Эрдоган: Хашогжини өлтүрүү атайын пландалган

Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган парламентте сүйлөп жатат. Анкара. 23-октябрь, 2018-жыл.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган саудиялык журналист Жамал Хашогжини (Хашогги) өлтүрүү күн мурунтан пландалганын билдирди. Бул тууралуу ал шаршембиде өзү жетектеген АК партиянын парламенттеги жыйынында айтты.

Ал арада Стамбулдагы токтотмолордун биринде консулдукка таандык машине табылды. Түрк маалымат каражаттары анын ичинде Хашогжинин кийимдери болушу мүмкүн экенин боолголоп жазып жатышат. Ал эми Эр-Риядда Сауд Арабиясынын падышасы журналисттин уулун кабыл алып, ага көңүл айтты.

Эрдоган: Хашогжинин сөөгү кайда?

Режеп Тайып Эрдогандын 23-октябрда парламентте жасаган билдирүүсү Сауд Арабиясынын журналисттин өлүмү боюнча буга чейинки түшүндүрмөсүнө карама-каршы келет. Анткени расмий Эр-Рияд Жамал Хашогжи консулдуктун ичинде кокустан чыккан “мушташта” мерт болгонун билдирсе, Эрдоган аны өлтүрүү алдын ала пландалганын айтып жатат. Түрк лидери парламентте сүйлөп жатып Саудиянын бийлигин журналистти өлтүрүүнү пландагандарды даражасына карабай ачык айтууга, кыянат окуя түрк жергесинде болгон үчүн күнөөлүүлөрдү Стамбулда соттоого чакырды.

- Сауд Арабиясы журналист өлтүрүлгөнүн ырастоо менен маанилүү кадам жасады. Учурда биз төмөнкү жана жогорку даражадагы бардык күнөөлүү адамдардын аты-жөнү ачыкка чыгышын жана алардын жоопкерчиликке тартылышын каалап жатабыз, - деген түрк президенти өз билдирүүсүндө “киши өлтүрүү” деген сөздү 15 жолу колдонду.

Антсе да Эрдоган ханзаада Мухаммедин бин Салмандын атын өз билдирүүсүндө бир да жолу оозанган жок. Ал эми падыша Салман бин Абдел Азиз бул окуя боюнча маалыматы жок экенине чын ыкластан ишенерин белгиледи. Түрк президентинин айтымында, 1-2-октябрь күндөрү жалпысынан Саудиянын 15 жараны үч топко бөлүнүп Стамбулга учуп келген. Алардын үчөө Белград токоюнда чалгындоо иштерин жүргүзгөн жана баары тең журналист өлтүрүлгөн күнү кезеги менен консулдукка кирип чыгышкан.

- Эмне себептен 15 киши Стамбулга журналист өлтүрүлгөн күнү чогулду? Биз жооп издеп жатабыз. Эмне себептен консулдук тинтүү үчүн дароо уруксат бербей, бир күндөн кийин берди? Жооп жок. Киши өлтүрүү анык болуп тургандан кийин мынча ыраатсыз билдирүүлөрдүн эмне кереги бар эле? Өлтүрүлдү деген адамдын сөөгү эмнеге ушул убакка чейин табыла элек? -деген Режеп Тайып Эрдоган өз сөзүндө Хашогжи “жапайы киши өлтүрүүнүн” курмандыгы болгонун да кошумчалады.

Журналист Жамал Хашогги. Бахрейн, Манама. 15-декабрь, 2014-жыл.

​​Президенттин парламентте жасай турган билдирүүсү тууралуу Түркияда күн мурун жарыяланып, анда саудиялык журналисттин өлүмү тууралуу "кашкайган чындык ачык айтылары" да маалымдалган. Анткен менен Эрдоган буга чейин басма сөз каражаттарына чыккан такталбаган маалыматтарды гана ырастагандай болду.

Консулдуктагылар Хашогжинин изин жоготууну көздөгөнүнүн далили катары 22-октябрда CNN түрк каналы коопсуздук органдарынан алынган видеону көрсөттү. Анда кудум журналистке окшош адам консулдуктун имаратынан чыгып баратканы чагылдырылган. Ал Хашогжинин кийимин кийип, жасалма сакал жабыштырып, кара көз айнек тагынып алган. Ал киши таксиге отуруп шаардын борборуна барганы да көчөдөгү камераларга түшүп калган.

"Саудия терең иликтөө жүргүзүүгө умтулат"

Сауд Арабиясынын бийлиги үч жумага созулган карама-каршылыктуу билдирүүлөрдөн кийин 22-октябрда журналист консулдуктун ичинде өлтүрүлгөнүн ырастаган. Алгач падышачылык Хашогжи консулдукка 2-октябрда кирип, бир нече сааттан кийин гана чыгып кеткенин жана ал тууралуу башка маалыматы жок экенин билдирген.

19-октябрда расмий Эр-Рияд журналисттин өлүмүн ырастап, ал мушташта мерт болгонун жарыялаган. Андан кийин гана Хашогжи өлтүрүлгөнүн, бирок бул тууралуу жогорку бийлик кабарсыз болгонун билдирди. Анткен менен падышалык журналисттин сөөгү кайда экенин ушул күнгө чейин ачыкка чыгарбай келет.

