүү артында из калтырган тарыхый инсандарды тасмага түшүрүү демилгелери быйыл айрыкча жанданды. Бирок жеке тарыхый инсандар тууралуу кино тартуу демилгесин сындагандар да чыгууда. Алардын бири - Кыргыз эл артисти Болот Шамшиев.
Таанымал режиссердун пикиринде, учурда мындай тасмалардын көбү улуттук киноискусствого, тарых таанууга салым кошуу максатында эмес, жеке кызыкчылыктардын жана региондук атандашуулардын айынан келип чыгууда:
- Мисалы, Шабдан баатыр, Алымбек датка тууралуу тасма тартууну алардын жердештери, туугандары көтөрүп чыкты. Алымбек датка жөнүндө кино тартуу “Курманжан датка” фильминин тартылышына каршы болгон Алымбек датканын жактоочуларынын идеясы окшойт. Чындыгында Шабдан баатыр да, Алымбек датка менен Курманжан датка да XIX кылымдын орто ченинде жашап өткөн тарыхый инсандар. Бул доор боюнча Төлөгөн Касымбековдун мыкты романы бар. Эгер мамлекет ошол доор тууралуу тасма тарткысы келсе анда Касымбековдун романынын негизинде сценарий жазып, сериал тартса болмок.
Болот Шамшиев өзү “Сынган кылыч” романы боюнча тасма тартуу демилгесин СССР мезгилинде эле көтөрүп, кезинде Төлөгөн Касымбеков менен чогуу аталган романдын негизинде сценарий жазууга киришип, эгемендик жылдары да өкмөткө бул сунушун жөнөтүп, бирок жооп албай жүргөнүн айтты.
Кино жаатында буга чейин “Шабдан баатыр”, андан кийин “Тайлак баатыр” тасмасы тартылары маалымдалган. Бирок экөө тең тартылбай турат. Аталган тарыхый тасмаларга келип түшкөн сценарийлерди караган эксперттик комиссиянын мүчөсү, Кыргыз Эл жазуучусу Мар Байжиев учурда тарыхый тасма жаратууга мамлекеттик деңгээлде кесипкөй мамиле жасалбай жатканын айтты:
- Мен муну айтып эле жатам. Эптеп-септеп эле акча алмай да. Сценарийлердин баары менин колумдан өтүп жатат. Окусам ал чыгармаларда башкы каармандын өзү жок. Жеткиликтүү ачылып берилген эмес. Шабдан баатырды канча жолу талкууладык. Окусаң эле Шабдан баатырдын өзү жок. Башкы каарман ошол учурда кыргыз элине эмне иш кылып берди, кайсы эмгеги менен тарыхта калды, ушул суроолорго жооп табылбай жатат. Сценарийди тарыхый окуялардын негизинде жазыш керек эмеспи. Булар чыгарманын негизинде тарых жазып жатышат.
Ушундан улам Байжиев тиешелүү адистер тарыхый инсандар тууралуу тасма тартуу керекпи же жокпу деген маселени тактап алышы керек деп эсептейт. Адистин пикиринде, тарыхый инсандар тууралуу көркөм тасмага караганда даректүү тасма жаратып, каалоочуларга сунуштап, мектеп программасына киргизсе, алда канча майнаптуу болмок.
Кинематография департаменти "Алымбек датка" толук метраждуу тасмасынын сценарийи үчүн жарыяланган сынакка катышуучулардын арызы 30-июлга чейин кабыл алынарын маалымдады. Сынактын жыйынтыгы 15-августка чейин чыгат.