Темир тор артындагы бүтүрүүчү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстандагы өспүрүмдөр колониясында акыркы коңгуроо кечеси өттү. Балдар түрмөсүнүн мектебинде быйылкы окуу жылында кылмыш жоопкерчилигине тартылган жана шектүү катары тергөө абагында кармалып турган 24 окуучу билим алган. Алардын бирөө мектепти абакта аяктады. Ал эркиндикке чыгуу жана болочок кесиби тууралуу кыялдары менен бөлүштү.