Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:52

Көк чайдын дарылыгы далилденди


Ысык чай.
Ысык чай.

Биз ичкен кадимки көк чай эс-тутумду жакшыртаарын швейцариялык илимпоздор аныкташты.

Кадимки көк чай ден соолукка пайдалуу деп көп эле угуп жүрөбүз. Бирок азыркыга чейин буга эч кандай илимий далил жок болуп келген. Өткөн айда швейцариялык окумуштуулар көк чай адамдын эс-тутумун жакшыртат деген тыянакка келишти. Базель университетинин илимпоздору бир нече тажрыйбадан кийин көк чай когнитивдик функцияларга, айрыкча эс-тутумга оң таасир берээрин аныкташты.

Бул ачылыштын жардамы менен окумуштуулар когнитивидик жана психикалык ооруларды жана деменц илдетин айыктырууга болоорун кабарлашты. Профессорлор Кристоф Беглиңгер жана Штефан Боргвардт билдиргендей, көк чай мээдеги нерв жипчелеринин байланышын жакшыртат. Базелдик окумуштуулардын бул ачылышы апрелде "Психофармакология" журналында жарык көрдү.

Эске тутууну жакшыртуудан башка, көк чайда төрт пайдалуу – антиоксидант, антиканцероген, шишикке жана нурланууга каршы элементтер бар. Көк чайдагы антиоксиданттын көлөмү С жана Е витаминдеринен арбын. Антиоксидант организмдеги ашыкча туздарды чыгарып, гиңко билоба деп аталган экстракттардан да күчтүү.
Бир пиала чай, Ташкент, Өзбекстан, 14.01.2014.
Бир пиала чай, Ташкент, Өзбекстан, 14.01.2014.
Көк чайдагы антиканцероген, же ракка каршы заттар рак клеткаларынын өрчүшүн басаңдатат. Тагыраак айтканда, көк чай рак клеткаларынын көбөйүшүнө бөгөт коюп, алардын өзүн өзү жок кылуусуна жол ачат.

Кыпындай электрокардиосимулятор

Медицина тармагындагы биотехнологияга кайрылсак, америкалык окумуштуулар дүйнөдөгү эң кымындай электрокардиосимуляторду ойлоп табышты. Электрокардиосимулятор – жүрөктүн бир калыпта кагуусуна көмөк берчү жабдык. Миннеаполис жүрөктү изилдөө институтунан Micra TPS деген электрокардиосимулятор Миннесота штатында бейтапка орнотулганын кабарлашат.

Профессор Чарльз Горник билдиргендей, Micra TPS электрокардиосимуляторунун көлөмү болгону эки сантиметр. Башкача айтканда, бул жаңы жабдык адаттагы кардиосимуляторлордон он эсе кичине. Учурда кеңири колдонулган электрокардиосимуляторлор жүрөктүн тушуна, теринин астына орнотулат. Кээде адамдын организми бул аспапты өгөйлөйт.
Желим жүрөк (иллюстрация).
Желим жүрөк (иллюстрация).

Ал эми жаңы эки сантиметрдик электрокардиосимулятор кан тамыр аркылуу бейтаптын жүрөгүнө орнотулат. Башкача айтканда, тамырга укол сайган өңдүү ишке ашат. Micra TPS кан менен кошо жүгүрүп отуруп, жүрөктүн ички бетине жайгашат. Андагы кыл сымал зымдар жүрөккө электр импульстарын жөнөтүп, организмдин "мотору" саналган органды бир калыпта соктуруп турат. Азыркы тапта дүйнө жүзүндө 780 бейтап бул илимий тажрыйбага катышууда.

30 секундда заряддалган батарея

Соңунда дагы бир технологиялык ачылыш. Баарыбыз эле чөнтөк телефондун батареясы түгөнүп, аны заряддоого шашылган учурларыбыз көп. Тель-Авивде израилдик окумуштуулар нанотехнологиянын жардамы менен 30 секундда заряддалган батареяны ойлоп табышты.

StoreDot аттуу чакан ишкана чыгарган батареянын жардамы менен биротоло кубаты түгөнгүп калган Samsung телефону 26 секундда 100 пайызга заряддалды. Аты жок супер батарея үч жыл ичинде сатыкка коюларын израилдик фирма кабарлады.

Жаңы муундагы смартфондор узундугу 8.5 жана туурасы 5.5 сантиметр батарея менен жабдылышы толук ыктымал.
"Самсуң Гэлекси Раунд" смартфону.
"Самсуң Гэлекси Раунд" смартфону.

Бул батареялардагы биоорганикалык заттар 10 жыл мурда кокустан эле аныкталып калган. Андагы нано-кристаллдардын өз алдынча куралган касиети окумуштууларды таң калтырган. Израилдиктер ойлоп тапкан батареялар пептид молекулаларынан жасалган катуу жана тоголок наночекиттерден (nanodots) турат.

Бул батареялар кадимки батареялардан 40 пайыздай кымбат болоорун аны иштеп чыккан профессор Дорн Мейресдорф билдирди.

Көк чай эс-тутумду жакшыртат
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:30 0:00
Түз линк
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG