Мал арасында чоңойгондор аз ооруйт

Каркыра жайлоосу

Даниядагы Архус университетинин окумуштуулары мал баккан чарбаларда чоңойгон адамдардын саламаттыгы шаардыктарга караганда бекем болорун аныктады.

Фермада чоңойгондордун иммунитети Крон оорусу жана жугуштуу илдеттердин ар кайсы түрүнө туруштук бере алат. Бул изилдөө European Journal of Epidemiology журналына жарыяланган. Изилдөө 60 жылга созулуп, ага 1952-жылдан бери төрөлгөн кишилер катышкан. Ошол мезгилде айылда төрөлүп, жашоосунун алгачкы беш жылын мал же дыйкан чарбаларында өткөргөн адамдарда азыр аллергиянын түрлөрү, шаардыктар көп жабыркаган дем алуу органдарынын илдеттери аз катталган. Окумуштуулар кишинин иммундук системасы ал төрөлгөн алгачкы 5 жылда калыптанарын, ошол мезгилде анын саламаттыгына курчап турган чөйрөнүн таасири тиерин белгилешти. Шаар менен айылдын аймагындагы микробиологиялык акыбал адамдын организми үчүн да өтө маанилүү. Айылда жаш бала бактерияларга көп аралашып, алардан коргонуучу иммунитети артат. Шаарда бул мүмкүнчүлүк жок. Акыркы мезгилде Данияда Крон оорусу менен жабыркагандардын саны артып, 50 миңге жеткен. Мунун себеби да өлкөнүн ашыкча урбандашып кетүүсүндө болушу ыктымал дешет аталган изилдөөгө катышкан окумуштуулар.

Кумсаларга дары колдонуу кеӊеши

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму кумсаларды ВИЧ-инфекциясына каршы дарыларды ар дайым ичип жүрүүгө үндөдү. Акыркы 10 жыл ичинде ВИЧ кумсалардын арасында өзгөчө жайылып баратканы кабарланууда. Уюмдун маалыматы боюнча, кумсалардын арасында илдетти жуктуруп алуу коркунучу 19 эсеге жогору. Кумсалар ВИЧти ылдам жуктура турган кооптуу топтун курамына кирет дейт уюм. Андыктан илдетке каршы дарыларды оорубаса деле ичип турса аны жуктуруу ыктымалы 92 пайызга төмөндөп, дүйнөдө анын жайылуусун 25 пайызга жайлатат. Мындай ыкма ВИЧтин глобалдык эпидемияга айлануусуна тоскоол болчу эң жакшы жол болору белгиленди.

Футболчулардын тагдыры дарыгердин чечиминде

Lancet журналында мээсинен жаракат алган футболчунун кайрадан оюн талаасына кайтуусуна көз карандысыз врачтар чечим чыгарышы керек деген макала жарык көрдү. Мурда бул чечимди футбол командасынын машыктыруучусу чыгарчу. Жыгылып, башынан жаракат алган футболчунун Дүйнөлүк Чемпионат сыяктуу олуттуу оюндарда кайрадан беттешке чыгуусу кадыресе көрүнүш эле. Бразилияда өткөн Дүйнөлүк Чемпионатта Англия менен Уругвай командасы беттешип, Уругвайдын чабуулчусу Альваро Перейра башынан жаракат алгандан кийин кайрадан оюнга чыгам деп чыр салган. Көз карандысыз догдурлар тобу ага ойногонго тыюу салды. Жараат алган мээни эс алдырбай кайрадан чыңалтуу дементия, акыл-эстин бузулуусу сыяктуу бир топ неврологиялык кыйынчылыктарга жол ачат. Баш айлануу жана ооруксунуу көпкө созулбаганы менен мээнин травмасы өтө жай айыкчу, убакытты талап кыла турган дарт дешет илимпоздор.

Безгек митеси чучукту жабыркатат

Окумуштуулар безгектин мителери кишинин чучугуна чейин кирип, организмдин ага каршы күрөшүн бир топ солгундатарын аныкташты. Science Translationa Medicine журналындагы макалада Гарвард университетинин илимпоздору безгектин ачкычын тапканын кабарлашты. Жыл сайын дүйнө жүзүндөгү 600 миңдей кишинин өлүмүнө себеп болгон безгек чиркейдин чагуусунан жугат. Чиркейден адам денесине кирген мителерден табуу өтө кыйын болуп келген. Эми анын чучукка кирип, иммундук системаны аз убакта өлтүрөрү белгилүү болду. Сахара чөлкөмү менен Африкада кулач жайган безгек курмандыктарын азайтуу үчүн бул изилдөөнүн мааниси өтө чоң дешүүдө.