Сауд Арабиясынын тышкы иштер министри Абдел ал-Жубейра 23-октябрда Индонезиядагы сапарында анын өлкөсү бул окуя боюнча калыс жана ачык иликтөө жүргүзүүгө умтулаарын билдирди:

- Падыша Салман бин Абдулазиз жана тактынын мураскери, ханзаада Мухаммед бин Салман экөө тең иликтөө кылдат өткөрүлүп, бардык чындык ачыкка чыгышын каалашат. Алар ошондой эле окуяга тиешеси бар адамдар жоопкерчиликке тартылып, мындай окуя эч качан кайталанбашын камсыз кыла турган механизмдер түзүлүшүн көздөшөт.

Сауд Арабиясы өз иликтөөсүнүн жыйынтыгында “кылмышка тиешеси бар” деп шектүү катары 18 адамды камакка алганын жана ханзааданын эки жардамчысы иштен кетирилгенин билдирген. Бирок падышачылыкты сындагандар бул аракеттер бийлик ханзаада Мухаммедди жоопкерчиликтен куткаруу аракети болуп жатканын айтышууда. Анткени алар бийликтеги Ал-Сауддардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн макулдугу болмоюнча эч кандай чечим кабыл алынбай тургандыгын айтышат.

Мухаммед бин Салман инвестициялык форумда отурат. Эр-Рияд, 23-октябрь, 2018-жыл.

Бул окуяга байланыштуу АКШнын Борбордук чалгын кызматынын башчысы да ушул тапта Түркияда жүргөнүн Ак үйдүн өз атын атабаган өкүлү AP агенттигине билдирди. АКШнын президенти Дональд Трамп падышалыкты катыра сындап жүргөн “The Washington Post” басылмасынын кабарчысынын өлүмү боюнча Сауд Арабиясы берген түшүндүрмөгө канааттанбаганын 22-октябрда айткан. ​

Бойкоттолгон "Чөлдөгү Давос"

Журналисттин өлтүрүлүшүнө байланыштуу “Master Card”, “Ford”, “Uber”, “Google”, “Goldman Sachs” жана башка бир катар эл аралык компаниялардын жетекчилери 23-октябрда Эр-Риядда башталган үч күндүк инвестициялык саммиттке катышуудан баш тартышты. “New York Times”, “Bloomberg”, CNN сыяктуу медиалар журналисттерин жибербей коюшту. АКШнын финансы министри, Британиянын эл аралык соода боюнча министри да бул иш-чарага катышпай тургандыгын өткөн жумада эле билдиришкен.

Саудиянын энергетика министри Халид Ал-Фалих жыйындын ачылышында сүйлөп жатып учурда Сауд Арабиясы оор күндөрдү башынан кечирип жатканын билдирди:

- Түркияда болгон кайгылуу жана алгылыксыз окуяга байланыштуу баарыбыз оор күндөрдү башыбыздан өткөрүп жатабыз. Падышачылыктагы бир да адам, жогорку бийликтен тартып, карапайым тургундарга чейин бул окуяны актай да албайт, түшүндүрө да албайт. Биз баарыбыз бул окуя боюнча жаман болуп турабыз. Албетте, падыша иликтөө жүрүп, жоопкер адамдар өз жазасын аларын баарына жеткиликтүү кылып айтты.

Сауд Арабиясынын падышасы Салман бин Абдел Азиз, ханзаада Мухаммед бин Салман Хашогжинин уулун кабыл алып жатышат. 23-октябрь, 2018-жыл. Эр-Рияд.

​Падышачылык консулдуктагы окуядан улам Батыш мамлекеттеринин кескин сынына кабылды. Германиянын канцлери Ангела Меркел Саудиядан толук түшүндүрмө талап кылып, маселенин түйүнү чечилмейинче Сауд Арабиясына курал экспорттоого уруксат бербей турганын айтты. Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо "Эр-Рияд менен коргонуу тармагындагы бир нече миллиард долларлык келишимдерди токтотуп коебуз" деп эскертти.

Кийинки кездерде АКШда жашап, “The Washington Post” басылмасына Ал-Сауддардын бийлигин сындаган макалаларын жарыялап келген Жамал Хашогжи 2-октябрда Сауд Арабиясынын Стамбулдагы консулдугуна кирген боюнча дайынсыз жоголгон. 23-октябрдын кечинде Стамбулдагы токтотмолордун биринде Саудиянын консулдугуна таандык машине табылды.

Дипломатиялык номурлары бар Е-класстагы, “Mercedes-Benz” үлгүсүндөгү автоунаада Хашогжинин кийимдери бар болушу мүмкүн экенин түрк медиалары боолголоп жазып жатышат. Ушул эле күнү Эр-Рияддагы Ямама сарайында падыша журналисттин уулу Салахты кабыл алып, ага көңүл айтты. Жолугушууга ханзаада Мухаммед бин Салман да катышты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.